Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл


2019-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

  1. Доңуз (Кара кийик) жылы кайсы жылдыз белгилерине эмне убада кылат, кандай эскертүүлөрдү берет? Астролог Жанар Кадыралиевдин астротөлгөсүнө назар салалы.

  2. КОЙ (21.03-20.04)

  3. Жумуш, карьера. Доңуз жылы максатыңызга жетүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт, кармап калыңыз. Жумуш ордуңуздан бир нече тепкичке чейин көтөрүлүүгө шарт болот. Бирок ал үчүн сизден талыкпаган эмгек, сабырдуулук талап кылынат жана жаңы нерселерди окуп-үйрөнүүгө туура келет.

    Жеке ишкерлер жана жетекчилер өз кызыкчылыктары үчүн башка шаарда же өлкөдө жашаган өнөктөштөр менен байланышат. Аларды ийгиликтер да, көйгөйлөр да күтүп алат. Өзгөчө январь, март, июнь жана сентябрь айларында сак болуңуз, алданып калуу, интрига, кастык аракеттер, же болбосо эл аралык жагдайлар, жаңы мыйзамдар, юридикалык мүнөздөгү маселелер жолтоо болушу мүмкүн.

    Айрым кызматкерлер жыл аягында маянасы жогору жумушка которулушу мүмкүн. Ага чейин кадыр-баркыңызды булгабай, кесиптештер менен сылык мамиледе болууга аракеттениңиз.

    Акча. Финансылык абалыңыз туруктуу болот. Декабрда ири суммадагы акчага ээ болосуз.

    Сүйүү, үй-бүлө. Жеке жашоодо сиз күтпөгөндөй окуялар орун алат. Жумуш, иш сапарлардан улам жакын адамыңызга көңүл бөлүүгө убакыт тардык кылып, ортодогу мамиле салкындайт. Андыктан убакыт тапканга же болбосо колуңуз бошобой жаткандыгын түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Эгер мамиленин салкындашына башка нерселер себеп болсо үй-бүлөнү сактап калуу кыйынга турат.

    Бойдокторду жаңы таанышуулар күтүп турат. Алардын ичинен дос гана эмес, келечектеги түгөйүн жолуктурууга да болот. Сизден кыраакылык талап кылынат.

    Ден соолук. Көп оорулар сизди айланып өтөт. Ошентсе да сапарга чыгууда жана рулга отурууда абайлаганыңыз оң.

  4. БУКАЧАР (21.04-20.05)

  5. Жумуш, карьера. 2019-жылы жашооңуздун жаңы этабы (эскиден жаңыга өтүү) башталганы турат. Бул оңойго турбайт. «Алга, артка жол жок!» деген ураан менен аракет кылыңыз.

    Ишкерлер, жетекчилер максаттарын так аныктап, кайрадан анализдеп чыгуулары зарыл. Көбү алдына бизнесин кеңейтүү пландарын коёт. Буга эски достор, эски өнөктөштөр колдоо көрсөтүшөт. Ошентсе да бийликте же чоң кызматта иштеген досуңуз, же бирөө менен идеологиялык, же финансылык жактан пикир келишпестик орун алышы мүмкүн. Компромисске келе албай жыл бою сүйлөшүүлөр жүрүп, айрым шарттар аткарылып, айрымдары аткарылбай отуруп, жыйынтыгында бир чечимге келесиздер.

    Кызматкерлер жумуш которуу, катылып жаткан талантын өркүндөтүү боюнча ойлонушат. Оюңузду топтоп, жети өлчөп, бир кеспесеңиз, жаңы жумуш табуу узакка созулат.

    Акча. Туруктуу деп айтыш кыйын, чыгаша көп болот. Айрымдардыкы иш баштоого, кээ бирөөлөрдүкү жөн гана күнүмдүк керектөөлөргө, кредит, эски карыздарды төлөөгө, балдардын билим алуусуна сарпталат.

    Сүйүү, үй-бүлө. Ынтымактуу үй-бүлөлөр турак жайлуу болушат же оңдоп-түзөөлөрдү жүргүзүшөт. Айрым жуптар ортосунда мамиле өзгөрүшү мүмкүн. Өзгөчө 21-30-апрель аралыгында төрөлгөн Букачарлар революция жасап жиберүүлөрү мүмкүн.

    Сүйүшкөндөрдү Доңуз жылы ар кандай сүйлөшүүлөр, териштирүүлөр, айрылышуулар коштойт.

