БИР БҮРКҮМ. КЫРГЫЗ ЫРЧЫЛАРЫНАН ДУЭТТЕР ПАРАДЫ...
№845 11-17-январь, 2019-жыл
-

Январь айында кыргыз ырчылары Москваны “каптайт”. Айдын башында ырчы
ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ Москва шаарындагы көңүл ачуучу жайлардын биринде концерт берип келсе, алдыда
ДАНИЯР ЭРМАТОВ, БАКТИЯР ТОКТОРОВ, АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА жана
ГҮЛНАРА КАЛДАРОВА да мекендештерине ыр белегин суналы деп камданышууда.
-
Жыл башы дуэттерге бай болду. НУРЛАН НАСИП менен КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ “Кыргыз кыздары”, АМИР АСКАРОВ менен ЧОЛПОН ТАЛИПБЕК “Жүрөгүм эзилет” дуэтине клип тарттырышса, ИСА ӨМҮРКУЛОВ менен МАЛИКА ДИНА “Дил кайрык” ырын жаңылап жаздырып, клип тартууга даярдык көрүшүүдө.
-
Ырчы КЫЗДАРКАН КЕЛДИБЕКОВА “Жазгы кеч” ырын сунса, ЗАМИР АРЫКБАЕВ “Кайда элең?” чыгармасын угармандарына тартуулады.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0