Өткөн жумада өзүн "кыргыздын деми" атаган Гүлзат Мамытбек мечитке баргандагы видеосун жарыялаган. Анда ал жакында турмушка чыгарын, абдан толкунданып жатканын жана мечитке дуба кылганы келгенин айткан. "Голливуд жылдызы Том Крузга турмушка чыгам" деген ырчы айымдын бул жаңылыгы көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды. Көрсө, Гүлзат Том Круз болбосо да, Голливудду багындырууну максат кылган Хуан аттуу мырзаны тааптыр.
– Мен октябрь айынын аягында досторумдун чакыруусу менен Эквадорго клип тартканы баргам. Алар англисче көп билишпейт. Досумдун Америкадан келген иниси бизге котормочу болуп берди. Кызыгы, ал мени дароо эле жактырып калды. Мен "Хуан, сенин максатың кандай?" десем "Голливуд, Оскар" дейт. "Менин да кыялым ошондой" деп бири-бирибизге жакын боло түштүк. Анан өзүмдүн жигиттерге болгон 40 талабымды карасам, баарына төп келди. "Экөөбүздүн максаттарыбыз бир экен, эми чогуу жетели" деп менден сурабай эле чечип койду. Ошентип бат эле ортобузда сүйүү жаралып кетти. Хуандын кесиби режиссёр, Эквадордо төрөлгөн, учурда Америкада жашайт. Менден бир жаш кичүү. Мурун үйлөнгөн эмес, балдары жок. Ага айттым: "Айланайын берекем, бизде нике жок үй-бүлө курганга болбойт. Мен балдарымды өзүм чоңойтуп, тарбия беришим керек, Кыргызстанды көтөрүшүм керек, мекенимден көчүп кете албайм",- деп. Сүйгөнүм да менин шартыма көнүп Кыргыз жерине аттанып жатат. Буюрса, келгенде баш кошуп, максаттарыбызды чогуу ишке ашырабыз дейт,- Гүлзат Мамытбек.
star@super.kg
Мен колдоочуларынан эмесмин мунун, бирок каршы чыгууга да акым жок! Бактылуу болушсун!