    Ден соолук. Эски ооруларыңыз козголуп, жаңы ооруларды арттырышыңыз мүмкүн. Өзгөчө эндокриндик системдин оорулары (өзгөчө кант диабети) менен жабыркагандар диета кармап, дарыгердин көзөмөлүндө болууга туура келет. Семирип кетүү коркунучу да бар. Андыктан спорттун пайдасын, диетаны эске алыңыз. 

  6. ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

  7. Жумуш, карьера. Жеке ишкерлер, жетекчилер үчүн бул жыл оңойго турбайт. Өнөктөштөр планды өзгөртүп, көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Туура чечим кабыл алып, алар менен тил табышып иштесеңиз, февраль, апрель, май, август, октябрь жана декабрь айлары жемиштүү болот. Март, июнь, июль жана сентябрда каржы жаатында чыр чыгышы мүмкүн.

    Кызматкерлер арасында атаандаштык күч алат, андыктан жетекчилик менен араздашуудан сак болуңуз. Айрымдардын мекемеси жабылып, жаңы жумуш издөөгө туура келет.

    Акча. Бирде көп акча тапсаңыз, бирде бир тыйынга чейин санаган учурлар болот. Февраль, март, май, июль айларынын аягында, же болбосо ноябрь, декабрда кубантарлык акчага ээ болушуңуз күтүлүүдө.

    Сүйүү, үй-бүлө. Жалгыз бой жүргөндөр же таарынышып, кол үзүшкөндөр ортосунда кайрадан байланыш жанданып, чогуу жашоого,  мамилени мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүктөр көп. Ошентсе да бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнөн же өткөн-кеткенди эстөөдөн улам ортодо кайрадан түшүнбөстүктөр 
    жаралышы мүмкүн.

    Ден соолук. Энергетикалык потенциалыңыз өтө жогору болбойт. Буга жумуштун туруксуздугу жана жеке жашоодо, сүйүүдө орун алган ар кандай көйгөйлөр себеп болот. Өзүңүзгө көбүрөөк көңүл буруп, таза абада жөө басуу, массаж сыяктуулар ден соолукка пайдалуу экенин эстен чыгарбаңыз. 

  8. БӨЙӨН (22.06-22.07)

  9. Жумуш, карьера. Сизден көп эмгекти талап кылган, активдүү жыл күтүп турат. Эски жылда баштаган ишиңиз болуп көрбөгөндөй өнүгүп, киреше агылып кире баштайт. Жаңы иш баштагандарда өнөктөштөр менен пикир келишпестиктер жаралып, ал жыл аягына чейин созулушу мүмкүн. Эң орчундуу учурлары январь, февраль, июнь, июль айларына туура келет. Башка өлкөдөгүлөр менен иштешкендерде да кыйынчылыктар учурайт. Алар улам пландарды өзгөртүп, мындан улам жумуштар артка жылып же токтоп калышы мүмкүн.

    Кызматкерлерди ийгиликтер менен бирге көйгөйлөр да коштоп жүрөт. Аларга өзү үчүн да, башкалар үчүн да иштөөгө туура келет. Жетекчилер жылдын алгачкы айларында жана июнь, июль айларында текшерүүлөргө даяр туруулары керек. Текшерүү узакка созулуп, маселе жаратышы күтүлүүдө.

    Акча. Финансылык абалыңыз жыл бою туруктуу болот. Чоң чыгымдарды чоң кирешелер жаап турмакчы.

    Сүйүү, үй-бүлө. Буга чейин тил табыша албай келген жубайлар ортосунда кайрадан чыр, уруш талаштар орун алып, ажырашуу тууралуу сөз козгошот. Айрымдар ажырашууга чейин барышат. Жыл аягында гана жагдай оң жакка чечилип, кайрадан тил табышышат. Мындай абал сүйүшкөндөрдү да аралап өтөт.

    Ден соолук. 2019-жыл спорт дүйнөсүнө баш багууга идеалдуу. Жылдыздар жыл бою сапарга чыгууда жана рулда отурууда сак болууңузду эскертишет. 

  10. АРСТАН (23.07-23.08)

  11. Жумуш, карьера. Доңуз жылы ийгиликтүү болмокчу. Өзгөчө бизнес ачууну каалагандарга жана чыгармачылык менен алектенгендер үчүн кыялдарга жетүүгө мүмкүнчүлүктөр көп.

