Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«БАШТАЛОСЬ». ЗЕРЕНИН ӨЗГӨЧӨ КОНЦЕРТИ ЖАШТАРДЫН КОЛДООСУНА ЭЭ БОЛДУ

№844 4-10-январь, 2019-жыл


Концерттин аталышы – «Башталось»

Өткөн күнү – 29-декабрь

Өткөн орду – Бишкектеги «Асанбай» оюн-зоок борбору

Көрүүчүлөрдүн саны – Залдын 100 пайызы

Башталышы – 20:00 (50 мүнөт кечигип башталды)

Билет баасы – Бекер

Алып баруучу – Бексултан Жолдошев

Мыкты номерлер – Зеренин аткаруусундагы “Кыз” ыры жана битбокстун коштоосунда Зеренин күйөрман кызынын манас айтканы

КОНЦЕРТКЕ БАРБАЙ КОЮУ "КҮНӨӨ" ЭЛЕ

Сентябрь айында интернет желесине Зере аттуу кыздын ич кийимчен тартылган клиби чыгып, ал ыры жана мындай клиби менен кыргыз коомундагы кыздарга тыюуларга, чектөөлөргө каршылык билдирип чыккан. Зере аз убакыттын ичинде сынга да, экинчи тарабынан колдоого да ээ болуп чыга келди. 19 жаштагы Зеренин аялдарга карата гендердик теңсиздик, анын бир мисалы катары үрөй учурган Бурулайдын окуясынан улам таасирленип жазган “Кыз” ыры, негизгиси ага тартылган клип хейтерлердин соккусунун алдында калды. Ал гана эмес, “клипти өчүрбөсөң өлтүрүп кетебиз” деген коркутуулар болуп жатканын айтып ырчы кыз укук коргоо органдарына кайрылганы бар. Бул кырдаалга байланыштуу Зеренин атасы Асылбек Жоодонбеков “Зере менин кызым. Эркин ойлонгон, эркин мамлекеттин кызы. Мен анын ар бир чечимин колдойм” деп кызына чеп болуп берди. Ошол кыргыз коомчулугун бир силкинтип алган ырчы кыз 29-декабрда концерт берди. Бул концертке барбай коюунун өзү “күнөө” эле. Бир чети өз оюн ачык айткан, “эл эмне дейт?” деген рамкадан тыш жаш кызды жакындан тааныгым келсе, экинчи жагынан кадимки кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүкүнөн башкача концерт болот деген үмүткө жетелендим.

Концерт боло турган "Асанбай" борборуна баш бактым. Аз убакыттын аралыгында концерт бергидей канчалык күйөрман топтой алды, концертке канча адам келет деген чочулоо бар болчу менде. Андыктан келген адамдарга көз чаптырып жаттым. Зере 19 жашта, аны колдоп келген күйөрмандарынын дээрлик бардыгы ырчы кыз менен тең куракта экенин байкадым. Менин чочулоомду артка калтырып, залдын 100 пайызы көрүүчүлөргө, анын 90 пайызы кыздарга толду. Бул жакта да адаттагыдай эле кечигүү “салты” кайталанды, кечикпесек концерт көркүнө чыкпай калбайбы. Белгиленген убакыттан 50 мүнөт өткөндөн кийин алып баруучу сахнага чыга келди.

ХЕЙТЕРЛЕРГЕ АРНАЛГАН ЫР, ТОЛКУНДАНГАН АТА...

“Зере сахнага чыккыча бир аз колу-бутуңарды чоюп аны колдогонго даяр болгула” деген алып баруучу залдагы күйөрмандарды бир отургузуп, бир тургузуп бийлетип бир топ убарага салды. Аяз кызды чакыргандай “Зе-релетип” кыйкырып жатып көптөн күткөн Зере көрүндү. 2-кабаттагы адамдарды аралай 1-кабатка түшүп, зал толо күйөрмандарды жиреп өткөн ырчы кыз сахнага жетти. Бекер концерт, каалоочулардын бардыгына эшик ачык болгону Зеренин “мен эч кимден коркпойм, өз оюмду ачык айтуудан тайманбайм” деген жообу болду окшойт. Жаш кыздын эр жүрөктүгүнө баракелде дедим. Сахнада эч кандай жасалга жок, биз көнүп калгандай жалтыр-жултур кооз көйнөк кийген кыз эмес, май куюучулардын формасын кийген Зере турду. “Мени ич кийимчен чыгат деп ойлоп алган жоксуңарбы? Силер кийимден бийик ой жүгүртөсүңөр деп ишенем. Мага май куюучулардын формасы абдан жагат, андыктан бүгүн ушундай кийинүүнү туура көрдүм” деген ырчы кыз концертин атактуулук алып келген “Кыз” аттуу ыры менен баштады.

Жөнөкөй, ачык, негизгиси көрүүчүлөр менен тил табыша билген шайыр кыз ар бир ырына токтолуп, кантип чыгарма жаралып калганын күйөрмандарына айтып берип жатты. “Менин биринчи ырыма клип чыгары менен хейтерлердин саны өстү. Мен аларды түшүнөм, анткени 1-2 жыл мурун эле мен да хейтер болчумун. Кимдин жаман жагын көрө калсам деп эле аңдып отурчумун. Азыр ар бир терс комментарийден, дизлайктардан эргүү, алдыга умтулганга стимул алам. Кезектеги ырым хейтерлерге арналат” деген Зере “Мен башкача” аттуу ырын аткарып берди. Атайын боорунда “Ооба, башкачамын” деген жазуусу бар футболка дайындай келген экен. Аны ыр учурунда залдагы күйөрмандарына ыргытты. Кезектеги чыгармасын аткарып жатып ырчы кыз сахнанын четинде турган атасын чакырды. Кызына гүлдестесин тапшырган атасы толкунданып турганын жашыра алган жок.

