Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
«ЭКИ ОТТУН ОРТОСУНДАМЫН. АРТКА ЖОЛ ЖОК»№842 21-27-декабрь, 2018-жыл
Бирөөгө баш ийе албаган өзүнчө эле күчтүү кыз сен каалагандын баарына макул болуп, “отур” десең отуруп, “тур” десең туруп калдым. Мага көңүл бурбай койгонуңа чыдай албайм. Кайсы күнү сени алыстатып алам, кимге тарттырып алам деп коркуу менен жашайм. Балким, жашоомдун чоң бөлүгүн ээлеп алганың үчүн анда кадимки адамдардыкындай мамилеге орун калбай калгандыр. Балким, чын эле курбум айткандай, сенден аркы жашоомду көрө албай, айланамдагы башка мырзаларды байкабай келаткандырмын. Ооба, мен алсызмын. Маселе сүйүүгө келгенде мен такыр алсыз экенимди моюнума алдым. Үйүңдөгү аялың, 5 балаңдын бар экенин билип туруп, сен эч качан мендик боло албасыңды билип туруп бул кадамга барганымдын өзү акмакчылык экенин билем. Ар бир жолугушууга чыдамсыздык менен күтүп, канчалык кубаныч менен чыксам, кайра үйгө келгенде ошончолук көз жаш төгүп, ошончолук жүрөгүмдү кыйнайм. Мага ушул керек беле? Керек эмес экенин мен да билем. Мени азыр ар бириң күнөөлөйсүң. Дүйнөдө жалгыз мен жаңылгандай ар бириң акылмандык кыласыңар, бир тонна адеп сабагын өтөсүңөр. Бирок мага жашоомдо ушул жылуулук жетишпей жаткан болсочу? Мен дайыма мындай мамилени күтүп, эңсеп келсемчи? Мен сүйүүнү сезип, сүйгөнүмдүн кучагында алсыз, назик жан болуп оролуп жатканга муктаж болсомчу? Буга чейинки жигиттеримдин жийиркеничтүү мамилелеринен көңүлүм калган болсочу? А бирок менин сезимдерим менен ким эсептешмек эле? Менин жан дүйнөмдөгү чалкыган көл менен кимдин иши болмок эле?.. Бирок чалынып калган кезде сени менен ар биринин иши болот, сени өмүрү тааныбагандардын да. Жок дегенде жаныңдан өтүп баратып баштан ылдый сынай карап жүрөгүңө ийне сайгандан ырахат алышат. Эч кимисинин көз карашын көзгө илбей туруп, бүт дүйнөгө “мен бактылуумун” деп кыйкыргым келсе да, оозумду басып, эки жакты алаңдап корко карап, ушул эле учурда “ушундан көрө мени алып тынбайт белең” деп боздоп ыйлагым келет. Бактылуулугумдун да, ыйымдын да себеби сенсиң. Мен тегерегимдеги бардык адамдардын арасынан жылуулукту жалгыз сенден таптым. Каалаганымдын айттырбай орундалышын эңсеп жүрүп сени таптым. Чыныгы эркектик мүнөзгө суусап жүрүп сени кезиктирдим. Жашоомо башкача өң коштуң. Менин муздап калган жүрөгүмө нур чачтың. А мен... Азгырылдым. “Үй-бүлөлүүлөр менен сүйлөшүү – акмакчылык, эч качан андайга барбайм” деп жүргөн адам ошол өзүнүн эч качан деген сөзүнүн курмандыгы болду, сүйүүгө жеңилип берди. Убагында артымдан чуркаган жигиттер деле көп болгон. Жактырдым, айрымдарына жүрөгүмдү бердим. Бирок ар бири ишенип тапшырган сезимимди тепселеп, жанчып, ылайга ороп ойношту, жүрөгүмдөгү ишеничти, сүйүүнү какшыта сыгып туруп колума карматышкан. Алардын баары мага болгон жылуулугу эмес, атамдын байлыгына болгон кызыгуусунун артынан мени тандагандарын кеч түшүнүп, далай жаздыктарды суулагам. Анан минтип өзүмдүн идеалымды – сени жолуктурдум. Ушунча жолу чайпалып, кагылып-силкинсем да, сенин адамгерчилигиң, эркектигиң менен дагы бир жолу мырзаларга болгон ишеничиме мүмкүнчүлүк бере алдым. Албетте, экөөбүз тууралуу эч ким билбейт. Ата-энем менен чогуу жашайм. Бирок кайсы ата-эне кызын мындай жолго барат деп ойлосун? Алар менин эки жакты карабай чалынбай, жыгылбай, түптүз жолдо жүрөт деп ишенишет. А менин эң чоң көйгөйүм – ошол ишенич. Сени менен жолугушуудан келгенден кийин алардын бетин кароо оор, кирерге жер таппай калам. Эки оттун ортосундамын. Эки оттун бирөөнөн күйө турган күнүм алыс эмес. Бирок артка жол жок. Антсе да кайра-кайра кайталайм. Мен сени сүйөм! Бишкектен кайра кайтканда телефонуңа жан кирет, сөзсүз чаласың. Балким, жолдо келе жатып да чалып эмне жеп жатканыңды, жол кандай экенин айтып бересиң. Сен жеткенче мен бүгүнкү көз жашымдын баарын унутуп, жаныма келгениңде кайра эле бир көз карашыңа эрип, баарына макул болуп берем. Азыркы учурда мен башкача жашай албайм. Эч нерсени өзгөрткүм да келбейт. Жылдар өтүп, экөөбүз бири-бирибизге жат адам болуп калганда да бул күндөр үчүн өкүнбөйм. Ошондо көчөдөн көрүп калсаң, капкара, сулуу эмес жүзүңдөгү жагымдуу жылмаюуңду менден аяба! Миргүл "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Башка сандарда:
Комментарийлер(28)
saza20
![]()
25.12.2018. 09:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Озуну озун алдап, суйуу учун коз жашым дей бер!
kamchatka
![]()
25.12.2018. 10:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Оляя Миргул мынча талантуусун аа
glaz_almaz
![]()
25.12.2018. 11:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
100 жолу чалып, 200 смс жазсан анан очурбой каякка барат. Озунду алдап журо бер, сен убактылуу тошок кумарысын, боктон сассыксын, эртен эле ысыгын таркайт. Кунаажын козун сузбосо, бука жибин узбойт.Сага окшогондор озун гана ойлойт, бироонун уй-булосу, балдары менен иши жок. Билип кой ак нике уй-булосун таштабайт.
murzalieva3311
![]()
25.12.2018. 12:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Авторду эн жакшы тушундум... Эки отко куйбонуз, эртен сизде да уй-було болот, сизде куйоо болот. Элестетиниз, сиздин куйоонузду... Ага жол бербеш учун учурунда ойлонунуз. Башканыкы болгон бироону коё бериниз, эже.
Sprite
![]()
25.12.2018. 13:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Озунду актабай эле кой,сага окшогондордун айынын бузулат ыссык уя,сенин кайгын аялынын кайгысынын жанында чымын чакканчалык эмес,ойлосон 5балан менен Эрин сени башкага алмаштырса.Ал байкуш куйоо учун омурун,ден соолугун бардык нерсесин арнаган.Сага окшогондорду Жана ошондой эркектерди жер жарылып жутуп ийсего.
Sprite
![]()
25.12.2018. 13:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Балким уйундо аялы жадаткандыр дешинер мумкун,бар нерсесин тартып алып 5баланы туудурдуп бактырып алып,не десе да которуш керек эркек.
televizor
![]()
25.12.2018. 15:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менин да башымдан откон уй булолуу адамды суйуп озумду арнайм дегенге чейин баргам бирок шугур андай кылган жокмун
Pandora
![]()
25.12.2018. 17:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жашоодо ар турдуу кырдалдар болот экен,алардын алдында суйуу бир тыйын болуп калат экен.
Pandora
![]()
25.12.2018. 17:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Артка жол жок болушу мумкун,бирок жашоонду башка бурушун мумукун,ал нерсе озундун колунда
Erbol_
![]()
25.12.2018. 18:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Автор сүйүү үчүн баардыгына бардым деп айткысы келип жатат, бирок ошол эле убакта тирүүлөй жетим кала турган балдарды да ойлосо болмок.
aika0906
![]()
25.12.2018. 22:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Блин ушундай жп лардын айынан мен да эрим менен нары бери болдук. Билип кой уйбулоолу эркек эч качан ойношту тандабайт. Акылдуу эркек болсо балдарын эч качан таштап кетпейт. Сага окшогондорго эркектер убактылуу гана азгырылат озун озу алаксытат кичине болсо да убакыт откорот. Азыркы кыздар олгону калганбы уй булоолу экенин билип туруп журушот. Эптеп кафеге барса, акча салдырса, машинасына тушуп алып видеого тушуп инстаграмга койсо болду болуп калган. Типа крутой машинада журом жигитимдин машина
tram-lam
![]()
26.12.2018. 11:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул албетте ойлонуп табылган чыгарма, бирок ушуга окшогон тагдырда жашаган коп кыз бардыр. Ошол кыздарга кайрылаарым, артка жол бар! Жоктой сезилет, бирок бар. Бироонун бактысын талашпай, озунордукун издегиле. Аны унутуу оор болот чыгаар, бирок коп болсо унутууга бир жылынар кетет, мейли эки жыл кетсин, бирок мамиленерди уланта берсенер 1-2 жыл эмес бутундой омурунор талкаланат. Окунбойм дейсинер, бирок сезимдер очкондон кийин эстеп алып окуносунор. P.S. жизнь
Aidarov1988
![]()
26.12.2018. 16:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар кимин ар нерсени суйлой бергиле. Бирок мен бул тагдырды тушуном бул суйуу бул сезим туура кыласын омурдо жакшы кундорду да кору керек.
love_you
![]()
27.12.2018. 10:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aidarov1988,чыркыратып беш баланы таштатып, беш баланын энесин кошо сыздатып жакшы кундорду коргондон коро олуп алган артык. мээн игтебеген сендейлердин айынан коом бузулуп атат, жашоо бумеранг. Аллахтын жазасынан коркпогондор гана ушуга барышат
Skarlett-Skarlett
![]()
26.12.2018. 18:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уй булону бузба.Кайдагы суйуу?!Конуп калгансын.Анан да эркектер антти,минтти депсин.Эркектен башка кылаарга ишин жокпу?Иште жаш болсон,бироого жар болуп балалуу бол.Озунду суйгонду уйрон,ошондо ал беш балалуу эркек сага жаман эле корунуп калат.
jesikakg
![]()
26.12.2018. 19:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сен озундун кыял жоругун менен ушундай тагдырга татыктуу экенсин демекчимин сенин журогунду ылайга ороп койбой эле ошол жигит соройлорун озунун тезегине чылап койбоптур . Сен ошого татыктуу шуркуясын...
Ziregul
![]()
26.12.2018. 19:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол башка жигиттерин сыяктуу бул да бир куну сени ошол суйуу толгон журогунду ылайга ороп , сезиминди тепселеп кеткенде кантер экенсин ,сен кимсин ал учун ? Сен ал учун каалаган учурда келип чанкагын кандырып кетчу адамсын , сени эч качан тандабашын билген акылдуу акмаксынгоо , артка жол жок туура , бирок алдыда жолдор бар
BoDiNur
![]()
26.12.2018. 22:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыныгы эркек, чыныгы эркек, идеал, пшш ошол идеал и чыныгы эркек болсо уйдогу аялы баласы бар туруп минтпейт эле, буга чейинки жигиттериндей болуп эле бул жигитин да суйуунду ылайга ороп чапчып ойноп журот урматтуу автор
dobrajelatel
![]()
27.12.2018. 04:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мээримге тойбой оскон бала чонойгондо ар кимден жылуулук издеп, мээрим издеп жакшы соз суйлогон адамга арбалат алданат. Баланарды коп-коп эркелеткиле, кучактап, ооп-жыттап, сени жакшы кором деп айткыла. Туулгандан баштап мээримге, суйууго бологуло.
wirintai27
![]()
27.12.2018. 21:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dobrajelatel,сизге 100% кошулам. Журокту мээримге толтуралы
asyl81
![]()
27.12.2018. 17:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булону бузган ХХХ жек кором
Модератор admin_media түзөттү 2018-12-27 20:41:34
Uchilka91
![]()
27.12.2018. 23:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамиле. Жылуу мамилеге, жөнөкөй, акысына эч нерсе талап кылынбаган мээримге чынында көпчүлүгү зар. Бул нерсени акчага сатып ала албайсың. Заказ менен да жасай албайсың. Мен түшүнөм...
AykaMer
![]()
27.12.2018. 23:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу Миргүл! Сага айтаарым өзүңдү колго ал,ат айланып казыгын табат. Сен өзүңдү кыйнап эзилгениң менен сүйгөн адамыңды кайтарып алалбайсың анткени анын жанында кошо каарый турган жубайы бар,5 баласыны,жакшы жаман күндөрдө чогуу болгон аялыны таштап,сага жетип келбейт.Эмне үчүн өзүңдү алсыз сезесин,эмнеге? Анын аялынан сенин эмнең кем? Өзүңдүн теңиңди таап бактылуу болууга сенин акың жокпу?! Ушуну ойлон,анан чечим чыгар.Бирөөнүн аманаты эч качан сага тиешелүү болбойт.Кудай баарын жуп-жубу м
AykaMer түзөттү 2018-12-27 23:33:18
Meken28
![]()
28.12.2018. 09:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Senin kelechekte kuioono da ushundai kylsyn saga okshogon ХХХХХ))
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-28 10:07:12
zinagull1996
![]()
28.12.2018. 14:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2буздунтагдыр окшош экен. Мен де да ушул койгой. Жаны жылга. Жаны жашоо баштап. Уй буломду 1чи орунга коеюн деп тилеп жатам бирок. Билбейм. Эрк куч керек. Албетте оной эмес
Fanatic
![]()
30.12.2018. 13:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эээх жашоо жашоо. Миргул эч кимге кулак салба озундун жашоон озун чеч бирок окунбой турган болуп терээн ойлон. Анан бир жагынан эркекти куноолобогуло эркектер ойнош ойногонуна аялдары куноолуу болот. Аялы ээринин оюндагыдай болсооле ошол ээри эч бир башка аялга барбайт. Эркектин бузулганы бул аялынан.
mirkaa5182
![]()
01.01.2019. 14:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Муну сүйүү дейт, сүйүүнү сүйүүп көргөн гана адам түшүнөт, сүйүп калсаң эч нерсесине карабай сүйөсүңго, чиркин.
ayko24
![]()
07.01.2019. 02:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirkaa5182, кучтуусуз го брат
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|