-
БАЛЫК ЖАНА ДЕН СООЛУК
- Балыктын курамында адамдардын чың ден соолугу жана сулуулугу үчүн абдан пайдалуу жана муктаж болгон заттар омега-3 жана Q10 бар. Көптөгөн изилдөөлөргө таянсак, омега-3 жана Q10 заттарын үзгүлтүксүз колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтат. Чоң киши жумасына 150-200 грамм балык жеп туруусу шарт. Аны кечки тамакта жеген абдан пайдалуу экенин эске тутуп алыңыз. Себеби балык эти организмге бат сиңет.
- Балыктын икрасы белокко жана майга, фосфор менен калийге бай. Балыктардын ичинен минтайдын икрасы пайдалуулугу жагынан жогору бааланат. Гипертониктер, ашказан жарасы жана бөйрөк оорулары менен жабыркагандарга жаңы кармалган балыктын икрасын сууга бир кайнатып же чала кууруп жеген сунушталат.
- Балык майынын курамында А, Е, Д витаминдери бар. А жана Е витаминдери адамдын терисинин абалын жакшыртат жана аны онкологиялык оорулардан сактайт. Мындан сырткары көздүн жакшы көрүүсү үчүн керек. Ал эми Д витамини болсо сөөктөрдү чыңдап, күчтүү кылып кармап турат. Ошондой эле балык майы канды суюлтуп, тромбдордун пайда болушуна жол бербейт.
- Майлуу балыктар боор оорулары жана ашыкча салмактуулук менен жабыр тарткандаргасунушталбайт.

-
БАЛЫК ПИРОГУ
Даярдоо ыкмасы:
1. Шпинатты жууп, туурап алабыз.
2. Пиязды аарчып, майда туурайбыз. Андан соң көмөч казанга каймак майды салып, алгач пиязды, андан соң шпинатты салып кууруп алабыз. Албетте, татымына жараша туз, мурч кошулат.
3. Балыкты тазалап, жууп, кылкандарын алып салып, туз, мурч себелейбиз. Эгер балыктын кесими калың болсо экиге бөлөбүз.
4. Камырды 3-5 миллиметр калыңдыкта жайып, тең экиге бөлөбүз. Камырдын бир бөлүгүнө алгач балыкты, үстүнө куурулган пияз менен шпинатты салабыз. Эми камырдын экинчи бөлүгү менен үстүн жаап, четин бекем бекитебиз.
5. Пирогдун бетине жумуртканын сарысынан сүйкөп, 180 градуста иштеп турган электр мешинде кызарганча бышырып алабыз. Балыктан жасалган пирогубуз даяр! Бул пирогду бир аз муздатып даамына келген соң дасторконго берген туура.
-
БАЛЫК ЗАКУСКЕСИ
Даярдоо ыкмасы:
-
Закуске үчүн паста даярдайбыз: жумшак сырга майда тууралган укропту кошуп жакшылап аралаштырабыз.
-
Даяр туздалган балыкты бир сыйра муздак сууга чайкап алабыз да, кагаз майлык менен аарчып кургактайбыз. Эми курч бычактын жардамы менен балыкты жука, туурасы 3-4, узундугу 6-7 сантиметр болгон тилимдерге бөлөбүз. Тилимдерди ороп, роза гүлүнүн формасына келтиребиз.
- Нанды майда кесимдерге бөлүп, бетине пастадан сүйкөп, үстүнө «балык розасын» коюп, укроп менен кооздоп коёбуз. Закуске даяр!
-
ТАР-ТАР САЛАТЫ
Даярдоо ыкмасы:
-
Балыкты, күрүч жана жумуртканы жууп, тазалап, ар бирин өз-өзүнчө сууга кайнатып бышырып алабыз. Эскертүү! Бул салатка консерваланган горбуша, сельд балыктарын пайдалансаңыз да болот.
-
Жумуртканы, балыкты жана бадыраңды майда туурап алабыз.
-
Салат үчүн атайын соус даярдайбыз: ал үчүн каймак менен соя соусун аралаштырабыз.
-
Күрүч менен жумурткага соустун жарымын куюп аралаштырабыз.
- Тарелкага алгач күрүч менен жумуртканын аралашмасын, үстүнө бадыраң, консерваланган жүгөрүнү, балыкты кабаттап салабыз. Ар бир катмардын үстүнө соустан сүйкөгөндү унутпаңыз. Салат даяр!
Балык консервалары жогорку температурада даярдалгандыктан андагы витаминдердин 20-50 пайызы жоголот. Анткен менен калий, магний жана омега-3 май кычкылы сакталат.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg