Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Максат Садырбеков, ырчы: «ТОГУЗ ЖЫЛ КЫЗ-ЖИГИТ БОЛДУК, ТОЮБУЗ ЖАКЫНДА»

№846 18-24-январь, 2019-жыл


Кезектеги маегибиз лириканы сүйгөндөр, романтиканы жактыргандар үчүн десек болот. ”Сүйүү – болбогон бир жомок” дегендер деле көз кырын салып окуп койсо пайдалуу деп ойлойм. “Таттуу түгөйлөр” рубрикабыздын бул жолку коногу ырчы Максат Садырбеков жана анын сүйүктүүсү бийчи Айсулуу Молдалиева болмокчу.

– Максат, Айсулуу, эң алгач таанышкан кезиңерди эстесеңер, бир көрүп сүйүү болду беле?


Максат: – Менин эсимде, сенинчи?

Айсулуу: – Биз таанышканда мен 15 жашта, Максат 17 жашта эле. Мен хореографиялык училищеде окучумун. Максат болсо Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окучу. Биздин окуган мекемелерибиз бир короонун ичинде болчу. Мектептен чыгып, кетип баратсам байкап калган окшойт (күлүп), анан социалдык тармактардан жазып калды.

М.: – Мен кайсы жерден көрүп калганымды өзүм айтып берсем болобу (күлүп)? Жогоруда айткандай, биз бир короодо окудук, танаписте чыгып карасак балериналар жүгүрүп, секирип аябай кызыктырышчу. Айсулуунун татынакай экенин байкап калдым. Анан социалдык тармактан таап алып “Кандайсың?” деп жаздым, бул жооп берген жок. Экинчи күнү “жакшы” деп жазыптыр. Телефон номерин сурасам берген жок, жарым жылдан кийин араң берген. Сүйлөшүп жүрдүк, бирок бир жарым жылдай жолуккан жокпуз. Жолугалы десем эле баш тарта берчү.

А.: – Биринчи жигитим Максат болду. Эмнегедир эркек балдар менен жолуккандан коркчумун, чакырышса кача берчүмүн. Ошентип жүргөндө Максат телефон чалып “сенин үйүң жакта жүрөм. Сыртка чыксаң...” деп маселени кабыргасынан коюп туруп алды. Биринчи жолугушууда бири-бирибизден уялып, сүрдөп жүдөгөнбүз. Бир карап туруп сүйүп калуу болот дейт го, бизде андай болгон жок. Улам бир жакшы сапатын таап алып, жактырып жүрүп отурдук.

– Канча жылдан бери чогуусуңар, бул учурда канча жолу таарынышып, элдештиңер?
М.: – Тогуз жылдан бери кыз-жигитпиз. Баарыңар билгендей, мен “Non stop” дуэтинде ырдап калдым. Продюсерибиз менен түзгөн келишимде жеке жашообуз тууралуу айтпашыбыз керек болчу. “Сүйлөшкөн кызым бар” деп бир эфирде айтып салгам. Эфирден чыккандан кийин продюсерибиз “Эми сүйүктүүң бар экен, ортоңордо сезим бар экен. Бирок чыгармачылыкта сезимдер экинчи орунда болушу керек” деп айтты. Мен Айсулууга баарын түшүндүрүп айтып берсем, кабыл алды. Бирок мамилебизди жакындарыбыз, досторубуз билчү. Таарынычтар болбойт деген мүмкүн эмес да, үч-төрт ай такыр сүйлөшпөй калган учурларыбыз болгон. “Сүйүктүүңдү чындап сүйсөң коё бер, эгер ал сеники болсо келет” деген сөз бар го. Мындай учурларда иштер менен алек болуп, энергиямды башка нерсеге коротконго аракет кылчумун. Кээ бир кыздар бар го, жигити менен таарынышып кетсе, дароо башканы таба койгон. Айсулуу андай кылган жок.

А.: – Биз бул учурда сүйүүбүздү текшердик деп ойлойм. Идеалдуу адам болбогондой эле мамиле деле идеалдуу болбойт да. Азыр кандай абал болбосун бирге чыгып кеткенге аракет кылабыз.

– Элдешүүгө ким кадам жасайт адатта?
М.: – Таарынышып кеткенде достор аркылуу кокусунан жолугуп калдык. Сүйлөшүп жатып, биз дагы деле бири-бирибизди сүйөрүбүздү билдик. Кадам экөөбүздөн тең болду го.

– Бош убакытты кандай өткөргөндү жакшы көрөсүңөр?
А.: – Бардык эле түгөйлөрдөй киного барганды жакшы көрөбүз, достор менен убакыт өткөрөбүз. Көбүнчө чогуу тамактанганды жакшы көрөбүз. Кээде тамактануу үчүн деле жолугуп калабыз.

– Мамилеңерде силер үчүн өтө маанилүү эмне?
М.: – Ишеним жана түшүнүшүү. Түшүнүшүү – мамиледе өтө керек нерсе. А ишеним – сүйүүнүн жүрөгү. Мисалы, Айсулууну курбулары менен көп жерге жиберем. Ар бир адамдын өзүнүн дүйнөсү болушу керек да. “Жок, меники эле, меники” деп мыкчый берсең тез эле мамиле сууп кетет. Эмне эле мени алдап жаткандай карап жатасың (сүйгөнүнө кайрылып)? Туура эмес айтып жатамбы?

А.: – Туура.

– Лидер ким?
М.: – Өз чөйрөбүздө экөөбүз тең лидербиз. Чечимдерди бирдей эле кабыл алабыз. Айсулуу өз ою бар, өзүнүкүн бербеген кыз, азыр силердин алдыңарда созулуп отурат, бирок (күлүп)...

А.: – Үй-бүлөдө деле, сүйүү мамилесинде деле эркек лидер болгону жакшы. Мага Максаттын жанында лидер болбогон жагат.

– Бири-бириңер үчүн ыйладыңар беле?
А.: – Тогуз жыл ичинде эмоциялардын көп тепкичин басып өттүк. Албетте, экөөбүз тең бири-бирибиз үчүн ыйлаган учурубуз болгон. Бирок эмнеге, качан деген нерсе купуя сакталышы керек деп ойлойм.

– Кызганыч жашооңордун канча пайызын түзөт?
М.: – Мен кызганчаакмын. Көз караш деген эң башкы нерсе го. Айсулуу бирөө менен тиктешип калганын көргөндө башым “дүң” дей түшөт. Бирок бул жөн гана көз караш экенин билем деңизчи. Кээде мен деле кыздар менен тиктешип калам, ээ (күлүп)? Анда Айсулуу жаман көзү менен карап калат.

А.: – Мен деле кызганчаакмын. Башкы этаптарда кызганыч көп болгон экен. Азыр кызганышып урушпайбыз. Менин оюмча, ар кимдин өзүнүн жалгыз кала турган, эс ала турган жери болушу керек.

Мен Опера-балет театрында иштеп жүргөндө бийлеп жатып бутумду сындырып алгам. Андан кийин кайсы кесипти аркаласам деп ойлонуп жатып, өзүмдү визажист катары сынап көрдүм. Окуп баштаганда эле бул иш меники экенин түшүндүм. Азыр визажист болуп иштейм. Көйнөктөрдү тиктирип сатам, ижарага берем. Андан тышкары, клиптерге тартылып, актриса катары да өзүмдү сынап көрдүм. Кызганып эле жатып кала тургандай убакыт да, шылтоо да жок.

М.: – Айсулуунун ушу сапатын аябай баалайм. Бир нерседен бир нерсе кылып эле чуркап иштеп жүрө берет.

– Силерди капа кылган сын?
А.: – “Non stop” дуэти тарап кеткенде мени күнөөлөп көп жазышты. Түшүнбөй эле дуэт тарап кеткенине мени күнөөлөй беришти. Азыр бизге терс пикир жазгандар деле жок, тескерисинче, көбү жакшы тилектерин жазышат.

– Айсулуу, Максаттын эң эсиңде калган белеги?
А.: – Башында сюрприз жасачу. Азыр үй-бүлөдөй эле болуп калдык окшойт, майрамдарда белек берерде эмне керек экенин сурап алабыз. Мурун Максат мага өз колу менен кутуча жасап берген. Кагаздан жасалган, кутуча ачылганда ичинен жүрөкчөлөр чыгат. Ар биринде мага арналган жакшы сөздөр бар. Сактап койгом, колума кармаганда жылмайып алам.

– Максат, Айсулуунун таң калтырган жоругу?
М.: – Мен анда кафеде иштеп жүргөм. Бир күнү Айсулууга чалып “Сен таксиге түшүп келе бер, мен акчасын төлөп тосуп алам” дедим. Күз айлары болчу, шатыратып жамгыр жаап жаткан. Эмнегедир кечигип жатты. Бир маалда телефон чалды, чыксам Айсулуу жөө келе жатыптыр. Шөмтүрөп суу... Таң калдым. Башка кыздарга “такси менен кел, мен төлөп коём” десе, такси менен эле келет да. Бул болсо жолдун узундугуна да, жамгырдын жаап жатканына да кайыл болуп мага келгенине ыраазы болдум. Кеп менин акчамды аяп жатканында деле эмес, айтор, мага аябай ушул жоругу таасир калтырган. Ар бир жолуккан сайын эле улам бир жоругун байкап, мүнөзүнүн жаңы жактарын ачып ого бетер ашык боло бердим.

– Той качан деп сурагандар көп болсо керек, ээ?
М.: – Жакында десем да кызыктай угулат болуш керек (күлүп). Негизи былтыр эле үйлөнмөкпүз. Айсулуунун апасы Америкада, жалгыз кызы болгондуктан бул өзгөчө күндө жанында болсо деп күтүп жатабыз. Үйлөнүүгө даярбыз.

– Анда тойдо көрүшөлү...

ЖЫЛДЫЗДАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Максат – бийкеч, табияты жер.

Айсулуу – суу куяр, табияты аба.

Суу куяр аял менен бийкеч эркек дароо тил табышып кетпейт. Бийкеч эркек суу куяр аялга кызыксыз көрүнсө, суу куяр аял бийкечке түшүнүксүз сезилет. Бирок убакыт өтүп алар бири-бириндеги эң башкы сапатты таба алышат. Суу куяр аял бийкечтин сүйлөнө берген сапатынын аркасында өзүн коргогусу келип жатканын туят. Бийкеч болсо жеңил көрүнгөн суу куярдын аркасындагы сезимтал мүнөзү бар экенин байкайт. Бул эки жылдыз белгисин алып жүргөн адамдардын никеси туруктуу, бактылуу болот.



Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg



Максат Садырбеков, Айсулуу Молдалиева: "3-4 айлап таарынышып жүргөн кездер болгон"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(24)
22.01.2019. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула, соонун тугойлор.
22.01.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
Башка кыз болгондо деп башка кыздарды жерге ура бербе Макс.Ал кыздарда да жакшы мүнөз жакшы сапат бар Айсулуу дүйнөдө бир штук болгонсуп көкөлөтүп салыпсын го.Бакыт каалайм силерге.Айс экөөң балалуу чакалуу болуп түбөлүкө бирге болгула.
22.01.2019. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! Айсулуу чын эле Джессика Альбага окшош.
22.01.2019. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай соонун жооб беришиптирго.Бирда жасалмалуулугу жок.Айсулууда адамдык сапаты ото бийик экен.Жопжонокой кыз экенсин ошонундан жазбагын.Таттуу тугойлор болгула.Бактылуу балалуу болгула.
22.01.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
9жылдан бери кыз жигитпиз деп...биротоло торолгондон бери эле кыз жигитпиз дешпептир...)))
Бактылуу болгула!!!:)
SUPER.KG видео
22.01.2019. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула жаштар!
22.01.2019. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Максат коп айтат ко Жесика Албага окшош деп,ошондо Максат Айсулуну эмес Жесика Албаны суйобу Тамаша)
SUPER.KG видео
22.01.2019. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу азамат,кыргызча билбейт го деп ойлоп журупмун таза так суйлойт турбайбы.
23.01.2019. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул ырчылар га эч эле ишенбей деле калдым кызыкпай деле калдым,ырчылардын турмушу 30%гана бактылуу калганына такыр ишенич жок,Бул Максат,Чолпонду тамашатордо, тамашага салып алып качканда, ансыз жашай албагандай абалда койобер Чолпонду деп артынан барып Тополон салган элего мындан 2.3жыл мурун,ошондо Чолпонду чын суйооруно ишенгем,а азыр болсо 9жылдан бери кызжигитлек дегенине Садиктеги балада ишенбесе керек просто ХХХХ да ушулар! Чолпон ХХХХХ бирок салыштырганда!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-01-23 09:50:25
23.01.2019. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Busi06,андай эмес болгон. Жон эле макул дегенсип борсок жеп жургон го.
23.01.2019. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Busi06, этика нормаларын сактаңыз.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-01-23 15:43:29
23.01.2019. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула
SUPER.KG видео
23.01.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баруучу укмуш го ото жылдыздуу эже экен. Бир карасан башкача бир карасан жылдыздуу экен. Тиштери акак го. Ишинн ийгилик буларды билбейм мен
SUPER.KG видео
23.01.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болду алып баруучуну кордум байкадым бул жаны кыз окшоойт деп
24.01.2019. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат ишине ийгилик менде бир суроо
9 жылдан бери суйлошуп журсонор ном стоп дуети менен жургондо Чолпон менен бир гостролдоп бир жашап чогуу кучакташып эле журдунор го . Бул деген суйлошкон кызын туруп бироонун кызын ошентип жургонун бул туура эмес нерсе болсо керек же болбосо сенин суйлошкон кызын Айсулуу ошентип бироо менен кучакташып жургонун корсон сен деле башкача ойдо болсон керек.суйгон кызын бар экен эле бир аз эртенки кунду да ойлош керек болчу
24.01.2019. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 jyl jurushso bularda ХХХХ bolgonbu je bolo elekpi))
Модератор admin_portal түзөттү 2019-01-24 18:16:28
24.01.2019. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meken28, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
24.01.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байпагы кантет )))))
26.01.2019. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Максат менен Сайкал садыбакасовадан интерьвю кутом
26.01.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнегедир Макстан жасалмалуулукту байкадым.9жыл суйлошуп журушкондой деле эмес го мамилелери.Чолпон экоонк кыз жигит деп ойлочу экем.
28.01.2019. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар кимдер? Циркте аранжировка болуп иштешеби?Спектакль койушкандарбы?Тогуз жыл суйлошкон учун рекорд койушкандарбы? Кечиресиздер эмнеси болсода уйлонушсо бактылуу болушсун.Чындыгын айтсам буларды мен кимдер экенин билбейт экенмин!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-01-28 04:11:15
28.01.2019. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу Макст енин иниме абдан окшош экен, кээдеинимди Аксатпы деп алмаштырып алышат экен да.
Сүйүүңөргө ийгилик, ит үрөө берет, кербен жүрөө берет....жакпагандарга жагышыңар шарт эмес, бар болгула.
28.01.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубанычтамын,бактылуу болгула♥
31.01.2019. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 жылды аябай баса белгилеп айтышыптырго,бул мактанчу нерсе эмес айланайындар,9жыл не кылып журдунор уйлонбой? 9жылда эмнелер гана болбойт.
Айтор,бактылуу болгула,жакшы адамсынар,баалайм негизи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: