БИР БҮРКҮМ
№849 8-14-февраль, 2019-жыл
-
Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды.
-
Орусиянын жараны деп мандатынан ажыратылган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна Экономикалык иштер боюнча район аралык соту мандатын кайтарып берүү чечимин чыгарды.
-
Жалал-Абадда соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
-
Жогорку Кеңеште Кыргызстанда турак жайлардан тышкары коомдук жайларда, мекемелердин имараттарынын ичинде жана коомдук транспортто тамеки тартууга толук тыюу салган мыйзам долбоору сунуш кылынды.
-
2018-жылы Кыргызстандын аймагында токойду бүлдүрүү жана кыюу боюнча 607 факты катталды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги кабарлады.
-
Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампанияны баштады. 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелери боюнча маалыматтарын тапшырышы керек.
-
2018-жылы Мамлекеттик бюджетте 141 миллиард 500 миллион сом киреше күтүлгөн, бирок жыл жыйынтыгында 135 миллиард 400 миллион сом киреше алынган. Муну менен мамлекеттик бюджетке 6 миллиард сом кем түшүп, бюджеттик план 95,7 пайызга гана аткарылган.
-
2018-жылы жол кырсыгынан 80ден ашуун баланын өмүрү кыйылып, 1500дөй бала ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
-
Ушул жылдын 1-июлунан баштап Бишкекте пилоттук негизде милициянын кайгуул кызматы иштей баштайт.
-
«Түндүкэлектро» ААКсы 171,4 миллион сомго «акылдуу эсептегичтерди» сатып алат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0