БИР БҮРКҮМ. АБАКТАН 270 АДАМ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАТ
№843 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
-

Жыл сайын 9-классты аяктагандардын
35 ПАЙЫЗЫ мектепте окууну улантышпайт.
-
Өлкөдө таза суу менен камсыздала элек 600дөй АЙЫЛ бар.
-
Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы ГУЛАМЖАН АНАРБАЕВге сөгүш жарыяланды.
-
Коррупцияга айыпталган Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы ЭЛВИРА ЖАРКЕЕВА камакка алынды.
-
Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков өз арызы менен МАНДАТТАН БАШ ТАРТТЫ. Ал буга чейин коррупцияга айыпталып жаткан.
-
УКМК: "Кытай жарандарына карата КАСТЫКТЫ КОЗУТКАН билдирүүлөрдү тараткандар кармалды".
-
Ош шаарында 3 бала ИТКЕ ТАЛАНЫП, ооруканага жаткырылды.
-
Орусияда курулушта иштеп жаткан Кыргыз жаранынын үстүнө БЕТОН ПЛИТА КУЛАП түшүп, ал каза болду.
-
КСДП фракциясынын депутаты АИДА КАСЫМАЛИЕВА вице-спикер болуп шайланды.
-
Жаңы жылга карата Бишкекте “Тез жардам” кызматы КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ иштөөгө өтөт.
-
Кеминде 11-класстын окуучусу СУУГА ЧӨГҮП каза болду.
-
2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу АБАКТАН 270 АДАМ эркиндикке чыгат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
-
Быйыл мектеп окуучуларынын КЫШКЫ КАНИКУЛУ 28-декабрдан 14-январга чейин созулат.
-
ИИМдин маалыматына таянсак, өлкөдө 11 айда 5798 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталып, 600дөн ашык адам каза тапты.
-
Бишкекте Мамлекеттик тарых музейин оңдоодо 118 МИЛЛИОН СОМдон ашык акча мыйзамсыз коротулганын Башкы прокуратура билдирди.
- Расмий маалыматка таянсак, өлкөдө 425 МИҢден ашык адам мамлекеттик жөлөк пул алууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0