    Жеке ишкерлер жана жетекчилер жаңы иш, долбоорлорду баштап, аны уюштурууга көп убакыт жана көп каражат жумшашат. Андыктан күчтү таразалап, андан соң ишке киришүү кажет.

    Кызматкерлер үчүн кеч күз жана кыш мезгили жумуш ордун которууга ылайыктуу.

    Акча. Баштаган бизнести өркүндөтүүгө, жеке керектөөлөргө, балдарды окутууга үй-бүлөлүк бюджеттен көп каражат сарптайсыз.

    Сүйүү, үй-бүлө. Турак жайга ээ болууга, үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте жаңы иш баштоого мүмкүнчүлүк бар, пайдаланып калыңыз. Көп үй-бүлөдө балдардын, неберелердин жарыкка келиши күтүлөт.

    Көз караштардын келишпестигинен улам сүйүшкөндөрдүн мамилеси олку-солку болот. Бирок убактылуу гана, сүйүү баарын өзү жайгарат.

    Ден соолук. Жыл бою энергетикалык абалыңыз жогору болуп, туш келген ооруларды чымын чаккандай да көрбөйсүз. Доңуз жылы имиджиңизди өзгөртүүгө, гардеробду жаңыртууга, муктаж болсоңуз пластикалык операцияларды жасатууга ийгиликтүү.

  12. БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

  13. Жумуш, карьера. Ишкердикте маселелер, көйгөйлөр жаралбай койбойт. Ишенген адамыңыздын сизден жүз буруп кетиши, кастык кылышы же алдашы сизди нес абалда калтырат. Аны менен болгон ызы-чуу жыл аягына чейин созулат. 2019-жылы башка шаардагы же чет өлкөдөгү кесиптештер менен байланышыңыз жакшырат. Алар эски дос же ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири болушу мүмкүн.

    Кызматкерлер ишине жоопкерчиликтүү жана интригадан сырт болуулары зарыл. Бийкечтер үчүн бул жылы жумуштан кетүү кыйынчылык жаратпайт. Өз алдынча иш баштоого же үй-бүлөсүндөгү бирөөнүн бизнесине жардам берүүгө бел байласа жакшы жыйынтык берет.

    Акча. Финансылык абал туруксуз болот. Акча баштаган ишти өркүндөтүүгө, айрымдардыкы үй-бүлө, балдарга жумшалат.

    Сүйүү, үй-бүлө. Көпчүлүк бийкечтер турак жайга ээ болушат. Көп үй-бүлөлөрдө балдар жана неберелер жарыкка келет.

    Арзышкандар үчүн бул жыл оңойго турбайт. Мамиле олку-солку болуп, айрымдар кол үзүшүүгө чейин жетишет. Мындай абал ынтымаксыз жубайларга тийиши мүмкүн. Жылдыздар аларды ачык сүйлөшүүгө чакырат.

    Ден соолук. Жылдыздар сергек жашоону сунушташат. Салмак кошуу алдыңкы орунга чыгат, андыктан диеталардын пайдасы, ден соолукту чыңдоочу процедуралар тууралуу ойлонгонуңуз туура.

  14. ТАРАЗА (24.09-23.10)

  15. Жумуш, карьера. Буга чейин топтолгон маселелерди чечүүгө ылайыктуу жыл. Алдыга гана карай умтулсаңыз, көп ийгиликтер күтүп турат. Башка шаарда же өлкөдө жашаган өнөктөштөр менен мамиле жакшырып, чет жакка чыгуулар көп болот. Кайсы бир өнөктөштөр менен турак жай, жер тилкеси же башка бир кыймылсыз мүлк боюнча юридикалык жактан пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Жыйынтыгы декабрда гана белгилүү болуп, жарым-жартылай жеңишке жетишесиз. Кайсы бир нерседен кол жууга туура келет. Жылдыздар кол алдыңызда иштегендерге көңүл буруп, алардын ишин текшерүүгө алууну сунушташат. Алдап кетүү, сатып кетүү коркунучу жогору.

    Акча. Акча жааты туруктуу болгону менен, былтыркы жылга салыштырмалуу көзгө көрүнөрлүк өзгөрүү деле болбойт.

    Сүйүү, үй-бүлө. Жубайлардын ортосунда турак жай, башка мүлк боюнча маселе жаралат. Жыйынтыгы ажырашууга чейин жетиши мүмкүн. Ынтымактуу түгөйлөр жаңы там салууга же башка шаарга, өлкөгө кетүүгө жетишет. Алыскы туугандар менен мамиле жакшырат.

     Бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт. Түбөлүккө түгөй издегендерге жол ачык.

    Ден соолук. Энергияңыз ашып-ташып, көңүл борборунда болосуз. Ошентсе да жылдыздар январь, март, июнь жана сентябрь айларында жол жүрүүдө, унаа башкарууда сак болууну эскертишет.

  16. ЧАЯН (24.10-22.11)

  17. Жумуш, карьера. Кийинки жылы сизди жалаң эле роза гүлдөрү төшөлгөн эмес, анча-мынча тикенектери бар жол күтүп турат. Буга чейин баштаган ишиңиз улантылып, өркүндөп-өсө баштайт. Тааныштар көбөйүп, чогуу иштешүүнү сунуштагандар чыгат. Тандап мамиле жасабасаңыз алданып калуу коркунучу бар. Бирөөнүн кол алдында иштегендердин позициясы бекемделет, айлык акысы көтөрүлүп сүйүнөт.

    Акча. Материалдык байлыктын жаңы баскычына көтөрүлөсүз. Бул убактылуу эмес, кийинки жылы да уланмакчы.

    Сүйүү, үй-бүлө. Сүйүшкөндөрдүн ортосун кара мышык аралайт. Буга көз караштардын дал келбөөсү, каржылык маселе себеп болушу мүмкүн. Алдын албасаңыз ажырашууга чейин жетиши мүмкүн.

    Алыскы райондо же чет жерде жашаган эски тааныштар менен мамиле кайрадан жанданып, конокко баруу, чакыруу күтүлүүдө. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө баланын ден соолугу, жүрүм-туруму, мүнөзү боюнча көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

    Жакын туугандардын кайсы бири менен мамиле солгундап, кайсы бири менен жакшырат.

    Ден соолук. Энергетикалык потенциалыңыз өтө жогору эмес. Андыктан жылдыздар сизге туура тамактанууну жана сергек жашоону сунушташат.

  18. ЖААЧЫ (2311.-21.12)

  19. Жумуш, карьера. Жаачы жылдызы жыл бою Юпитердин алдында болот. Юпитер ийгиликтин, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн планетасы. Андыктан сиз үчүн каалоо-тилектердин эшиги ачык болот. Кесипкөйлөр үчүн акыркы 10 жыл ичинде болуп көрбөгөндөй жакшы жылдардан болот. Жеке ишкерлер кызыктуу, кирешелүү сунуштарды кабыл алышат.

    Кызматкерлерге жаңы жумуш орду сунушталат же жумушунан бир тепкичке көтөрүлүшөт. Февраль, апрель, май, август, сентябрь, октябрь, декабрь айлары кесипкөйлөр үчүн ийгиликтүү.

    Акча. Финансылык абалыңыз жылдын экинчи жарымында абдан жакшырат. Чыныгы «алтын жамгырды» декабрь айында күтсөңүз болот.

    Сүйүү, үй-бүлө. Жубайлар ортосунда түшүнбөстүктөр, кызганычтар, таарынычтар болот. Жыл башында балдар, турак жай боюнча маселе жаралып, чыгым тартасыз.

    Ал эми бойдоктор, жалгыз бой адамдарга Доңуз жылы жеке жашоодо да ийгилик тартуулайт. Алар түгөй болчу адамына жолугуп, баш кошууга чейин жетишет.

    Ден соолук. Жыл спорт менен машыгууга, имиджди өзгөртүүгө жана пластикалык операцияларды жасатууга ылайыктуу. 

  20. ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

  21. Жумуш, карьера. Алдыга койгон пландарыңыздын көпчүлүгүнүн орундалышы кечеңдейт. Жеке ишкерлер, жетекчилер бизнесин кеңейтүүгө бел байлап, көп убара тартышат. Юридикалык жактан да маселелер жаралат.

    Кесиптештер арасында интрига, ушак күч алып, айрымдары алардын курмандыгы болушат. Жумуш орундарын которууну самагандар жыл аягына чейин пландабай эле койгону туура, кыйынчылык жаратат.

    Текечерлер үчүн январь, март, июнь, сентябрь түйшүктүү айлардан болмокчу. Жыл аягында гана Юпитер планетасы Текечер жылдызы тарапка жылат. Андыктан ийгиликтин баарын ошол убактан күтүңүз.

    Акча. Киреше үзгүлтүксүз болгону менен, күнүмдүк керектөөлөрдөн, ар кандай иш-чаралардан, тойлордон артпайт.

