Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл


2019-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

  1. ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ БОЮНЧА 2019-ЖЫЛ 5-ФЕВРАЛДАН БАШТАЛАТ

    2019-жыл чыгыш гороскобундагы аяктоочу цикл жана Сары (Жер) Доңуз (Кара кийик) жылы. Андыктан жылдын негизги түсү сары, жашыл, күрөң болмокчу. Кийимге “тирүү коралл” өңү басымдуулук кылмакчы. Сары өң байыртан күндүн, эрктин, жашоого кумарлануунун түсү катары белгиленип келе жатканы анык. 2019-жыл чыгыш гороскобу боюнча
    5-февралдан башталат.

    Астрологдордун маалыматына таянсак, жыл динамикалуу, активдүү, бирок жеңил эмес жылдардан болот. 2019-жылы адамдарда Жерге жана Доңузга таандык белгилер: туруктуулук, максатка жетүү үчүн чыдамкайлык, жети өлчөп, бир кесүүчүлүк, түшүнүүчүлүк, чынчылдык керектелет. Калпычы, жалганчылардын бет пардасы сыйрылып, чыныгы жүзү ачылат. Алар жашоого башкача көз караш менен кароого аргасыз болушат. Негизги маселе өлкөнү туура башкаруу болмокчу. Саясий кыймылдар, саясий партиялар, эл өлкө башчыны, министрлерди туура чечим чыгарууга, өздөрүнө чоң жоопкерчилик алууга мажбур кылышат. Саясий лидерлердин аброю көтөрүлөт. Көптөгөн олигархтар банкротко учурайт. Амбициясы жогору айрым саясатчылар отставкага кетишет. Айыл чарба жана тамак-аш маселелери курч коюлат жана көтөрүлөт. Өлкөлөрдөгү диний баш аламандыктар жөнгө салына баштайт.

    Доңуз эмгекчил жаныбар болгондуктан карьера курам, бизнес баштайм дегендерге колдоо көрсөтүп, мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Негизи жыл тынч өтөт. Бирок ажырашуу жана соттошуулар көп болот.

    2019-жылы ири нерселерге жумшалуучу акчаны ойлонуп туруп жумшоо кажет. Кымбат нерселерди сатып алууну мүмкүн болсо кийинки жылга калтыруу оң. Элге жага турган жаңы турак жай программаларын кабыл алууга талаптар күчөйт. Иштөө менен катар үй-бүлөгө, чөйрөдөгүлөргө да көбүрөөк көңүл буруу кажет. Кыдырып жер көрүүгө, активдүү эс алууга ылайыктуу жыл.

  2. ДҮЙНӨДӨ 2019-ЖЫЛЫ ЭМНЕЛЕР БОЛУП ӨТӨТ?

  3. Орусиялык астролог Павел Глобанын божомолу: Дүйнөдө 2 күчтүү өлкөнүн тирешүүсүнүн жыйынтыгында аскерий картада жаңы “ысык чекиттер” пайда болот. Тиреште аскердик жана экономикалык жактан мыкты өлкө лидер болуп (божомол менен Кытай же Индия) табылуусу мүмкүн.

    2019-жылы белгилүү саясатчыларды өлтүрүү болуп, масштабдуу дүрбөлөң күтүлөт. Көп өлкөлөрдөгү террордук уюмдарда баш аламандык күчөйт. Дүйнөлүк медицина онкология жаатында ачылыштарды жасайт. Ири өнөр жайлуу шаарлардын экологиясы өтө булгангандан эли коопсуз жерлерге көчүп жайгаша башташат.

    Азербайжанда батыштын таасиринин артында элдик толкундоолор болуп өтөт. Эл аралык бир нече сот иштери дүйнөнү таң калтырат. 

  4. Болгариялык көзү ачык Ванганын божомолу:

    Орусия президентинин өмүрүнө коопсуздук кызматы тарабынан кол салуу болот (аман калары же көз жумары белгисиз). Америка президенти табышмактуу оору менен ооруп (башына суу толуп, акырындап угуусун жана тең салмагын жогото баштайт), жыйынтыгында керең болуп калуусу мүмкүн. Андан тышкары президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири жол кырсыгына учурайт. Европанын жана Азиянын бир катар өлкөлөрүн цунами каптайт, Орусияга метеорит түшөт.

  5. Эл аралык аренада күтүлүп жаткан божомолдор:

    Путин менен Трамп Сирияда тынчтыкты, Украинада тартипти орнотуу, Крымды таануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. 2020-жылы дүйнөлүк коомчулук Крым Орусияныкы деп таанып калуусу ыктымал.

  6. КЫРГЫЗСТАНДЫ ЭМНЕЛЕР КҮТҮҮДӨ?

    (Астролог Жанар Кадыралиевдин божомолу)

  7. Коом жана саясат

    2018-жылга салыштырмалуу 2019-жыл бир аз чыңалуу абалында өтөт. Бул коомчулукта жана саясатта сезилет. Асмандагы жылдыз топторунун, планеталардын жайгашуусуна баам салсак, саясатта өз ара алдоолор, саясий көз караштар дал келбеген учурлар көп болот. Менменсинүү, агрессивдүүлүк, бут тосуучулук, каршылык көрсөтүү сыяктуу тенденциялар күчөйт. Жылды тынч өткөргүсү келген саясатчылар жогоруда аталган сапаттардан алыс болгону туура. Эки жүздүүлүк чоң зыяндарды алып келет. Коомдо кандай гана нерселер болбосун мамлекет башчысы тандаган багытын өзгөртпөйт.

    Саясатчылардын туура эмес оюндары төмөнкү мезгилдерде күч алат:

    5-январдан 23-январга чейин (эң кооптуусу 14-январь);

    23-марттан 12-апрелге чейин (эң кооптуусу 5-апрель);

    15-апрелден 11-майга чейин (эң кооптуусу 1-май);

    10-сентябрдан 11-октябрга чейин (эң кооптуусу 21, 28-сентябрь).

    Эскертүү: Аталган даталарда көпчүлүк адамдардын жеке турмушунда да түрдүү көйгөйлөр жаралып турушу мүмкүн. Абайлаңыз!

  8. Экономика

    Кыргызстандын экономикасы өсүү темпинде болот. АКШ долларынын курсу дээрлик өзгөрбөйт. Ири суммадагы долларларды алмаштыруунун кажети жок. Карапайым элдин да үй-бүлөлүк бюджети өсөт. Жаңы долбоорлорду, келишимдерди түзүү керек. Каржыга, үй-бүлөгө, ден соолукка, жумушка, сүйүүгө чыгармачылыкка байланыштуу маселелерди чечүүгө жана бүтүрүүгө жагымдуу мезгил: 17-январь – 16-февраль, 10-май – 20-август, 25-август – 23-сентябрь, 20-октябрь – 24-ноябрь, 5-декабрь – 31-декабрь аралыгы.

  9. Кырсыктар, аба ырайы.

    Табигат кырсыктары дээрлик аз катталат. Кабатыр болуунун кажети жок. Өрт кырсыктары, төмөнкү баллдагы жер титирөөлөр, анча чоң эмес жер көчкүлөр болуп турат. Жаз эрте келет. Нөшөрлөгөн жаан-чачын сентябрь айынын экинчи жарымында болушу мүмкүн.

    Кыш жылуу эле өтөт. Болгону 6-январдан 20-январга чейин суук болот. Кээ бир жылдардай февраль айы толук суук болуп туруп албайт. Жай айы жылдагыдан өзгөчөлөнбөйт. 

  10. Карьера, ден соолук.

    Жумуш, ден соолук жаатында көп кабатыр болуунун кереги жок. 2019-жылы боор, бел, бут, сөөк, тиш, тери оорулары күч алат. 

  11. Сүйүү жана чыгармачылык.

    Сүйүшкөндөр менменсинүүнү азайтуусу зарыл. Жыл бой көтөрүүнү, жасалма мүнөз көрсөтүүнү жактырбайт. Токтоо болуп, керектүү учурда жубайыңызга (болочок жарыңызга) жана кайын журтуңузга күйүмдүү экендигиңизди көрсөтсөңүз жыйынтыгы жакшы болмокчу.

    Жыл – чыгармачыл адамдардын жылы. Андыктан чыгармачыл инсандардын, илимпоздордун жылдызы жанат.

  12. ДОҢУЗ ЖЫЛЫНДА КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛУП ӨТКӨН?

    1911-жылы 10-октябрда Кытай Республикасы түзүлгөн.

    1923-жылы 1-сентябрда Японияда катуу жер титирөөдөн улам Йокогама толук, ал эми Токио жарым-жартылай талкаланган. 500 миңге жакын адам өлгөн.

    1923-жылы 13-октябрда Түркиянын ордо калаасы Стамбулдан Анкарага көчүрүлгөн.

    1950-жылы 7-мартта Тибетте жергиликтүү эл Кытайдын гарнизонуна каршы көтөрүлүшкө чыккан. Далай-лама Лхасуну жашыруун таштап, Индияга кеткен.

    1971-жылы 17-ноябрда Таиландда аскерий төңкөрүш болуп өткөн жана башка.

  13. ДОҢУЗ ЖЫЛЫНДА КАЙСЫ ЖЫЛ БЕЛГИЛЕРИНЕ ИЙГИЛИК ЖЫЛМАЯТ?

  14. КАРЬЕРА, ИШ, КАРЖЫ

  15. Жылы Чычкан, Уй, Коён, Кой болгондордун энергиясы жана мотивациясы жетишерлик болот. Андан тышкары болгон мүмкүнчүлүктү кармай алышат жана жетишилген чек менен чектелип калбайт. Андыктан иши, карьерасы жакшы жүрөт. Ийгилик өзгөчө июль-октябрь аралыгын камтып, киреше ушул аралыкта көп түшөт.

    Жолборс, Жылкы, Маймыл, Доңуз жылында туулгандарга февралдын аягынан тартып март ичи күчтөнүп иштөөгө туура келет. Октябрь-ноябрь айларында иши жана карьерадан өсүүгө умтулуулары жакшы жыйынтыктарды берип, көбүрөөк акча табышат.

    Балык, Жылан, Тоок, Ит жылындагыларга карьерадан өсүү күтүлөт. Иште жыл башынан эле экинчи даражадагы ролдорго ыраазы болбой, дайыма көңүл борборунда болушат. Жакшы да табышат. https://www.super.kg/article/show/46603/

  16. ДЕН СООЛУК

    Жылы Чычкан, Уй, Ит, Маймыл болгондордун душманы – нервденүү болмокчу. Стресстерге көп кабылбоого, энергияны туура багытка жумшоого, тең салмагын сактоого аракет кылышпаса нерв, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу бар. Аталган оорусу барлардын дарты улам козголушу мүмкүн.

    Жолборс, Тоок, Жылкы, Коёндор жыл бою энергиялуу абалда болушат. Бирок дараметинен ашык иштесе өнөкөт оорулары козголот. Ал тургай кол-бут, муун жана ички органдардын оорулары жаралышы ыктымал.

    Балык, Жылан, Доңуз, Кой жылындагылардын энергиялык запасы бирде азайып, бирде көбөйүп жүрүп отурат. Андыктан тамак-ашка, эс алууга туура көңүл бурбаса ички органдарда, омурткаларында оорулар пайда болот.

  17. СҮЙҮҮ, ЖЕКЕ ЖАШОО

    Чычкан, Доңуз, Коён, Ит жылындагылардын жеке жашоолору бакытка курчалмакчы. Жүрөк толкуткан жана романтикалык көз ирмемдер көп болот. Үй-бүлөдө негизинен түшүнүүчүлүк орун алат.

    Жылан, Уй, Маймыл, Жолборстордун үй-бүлөлүк жашоосунда гармония өкүм сүрөт. Жыл аягында гана мамилелер бузулуп, тил табышуу кыйынга турат. Күз – интригалар мезгили. Бойдоктордун көбүнө ноябрда нике шакегин тагуу буюрат.

    Балык, Тоок, Кой, Жылкылардын үй-бүлөсүндө убак-убагы менен чыр-чатактар чыгып, кыйынчылыктарды жеңүү оорго турат. Бойдоктор жашоосунда кайсы адам керектигин чечүүгө баш оорутушат.

  18. Канымжан Усупбекова
    koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: