БИР БҮРКҮМ
№850 15-21-февраль, 2019-жыл
-
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча мурдагы финансы министри
Ольга Лавровага да коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

-
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кылмыш иши козголду. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы экс-министрге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкө казынасына 107 миллион сом өлчөмүндөгү зыян келтирген деп айып коюуда.
-
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Өзүмбековду реформалоо боюнча тапшырмаларды аткарбады деп кызматтан бошотту.
-
"The Heritage Foundation" уюму дүйнөдөгү экономикалык эркиндиктин жылдык рейтингин жарыялады. Ага 180 өлкө кирип, Кыргыз өлкөсү 79-орунду ээледи. Былтыр биздин өлкө 78-орунда болчу.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп Улан Абилов дайындалды.
-
"Бийликти басып алууга аракет кылган" деп соттолгон Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты.
-
Кыргызстандын абактарында чет өлкөлүк 360 жаран бар. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте билдирди.
-
Алимент төлөбөй качып жүргөн 2731 кишиге Сот департаменти издөө жарыялады.
- Мамлекеттик карызды тейлөөгө 2018-жылы 23 миллиард 741,3 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары Марлен Амандыков билдирди.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0