БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ ЖАЛПЫ ЭЛ КАТТОО ЖҮРГҮЗҮЛӨТ...
№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева алимент төлөбөй жүргөндөрдүн чет мамлекетке чыгышына тыюу салууну сунуш кылды.
-
Франция кыргызстандык журналист Улугбек Бабакуловго саясий качкын макамын берди.
-
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушуна дагы 56 миллион доллар керек. Бул акчаны Транспорт жана жол министрлиги Кытайдын "Эксимбанкынан" грант түрүндө алууну көздөп жатат.
-
2019-жылдын октябрынан тартып 1 жыл ичинде Кыргыз өлкөсүндө жалпы эл каттоо жүргүзүлөт. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча бул жолу чет өлкөдө бир жылдан ашык жүргөн мигранттар эсепке алынбайт.
-
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов турак жай үчүн алган 4 миллион 824 миң сом ссуданы Улуттук банкка кайра төлөп берет. Абдыгулов 2017-жылы вице-премьер-министр кызматына которулгандыгы жана 10 жылдык тажрыйбасы үчүн ал карыз кечип жиберилген эле.
-
25-февралдан баштап Ош шаарында коомдук транспортто электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган систем ишке кирди.
-
"Ата Мекен" партиясынын юристтерине козголгон кылмыш иши кайра каралмай болду.
-
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 31-декабрына карата өлкөнүн мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 4 миллиард 464 миллион 350 миң долларды түздү.
-
Өлкө аймагындагы 31 калктуу конуштарга айыл макамын берүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 1-окууда колдоо тапты.
- "Альфа Телекомдун" мурдагы кеңешчиси Алмазбек Абековдун жаза өтөө мөөнөтү 10 жылга кыскартылды. 2017-жылы Абеков Коррупциялык схемалар боюнча айыпталып 25 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0