Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алтынай Нарбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «КАЙНЕНЕ БОЛГОНГО МОРАЛДЫК ЖАКТАН ДАЯРДАНЫП ЖАТАМ»

№848 1-7-февраль, 2019-жыл


Буга чейин ырчы Алтынай Нарбаева «Кат жазчы мага?», «Кимибизден?» сыяктуу ырлары менен угармандардын жүрөгүнөн орун тапкан. Ал эми 2018-жылдын «Супер тандоосунда» окуучусу Мирбек Атабеков менен чогуу аткарган «Мен сени сүйөм, өмүр» аттуу дуэт көпчүлүктүн добуш берүүсү менен «Жылдын мыкты дуэти» деп табылды. Бул ирет жаштардан кем калбай хит артынан хит жазып, кумурскадай талыкпай эмгектенип, изденүүнүн үстүндө жүргөн Алтынай айым менен маек курдук.



– Алтынай эже, саламатсызбы? Маек башындагы фотосессияда мени арыктатып койгула деп айтып калдыңыз, диета кармап жатасызбы?

– Саламатсыңарбы? Мен тез толуп, тез арыктайм. Кичине санаа тартсам эле арыктап кетем. Негизи эле 4 жылдан бери диетадамын. Авто кырсыгына кабылгандан кийин дарыгерлер диетага отургузушкан. Бирок ага карабай эле нанды аябай жакшы көрөм. Союз маалында "нанды жебе, суюк тамак ич" деп эч ким деле айтпаптыр. Тескерисинче, бизди «ой, тигинин келини сөөк-саактуу» десе токчулуктун символундай толмоч болуп жүргөнгө көнүптүрбүз. Арыкташ кыйын, бирок аракет күч.

– Чыгармачылыгыңызда, үй-бүлөңүздө кандай жаңылыктар болуп жатат?
«Супер тандоодо» сиздер биздин дуэтти мыкты деп тандаганыңыздарга абдан ыраазыбыз. Азыркыга чейин аябай сүйүнүп жүрөм, куттуктоолордун аягы суюла элек. Бул да болсо биздин ийгилигибиз.

– «Мен сени сүйөм өмүр» аттуу дуэт хитке айланды. Дуэттин жаралышына кыскача токтоло кетсеңиз.
15 жыл мурун «Сагындым сени» деген ырды Чымкенттен тойдон угуп жактырып, жаздыргам. Ал учурда уруксат суроо деген жок эмес беле, көрсө, ал ырдын обонун ошол кезде мектепте окуп жүргөн Роза Алкожо деген Казакстандын белгилүү ырчысы, композитор жазган экен. Ал 2-3 жыл мурун такси менен Кордай тараптан кетип баратса, кыргыз радиосу тартып калып, мен аткарган «Сагындым сени» ырын угуп калат. Анан интернеттен издеп аты-жөнүмдү таап, мага байланышып, Астанага концертине чакырды. Шакиртим Динара Тилекееваны жаныма алып алгам. Астанага баратканда ага: «Эмнегедир жүрөгүм оолугуп жатат, жакшы бир нерсе менен кайтат окшойм. Жакшы ыр таап келемби?»- деп бардым эле.

– Жүрөгүңүздүн оолукканы бекер эмес бекен?
– Ошол учурда 1 жылдын ичинде эле чыгармачылыкта жүргөн канчалаган жаш улан-кыздар арабыздан өтүп кетишти. Жакын кесиптеши катары менин да жүрөгүм тилинди, ыйлады. Жашоо ушундай тура, өмүр деген көз-ачып жумгуча бир заматта үзүлүп кетет экен деп ойлонуп, чыгармачылыгымда тыным боло түшкөн. Жашоо, өмүр тууралуу жакшы ыр болсо ырдасам деп аябай ойлонгом. Издегеним Астанадан табылды. Роза Алкожо концертинин аягында «Мен сени сүйөм, өмүр» деген жаңы ырын ыйлап аткарды. Сахна артында үй-бүлөсүнүн, ата-энесинин сүрөтү слайд болуп көрсөтүлдү. Бери жакта туруп мен да көзүмө жаш алдым. Анан ушул ырын мага берсе, концертимде ырдап жатканда сахнанын артынан көзү өтүп кеткен жалпы кесиптештерибиздин сүрөтү көрсөтүлсө деп элестетип койдум. Уруксат сурасам, «сизге ырларымдын баарын ырдоого уруксат берем» деди. Ошентип эже-сиңдидей болуп кайттык. Келип эле жаздырып, бир тойдо ырдап жатсам Мирбек угуп, аябай жактырып, чогуу ырдоону сунуштады. Ал менин окуучум да, макул болдум. Ыр элге тез алынып, бат эле хит болду. Бизге акжолтой ыр болду, тойлорго көп чакырыла баштадык, көптөгөн сыйлыктарды алдык. Жакында Мирбек экөөбүз дагы бир жакшы дуэт жаздыралы деп сүйлөштүк.

– Жолдошуңуз тууралуу көп айтпайсыз. Кантип таанышып калдыңыздар эле, сүйүү баяныңыздарга токтоло кетсеңиз.
– Кичинемде жогорку билимдүү болсом деген эң чоң тилегим бар эле. Үйдүн кичүүсү, ата-энем пенсионер болгондуктан окууга акча менен өтүүгө шарт жок. Жылда Оштогу музыкалык окуу жайга тапшырып, биринчи сынактан өтөм да, экинчисинен кулап калам. 4 жыл тапшырам деп өтпөй калып, 5-жылы аябай уялып калдым. Андан көрө Фрунзеге барайын деп келип, Ишеналы Арабаев атындагы университеттин музыка факультетине өтүп кеттим. Староста болдум. 23 жашымда классташ кыздарымдын баары турмушка чыгып, мен эле калдым. Айрыкча түштүктө турмушка эрте чыгышат го, 24 жашка чыкканча турмушка чыгышым керек, эмки жылы «отуруп калды» дешет деп пландап жүргөндө Политехникалык институтта окуган кызылкыялык Тургуналы Акматов деген жигит менен таанышып калдым. Ал дагы староста экен. Ортобузда сезим пайда болуп, 1 жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Азыр эми 2 кыз, 1 уулдун ата-энесибиз. Жолдошум жеке ишкер. Жолдошум дагы, балдарым дагы "биз жөнүндө көп айтпа, эркин жашагыбыз келет" деп өтүнө беришет. Ошондуктан алар тууралуу көп айтпайм, сүрөттөрүн да чыгарбайм.

– Мурдагы берген маегиңиздин биринде “күнү-түнү ырдап жүргөн аял кимге жаксын? Анын айынан казан-аяк кагышып, үйдө “акыйнек” болуп турат” деп тамашаладыңыз эле. Азырчы?
– Кызганыч жашың жогорулаган сайын өчөт дегенге кошулбайм. Кызганган киши күчөсө күчөйт, азайтпайт. Сүйүү бар жерде кызганыч болот. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Кызганып, даректеп, көзөмөлдөп турган жакшы болуш керек деп ойлойм.

– Жолдошуңуз ырдаганыңызга каршы болбойбу?
– Башында «ырдабайсың» деп көпкө күрөштүк. «Бул ашыкча жүк экен. Жүрөгүң ырдайм деп жатса, аны кантип бекитип коём? Мен баары бир ырдайм» деп канчалаган «дүйнөлүк, жарандык, ата мекендик согуштар» менен жүрүп акыры чыгып кеттим. Чыкканым жакшы болуптур, эл дароо жакшы кабыл алып, канчалаган сыйлыктарды, 11 жыл мурун «Эмгек сиңирген артист» деген наамды алдым. Эми «Сокурдун эңсегени эки көз» дегендей, мен деле эл катары Эл артисти болсом деп тилек кылам, ниет кылам. Жумурай журтумдун, жолдошумдун, үй-бүлөмдүн, көзү өтүп кеткен ата-энемдин алдында «мына, мен силерди уят кылбай, ушундай деңгээлге жеттим» деген учурду күндөп-түндөп күтүп жүрөм.

– Келин жумшап, колуңуз узарчу күн алыс эместир.
– Колумда 3 жарым жаштагы кичүү кызым Карина бар да. Кызым «Не кытасын?», «кетпе» эле дей берет. Себеби көп гастролдойм, Ошко, Жалал-Абадга, Орусияга чейин барып ырдап келебиз. Ошентип кызымдын жүрөгүнүн сары суусун алып койгон окшойм. Кээде өкүнүп кетем. Кошо алып алайын десем кичинекей. Кээде чогуу жатсак деле: «Кат жазчы мага, кетпейсиңби?» «Өмүр, кетпейсиңби?» дей берет. Мен кетип жатканда «Өмүр», «Кат жазчы мага» ырдап, акча алып келем» деп коём даүлүп). Кызымды бат сагынып кетем, үйгө жеткиче мекиренип-мекиренип, эркелетким келип, жумуштан үйгө жеткиче Самаркандга жеткидей болуп кетет. Экөөбүз жолукканда майрамдын майрамы. Ушундай сезимдер ар бириңиздерде бар болсун. Ал эми небере жыты андан да жыттуу болот дешет. Мен дагы ар бир аялзаты катары небере жытын жыттап, небере эркелеткенди тилейм. Уулум Темирлан Экономика министрлигинде иштейт. Сүйлөшкөн кызы бар. «Сизге аябай кыйын болуп жатат, мен быйыл үйлөнүшүм керек» дей берет. Кызым Акмарал андан улуу, Жогорку сотто иштейт. «Кыйналган жокмун, биринчи эжеңди турмушка узаталы» десем ага деле макул. Бирок өзү үйлөнгүсү келип калган окшойт. Атасы менен кеңешип, быйыл келин алалы деп жатабыз. Азыр атасы экөөбүз кайнене, кайната болгонго моралдык жактан даярданып жаткан чагыбыз.
– Тилектериңиз орундалсын. Ишиңизге ийгилик!


Асхат Субанбеков
star@super.kg



Алтынай Нарбаева: "Интернетте катталуучуларым аз болгондуктан концертке катыша албай калдым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
05.02.2019. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бактылуу карылык сиздерге,сиз эң сонун кайнене болосуз буйруса.
05.02.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Ар бир интервьюсунда, балдары кайсы жумушта иштээрин айтып өтөт, ну что жогорку сотто иштесе?
05.02.2019. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Paprikafm,Эне балдары менен сыймыктанат да.Бизге да насип кылсын балдарыбыз мн сыймыктануу.
05.02.2019. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paprikafm,айтып өтпөсө, сурагандар чыгат да, кайсы жумушта иштейт леп...
05.02.2019. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай журогу тазаа адамдай корунот ушул Айым. Жакшыы келин насип этсин!
06.02.2019. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Башка олконун ырчылары арыктап келбетине кам корушот биздикидер бут эле дандыйышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: