Экс-элчи Кылычбек Султан жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине жаңы 2019-жылда президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болору тууралуу пикирин билдирди. Кылычбек Султандын пикиринде, бул жыл Жээнбеков үчүн тагдыр чечүүчү жыл болот.
"Карапайым эл ар дайым президенттен реформаларды күтөт. Азыр элде андай үмүт өчүп баратканы байкалууда. Өткөн жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганы менен, чындыгында өзүн бийликке алып келген санаалаштарына каршы күрөшүү жылы болду.
Эгерде Бабанов жеңишке жетишкенде азыр чечкиндүү реформалардын күбөсү болмокпуз, анткени Бабанов реформатор экенин премьер кезинде далилдей алган.
Менин чочулаганым, Жээнбеков бул жылды реформалардын эмес, репрессиялардын жылына айлантып алганын өзү байкабай калышы мүмкүн. Анын аягы жакшылыкка алып барбасы баарыбызга эле белгилүү",- деген оюн билдирет экс-элчи.
politika@super.kg