БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨ ЖАРАНДАРЫ 7 КҮН ЭС АЛЫШАТ...
№842 21-27-декабрь, 2018-жыл
-

Бишкекте
8 ЖАШАР БАЛАНЫ унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө.
-
Кыргыз өлкөсүнүн жарандары ЖАҢЫ ЖЫЛГА КАРАТА 1-7-январь аралыгында эс алышат.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда унаа жолдорго КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ коркунучу жогору экенин эскертүүдө.
-
Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн МАДАНИЙ БОРБОРУ деп жарыяланды.
-
Депутат Зиядин Жамалдинов: “Бир районду бага турган Кадамжай сурьма комбинаты 72 МИЛЛИОН СОМ карыз менен отурат".
-
ТИМ: "Түндүк Кипрдеги аскер полигонунда Кыргыз жеринен барган 13 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН каза болгондугу тууралуу маалымат такталган жок".
-
Орусиянын жараны делген Бишкек шаардык кеңешинин депутаты ЖУСУПБЕК КОРГОНБАЙ УУЛУ мандатынан ажыратылды.
-
Мырзаке-Кара-Кулжа- Алайкуу жолуна КАР КӨЧКҮ ТҮШҮП, жол убактылуу жабылды.
-
Расмий маалыматка таянсак, учурда өлкөдө 109 ҮРӨН ЧАРБАСЫ бар.
-
Чаткалда кенге байланыштуу жаңжалдан кийин кармалган жергиликтүү 15 адамдын 13ү ҮЙ КАМАГЫНА чыгарылды.
-
Алимент боюнча 2 МИҢДЕН АШЫК АДАМ издөөдө жүргөнүн Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов билдирди.
-
ЖЕҢИШБЕК НОГОЙБАЕВ транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
-
Ошто Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын премьер-министрлери жолугуп, ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН талкуулашты.
-
2019-жылы өлкөдөгү аймактардын баарын интернет менен камсыздоого 50 МИЛЛИОН ДОЛЛАР жумшалат.
-
Кызыл-Кыяда окуучулар мушташып, 9-класстагы БАЛА КАЗА БОЛДУ.
-
Орусияда 21 жаштагы Кыргыз жараны эне-баланы СҮЗҮП КЕТТИ.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0