    Сүйүү, үй-бүлө. Буга чейин таарынышып келген жубайлар мамилелерине чекит коюшат. Мүлк бөлүштүрүү боюнча араздашуулар орун алат. Ал эми ынтымактуу үй-бүлөлөр турак жай боюнча маселелерди чечүүгө киришишет, башка жакка көчүшөт же курулуш иштери менен алектенишет.

    Ортодо жаралган ушактан улам туугандардын айрымдары менен мамиле солгундайт. Ооруп жаткан тууганыңызга моралдык да, материалдык жактан да жардам берип алкыш угасыз.

    Сүйүшкөндөрдүн мамилеси бат жалындап, кол кармашууга чейин жеткирет.

    Ден соолук. Өзүңүзгө кам көрүүгө, көп эс алууга туура келет. Мындан сырткары сапарга чыгууда, жолдо жүрүүдө сак болууну эскертишет жылдыздар.

  22. СУУ КУЯР (21.01-19.02)

  23. Жумуш, карьера. Доңуз жылында бийликтеги, жогорку чиндеги адамдардын колдоосуна ээ болуп, итиңиз чөп жей баштайт. Бирок каржылык көйгөйлөр да орун алып, ордуна бир нерсеңизди берүүгө туура келет. Жаман абалда калбайын десеңиз, алар менен алдын ала келишимдерди бекемдеп алыңыз. Жалпысынан алганда 2019-жыл жаман жылдардан болбойт. Кадыр-баркыңыз бийиктеп, тааныштарыңыз көбөйөт.

    Кызматкерлер кызыктуу, ары жакшы маяналуу жумушка которулууга жетишишет.

    Акча. Ишиңиз жакшы жүрүшкөнү менен, каржыда туруксуздук байкалат, чыгаша көп болот.

    Сүйүү, үй-бүлө. Айрым үй-бүлөлөр батир же шаар сыртынан үй алууну пландап, максаты декабрда гана ишке ашат. Айрым суу куярлар бул айда мураска ээ болот.

    Сүйүшкөндөр үчүн бул жыл оор болуп, мамиле кылдын учунда турат. Таарынышуулар, көңүл калуудан мамиле муздайт. Булар июнь, июль жана сентябрь айларына туш келет.

    Көпчүлүк ата-энелер «бала чоңойгон сайын көйгөйү да чоң болот экен» деген сөздүн аныктыгын сезип, чыгым тартышат.

    Ден соолук. Жыл бою энергияңыз ашып-ташып турат. Антсе да июнь жана июль айларында айттырбай келген кырсыктардын жана өнөкөт ооруларыңыздын козголбоосунун алдын алыңыз.

  24. БАЛЫК (20.02-20.03)

  25. Жумуш, карьера. Эч нерседен тайманбай бийиктиктерди багынтууга белсенесиз. Жеке ишкерлер, жетекчилер жаңы долбоорлорду, кызматкерлер жаңы жумуш орундарына ээ болууну пландашса болот. Планеталардын жайгашуусу боюнча, иштеген, аракет кылган, эл менен тил табыша билген адам бул жылы сөзсүз кесипкөйлүк жагынан да, финансылык жактан да максатына жетмекчи.

    Июнь, июль же сентябрь айларында жетекчилик же өзүңүздөн жогорку чиндеги адам менен пикир келишпестик чыгышы мүмкүн.

    Башка шаарда, өлкөдө жашаган эски тааныштар, өнөктөштөр менен мамиле жанданат.

    Акча. Финансылык абалыңыз жакшырат. Апрель, май, август, ноябрь, декабрь айлары иш жүргүзүүгө да, акча табууга да ийгиликтүү.

    Сүйүү, үй-бүлө. Жеке жашоо артка жылат. Жумушка баш-оту менен берилип, жакындар көңүл сыртында калып, таарынычтар, көйгөйлөр орун алат. Көпчүлүк бөлүгү июнь, июль, сентябрь айларына туура келет. Мындай абал сүйүшкөндөргө да тиешелүү. Андыктан жакын деп санаган адамдарга көңүл бурууну унутпаңыз.

    2019-жылы жаңы, кызыктуу таанышуулар бойдоктордун жашоосун шаңга бөлөшү мүмкүн.

    Ден соолук. Кабатырлануучу жагдай орун албайт. Энергетикалык абалыңыз жылы бою жогору болот.

  26. Дамира Арстанова 
    koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: