Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«ДИАНА ГУРЦКАЯ СЫЯКТУУ БЕЛГИЛҮҮ ЫРЧЫ БОЛСОМ ДЕЙМ...»

№230 30-март-5-апрель, 2007-ж.


Орус шоу-бизнеси мил­лиондогон күйөрмандардын жүрөгүн ээлеген ырчыларга эле эмес, ошол ырчыларды таап, сахнага таптап чыгарып берген продюсерлерге да бай. Эгер кыргызда Игорь Николаев өңдүү продюсер болсо, булбул үндүү Гүлүм Касымбаева да Диана Гурцкая сыңары сахналардын көркүн ачып , бүгүнкү күндөгү кыргыз шоу-бизнесинен өзүнүн татыктуу ордун таап, күйөрмандарына чексиз ырахат тартуулап тураар беле?! Анткени, кайсы бир кездерде Диана туш болгон кыйынчылыктарга жердешибиз Гүлүм да кез келип, көө­дөндөгү таланты оргуп ташыганы менен кош каректин азабынан сахнадан тиешелүү ордун табалбай кыйналып келет.

АККУУНУ КӨРГӨН ЭМЕС

«Ак булутту аралап ай баратат,
Аккуу болуп көлдөгү жай баратат...»
Борбор шаарыбыздын чок ортосунан орун алган кафеге башбага берээримде айтылуу Таттыбүбүнүн ыры жаңырып, жандүйнөнү эргиткен жагымдуу үнгө мен эле эмес, ошол тегеректе жүргөндөрдүн баары кулак төшөп калышты. Шыр эле кирип барып, ырды бузуп жиберчүдөй айбыга демимди ичиме катып, жагымдуу ыргакты тыңдап турдум. Анткени, бул ырды жөн адам эмес, тагдырдын буйругунан улам кош жанарынан, ушул бизди курчап турган укмуштуу кооз дүйнөнү көрүү шыбагасынан айрылган адам ырдап жаткан... Көк мелжиген айды, көлдөгү аккууну өмүрүндө көрүп билбеген адам ырдап жаткан...
Бул кафеге келгенибиздин максаты – андагы коноктордун көңүлүн көтөрүп, аз убакыт болсо да жакшы эс алуу тартуулап, орусча, кыргызча, англисче ырдап, керек болсо бийлеп да бүйүрүн кызытып жатышкан музыкант жубайлар менен маектешүү эле. Угушубузча, кубулжуган үндүү Гүлүм, анын жолдошу Бахтияр экөө тең азиздердин мектебин аяктаган адамдар.
Зал толо конокторго арнап ыр ырдап жаткан айымды көргөндө таң калбай коё албадым. Жамгырдын тамчысына жуулгандай ушул капкара мөлтүрөгөн каректерди көрбөйт деп айтуу мүмкүн эмес эле. Бул айымдын көкүрөгүндө кандай көйгөй жаткандыгын баам салган адам эле байкабаса, жөн адамга билинбестей.
Гүлүм менен таанышып, жөн-жай сурашып алган соң узун кепке кирдик.

БАЛАЛЫКТЫН БАЛДАЙ ТАТТУУ КҮНДӨРҮ

Ысыккөлдүн Түп районунда жайкысын жайлоого, кышкысын кыштоого көчүп-конуп жүргөн көп балалуу чабандын бүлөсүндө көктөмдө төрөлгөн кызыл эт наристеге тагдыр кандай белегин даярдап койгондугун анда эч бир жан билген эмес. Он баласынын кичүүсү, көкүрөк күчүгү болгон бул кызды атасы да, энеси да үстүнө үйрүлүп түшүп алпештеп багышты. Кызынын мөлтүрөгөн каректеринин көрбөй тургандыгын ата-энеси наристе колдорун сермей тамтуң баса баштагандан тартып даана билишти. Дарылатууга болгон аракеттерден оңдуу майнап чыкпай, күндөр өтө берди.
– Кичинекейимде Бөкөнбулак, Арчалуутөр деген жайлоолорго чыкчубуз. Мен козу-улакты жакшы көрөөр элем. Бир козубуздун энеси өлүп калып, кичинекейинен сүт берип баккам. Аны алыстан эле үнүнөн, басып келе жаткан дабышынан таанып алчумун. Бассам-турсам ээрчип, мен момпосуй жесем момпосуй, токоч жесем токоч жеп, артымдан калчу эмес. Апама жардам болсун деген эжелерим менен жетелеше тоодон отун сүйрөп, музоолорду айдап дегендей, кичинекейимде тил алчаак, анчалык шок эмес кыз болсом керек,- дейт балалыгын эскерген Гүлүм.

«АПАМ ЖАПКАН НАНДЫ САГЫНДЫМ...»

Жетиге чыккан кызды энеси менен атасы Фрунзедеги азиздер жана көрүүсү начар балдарга ылайыкташтырылган жатак-мектепке жайгаштырып кетишти. Ошентип, бирде кубаныч, бирде капачылык, күтүү, кусага баткан күндөр менен коштолгон окуучулук жылдар башталды.
– Ал жылдарды эскерүү да жагымдуу,- дейт жылмайган Гүлүм. – Мектепте аябай жакшы окубасам да, «начар» деген баа алчу эмесмин. Сабактан тышкары дайыма кызыктуу оюндар, дегеле эригүүгө убакыт жок болчу. Кийинчерээк апамды, атамды сагынып, кусага батчу болдум. Күтүүсүздөн апам келип калган күндөр мен үчүн чоң майрамга айланаар эле. Эгер Керим Тураповдун «Туулган жер» деген ырын ошол кезде билсем, мен да ошентип ырдасам керек эле. Анткени, апам жапкан нанды сагынып, мен деле далай ирет кусага баткан элем да...

ТАБИЯТ ЫРООЛОГОН ШЫК

Телегейи тегиз адам болбосо керек. Түркүн түскө боёлгон дүйнөнү көрүп-билүү шыбагасынан куру койгон пендесине табият өзгөчө талант, шыкты ыроолоптур. Кичинекей кезинде той-тамашаларга барганда атасынын колтугунан башы араң көрүнгөн кичинекей Гүлүм коңгуроодой шыңгыр үнү менен ырдап берип, элди ыраазы кылаар эле. Мындай таланты мектепте да байкалып, 4-класстан тартып жеке ырдап чыга баштап, түрдүү ыр-конкурстарга, фестивалдарга катышып, көкүрөккө батпай оргуштаган сезимдерине эрк берип алчу. Мындай сезим-туйгулар тынчтык бербей, мектепти аяктаган Гүлүм түз эле музыкалык окуу жайына бет алды. Ал кезде «кереметтүү музыканын артынан дагы 10 жыл окуйм» деген ой түшүнө деле кирбесе керек эле.
Бийликке, байлыкка тойбогон адамдар бар деп коёбуз. Ал эми Гүлүмдү билимге тойбогон адам десе болчудай. Музыкалык орто окуу жайынан кийин Опера Балет театрынын алдындагы студияда, СССРдин айтылуу эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын классында 2 жыл билим алып, андан соң Искусство институтуна тапшырып, бир жылдан кийин таштап салууга аргасыз болуп, андан соң Медициналык академиянын алдындагы окуу жайынын массаж бөлүмүнө тапшырып, 2 жылда аны бүтүрүп чыккан. Ал эми учурда Улуттук консерваториянын эстрадалык кафедрасынын 2-курсун аяктап жаткан кези.

«УШУНДАЙ ДА ЧАЧ БОЛОБУ?»