КӨРҮҮЧҮЛӨР "ЗЕРЕ, СЕН АЗАМАТСЫҢ!" ДЕП КЫЙКЫРЫШТЫ

Зере концертке чейин интернетте онлайн сынак өткөрүп, анын жеңүүчүсү Алина аттуу битбокс аткаруучусу болгон экен. Концертте Алина сахнага чакырылып, битбокс аткарып берди. Андан соң залдан каалоочулар чыгып ырдап, Алина битбокс менен коштоп жатты. Эң кызыгы, залдан жаш кыз чыгып манас айтканы болду. Битбокс жана “Манас”. Мен жаштардын “Манаска”, кыргыздын тарыхына кызыкканына сүйүндүм, башкалар битбокс менен “Манастын” айкалышына сүйүнүштүбү же меникиндей эле сезим болдубу, айтор, айт-уйт деп эле колдоп жатып калдык.

Зеренин “Башталось” альбому “Кыз”, “Мен башкача”, “Илгери-илгери”, “Daddy told”, “Baby boy” аттуу 5 чыгармадан турат экен. Концертте да ушул 5 чыгарма жандуу аткарылды. Калың элге көп жайылбаганы менен, залдагы көпчүлүк ырчынын ар бир ырын коштоп жатка ырдап жатышты. Ал гана эмес, “Сен азаматсың”, “биз сени жакшы көрөбүз” сыяктуу колдоо кыйкырыктары ырчынын өз аудиториясы бардыгынан кабар берет.

"ИНДИЯГА КЕТИП ЖАТАМ..."

Канча бир жыл мурун өзгөчө стили менен кыргыз шоу-бизнесине Каныкей кирип, көптөгөн күйөрман топтоп, ийгиликтерге жете алган. Зереде дагы ошондой эле мүмкүнчүлүк бардай. Бирок ал Фейсбуктагы баракчасына “Концерт өткөндөн 10 күндөн кийин мен Индияга кетем. Акыркы күндөрү мага оор болуп кетти. Мен дайыма өзүм эмне каалап жатканым менен, менден эмне каалап жатышат деген суроого жооп издеп келем. Альбом чыгаруу менен өзүмө музыкант экенимди далилдедимби же аудиториягабы? Мен жашоонун маңызын, андагы өз ордумду, ким экенимди таанып-билгим келет. Андыктан мен Индияга кетип жатам, ал жактан мектепте волонтёр болом. Эч кандай драманын кереги жок, мен кайра келем” деп жазган. Ырчы кыз каалаган максатына жетип, кайрадан мекенине келсин деп тилек кылдым.

Ал эми концертти жалпылап айтсам, акустика начар болдубу, айтор, ырларынын сөзү угулбай, “ички үйдөгүлөр каткырса, сырткы үйдөгүлөр ырсаят” болуп элдин шарына кошулуп алып кылтылдап бийлеп жүрдүм. Ал эми сөзүн билгендер кошо ырдап-бийлеп жатышты. Вокал жагын айтсам, ырчы өзү үчүн, өзүн түшүнгөндөр үчүн чыгармачылык жолго түштү, 5 ыр болсо да жандуу ырдады көпчүлүк алдында. Демек, анда мындан ары да өсүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Битбокс жана "Манастын" айкалышы Зеренин күйөрмандарынын купулуна толду.
Концертке келген көрүүчүлөрдүн 90 пайызы кыздар болду.
Концертке Зерени колдоп атасы да келди.

Толик сынчы



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(10)
08.01.2019. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Индиядан келбей эле койчу.Супер инфо ушуга окшогондорду чыгарбай эле койгула да.Ар санынарда чыгат Гулзат чыпалак анжеликалар эл окугусу келбей калды уже
08.01.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошондо силер да Зерени колдойсунар,ушуну айтайын депсинерда.
08.01.2019. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бул концертке барбай коюу күнөө... күнөө кайсы учурда болоорун ажыратып алсаңар жакшы болмок.
08.01.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сени жакшы кором , Зере
08.01.2019. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Заман ушундайлардыкы болуп калды (чыпа,гулзат, ж. б. д. у. с)
08.01.2019. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне дейбиз эми Кыргызда Зереге окшогондорду жаштарыбыз колдоп Кыргыз деми Гулзат, баатыры чыпалак Кыргыз тасмасынын жүзү Ырыс эжекебиз болуп жатса.Тушунбойм ким колдоп кимдер мактап жатат. Бекер болсо лом жутам деген заманда бекер киргендер колдойт да. Ошол торт беш адамдын колдоосу жалпы жаштар деп айтылып калды
08.01.2019. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атасы Асылбек Жооданбеков Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучусу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда сабак берет. Ойлогон эмес элем, кызы ушундай деп...
09.01.2019. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз коому кайда баратат. Кудайдан жөө качкандар жылдыз болгон заман...
09.01.2019. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайында колго барбагандай, жыланач кыздарды корбогондой, озунор купальник менен, плавкачан журбогондой эле суйлойсунор да ))))) Кээ бир (баары эмес) кийимчен жургон, жамынып алып, сакал коюп алып жургон уяты жокторго караганда ушул жаш кыздын ою, тилектери тоолук ойдо, таза!
10.01.2019. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жыланач клип тартса эле озгочо болуп кеттиби.Толик сынчы ошонун концертине барбай калганды куноо деп эсептедиби.Муну мактоо менен эмнени айткысы келди бул гезиттин.Чечине албай аран турган кыздарга майдай эле жакты го дейм бул Зере.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: