БИР БҮРКҮМ. АКШга ЭЛЧИЛИККЕ БОЛОТ ОТУНБАЕВ КӨРСӨТҮЛДҮ...
№845 11-17-январь, 2019-жыл
ТИМ Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине мурдагы тышкы иштер министри АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВдун талапкерлигин көрсөттү.
-
Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилигине ДИНАРА КЕМЕЛОВАнын талапкерлиги көрсөтүлдү.
-
ТИМ Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигине учурдагы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси БОЛОТ ОТУНБАЕВдин талапкерлигин көрсөттү.
-
КАНАЙЫМ БАКТЫГУЛОВАны ТИМ Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигине көрсөттү.
-
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети ЭЛЧИЛЕРДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН 15-январда карайт.
-
УКМК Бишкек ЖЭБин жаңылоодо мамлекетке 111 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДАН ашык зыян келтирилген деп жарыялады.
-
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы АЖЫЛЫК САПАРГА баруучуларды каттоо 9-январдан башталганын жарыялады.
-
Премьер-министр Абылгазиев БИЗНЕС-ОМБУДСМЕН институтун түзүү жөнүндө токтомго кол койду.
-
Сооронбай Жээнбеков ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВге ырайым берүүдөн баш тартты.
-
Бишкек шаарынын экс-мэри КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВго “Коррупция” беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү.
-
"КУМ-БЕЛ" көмүр кениндеги абалды изилдөө боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссия түзүлдү.
-
Ички иштер министринин мурунку орун басары ДАНИЯР АБДЫКАРОВ "Манас" аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын башчысы болуп дайындалды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0