Азиздер – өзгөчө адамдар. Адам баласынын айлана-чөйрөнү, жашоону, адамдарды таанып-билүү­сүндө көздүн ролу 90 пайызды түзөт. Ал эми азиздерде маалымат алуунун бул булагы жабык. Алар кадимки мектептерде окуй албаган өңдүү эле өмүрлүк жолдош, жубайларын кадимки пенделер сыңары көзү менен эмес, ички туюм аркылуу таап, тандашат. Башкача айтканда, алардын далай соо адамдар сыңары көкүрөктөрү сокур эмес. Бир өмүрдө жанында болоор өмүрлүк жолдошун тандоодо Гүлүм да көкүрөгүнө, жүрөгүнүн шыбырына таянды.
Жакында энелик бакытка ээ болгону турган ал: «Боюмду узун, бутумду түз, келбеттүү жаратып койгону үчүн Кудайга ыраазымын» деп тамашалаганды жакшы көрөт. Албетте, ар бир тамашада кымындай болсо да чындык бар. Анын тамашасын коштогон жолдошу Бахтияр Мамбетказиев:
– Чын эле эгер Гүлүмдүн буту түз болбосо, анан да мынчалык жагымдуу үнү болбосо, балким, мен маани деле бербей кала берээр белем, ким билет?- дейт.
Экөө чындыгында, мындан 10-15 жыл илгери эле бет келишкен. Болгону чачтарын сексеңдете мектептин короосунда ойноп жүргөн кызды ал кезде боз улан Бахтияр байкаган да эмес. Экөө бир мектепти бүтүргөндөрүн кийин билишип, табышып калышты. Ал мындайча болгон эле.
Мындан туура 6 жыл илгери Бахтияр азиздер үчүн ыңгайлаштырылган Окуу-өндүрүштүк ишканасынын алдында уюшулган ансамблде гитарада ойноп жүргөн күндөрдүн биринде эки кыз «ырдайбыз» деп келип калышты. Жетелеше кирип келген ал кыздар Гүлүм менен курбусу Индира эле. Гитара ойноп жаткан жигиттин алдына туруп алып ырдап кирген кыздын алгач жанда жок мукам үнү, белине чейин төгүлгөн узун чачы, узун буттары (жигит караандарды ажыратып көрө алат экен), келбети жагып, кантип таанышуунун айласын таппай, акырында жинине тийип чычалатмай болот.
– Ушундай кантип чач болсун?- жанына келип жактырбагандай үн менен чачына асылган жигиттен кыздын эти жыйрыла түшкөн.
Ошондогу бир аз алым-сабак айтышуунун аягы болочок жубайлардын таанышып калуусуна жеткирет.
– Алгач Бахтияр такыр жакчу эмес. Өзүнчө эле кербез, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон жигиттей туюлаар эле. Өзүм тартынчаак, бирөөлөргө жагынып жармаша бергенди жактырбаган, ичимтап адам болгондугумдан, анын ачык-айрым тартынбастыгы, беттегенин бербеген кежирдиги мага ушундай туюлса керек. Ал кезде менин жигитим бар болчу. Улуттук университеттин журналистика факультетинде окучу. Сыягы, ал кезде менде өзгөчө деле күйүп-жанган сезим болбосо керек. Бир жылдай чогуу жүрүп, анан алыстап кеттик. Бахтияр болсо көңүлүмдү алыш үчүн түрдүү жоруктарды жасачу. Ансайын кыжырым келип жактырбай, андан алыс кеткиче шашчумун. Бирөөнүн көзүн карап, би­рөөгө жүк болгум келчү эмес. Күн­дөн-күнгө мамилеси олуттуу тартып баратканынан корко да баштагам.
– Гүлүм туура айтат,- дейт Бахтияр. – Менден качып, жактырбай жүрүп эле кандайча макул болуп калганын өзү да байкабай калды. Мен башында эки оттун ортосунда жүр­гөндөй абалда калгам. Гү­лүмгө чейин Ысык­көлгө эс алууга келген бир айым менен таанышып калып, чакырганынан Алматыга чейин барып, айтор, олуттуу эле мамилебиз бар болчу. Бул кыз менен таанышып, жакындан билгенден тартып «Алматыда жашап, жолумду таап кетем» деген оюмдан айный баштадым. Же Гүлүм биротоло макул болбойт. Ошол маалда Гүлүмдүн эжеси турмушка чыкты. Мени «Түпкө тойго күйөө жолдош (жездесине) болуп барып кел» деп сунушташты. Дал ошол күндөрү Алматыдагы айым: «Биротоло биз жакка көчүп кел, чогуу жашайбыз» деп чакырып калбаспы. Эки айрылыш жолдо эки анжы болуп, башымды оорутуп жаман кыйналдым. Анан Гүлүмдү тандап, аны менен Түпкө кетип калдым.
– Мен тартып алдым,- деди өзүнө маашырлана жылмайган Гүлүм кепке аралашып.
Ошентип, бир жыл жөн гана жакын адам­дар, үч жыл кыз-жигит болуп ээрчишип жүргөн бул жуп таанышкандарынан төрт жыл өткөн соң баш кошушат.

«ДИАНА ГУРЦКАЯНЫ ЖАКТЫРАМ»

Балким, Гүлүмгө Орусиянын бул ырчысы шыңгыр добуш авазы менен эле эмес, өзүнө окшош тагдыры менен жакындыр... Бирок, менин каарманым өзүнүн эң эле оор, кейиштүү тагдырын айтып, балбалактап ыйлактай берчү­лөрдөн эмес.
– Балким, мага чындап көмөк берип, чоң сахнага алып чыга алаар демөөрчү табылып калаар. «Сен ырдашың керек» деп Бахтияр да басса-турса кулагыма куят. Көбүнчөсү классиканы, опера ырчыларын жактырам. Анан Диана Гурцкая өзгөчө жагат, ошондой болуп ырдагым келет...
Улутуна ойлонуп отуруп калган Гүлүмдүн жүзүндө не кейиш, не өкүнүч жатканын ажыратып билүү ушул тапта кыйын эле.
– Гүлүмгө Кыргызстанда топтон суурулуп чыгып, чыныгы ырчылык ишин, чыгармачылыгын өнүктүрүп кетүү мүмкүн эместей. Аман-эсен көз жарып алса, Казакстанга алып кетсемби деген оюм бар. Ал жактан күчтүү продюсер тапса болот. Менин Гүлүмүм сөзсүз чоң сахналарда ырдашы керек. Минтип кафелерде ырдап кала бергенге татыктуу эмес,- дейт Бахтияр мени узатып чыгып.
Эмне дейбиз, мындай «кимди ким көрдү?» болуп кыйсыпыр түшкөн заманда алты саны аман пенделер деле кыйынчылыктарга жеңилип мүңкүрөй, туңгуюктардан жол таап чыга албай жатышпайбы. Ошолордун фонунда адамдык улуулугун, бийиктигин жоготпой, татыктуу жашоо үчүн бирин-бири жетелеп, колдоп, келечекке умтулган бул замандаштарыбызга ийгилик, аманчылык гана тилейбиз.

Айбек Нурадилов



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: