Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Гүлзат Матисакова, феминист: “ГЕРМАНИЯГА КЕТИШИМЕ КЫРГЫЗДА АЯЛДАРГА КАРАТА НАЧАР МАМИЛЕ СЕБЕП БОЛДУ”

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл


Каарманым Гүлзат Матисакова учурда Германияда жашап, иштейт. Европанын көпчүлүк өлкөлөрүн кыдырып көргөн мекендешибиз менен кыргыз аялдарынын жашоосу тууралуу маек курдук. Ал биздин аялдар коомдогу көпчүлүк түйшүктү моюндарына асып алышып, күчтүү болууга аргасыз, укугунун корголушуна муктаж экендиги тууралуу кеп салды.

“КЫРГЫЗ КЕЛИНДЕРДИН АЗАПТУУ ЖАШООСУ ТУУРАЛУУ ТАСМА ТАРТЫП БАШТАДЫМ”

– Мен 1989-жылы Ош шаарында туулгам. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин котормочулук факультетине тапшыргам. Бирок бүтүргөн жокмун. Окуп жүргөндө АКШнын ЮГРАД студенттерди алмашуу программасы менен АКШда бир жыл окуп келдим. Келгенден кийин БААУнун журналистика факультетине которулдум. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин өкмөттүк эмес уюмда иштеп жүрдүм. Ал учурда Евробиримдик тарабынан түзүлгөн “Erasmus Mundus” программасы менен даректүү кино тартуу боюнча магистратурага тапшырдым. Анда Португалия, Венгрия жана Бельгияда бекер окудук. Эки жылдын ичинде 12 кыска метраждуу тасма тартып, фестивалдарга катыштык. Окууну бүткөндөн кийин ошол эле "Erasmus Mundus" программасы менен Германиянын Гамбург шаарында бир жыл стажировкадан өттүм. Андан кийин атайын санатчыларга арналган виза алып, кайра эле Гамбургда жашап, иштеп жатам. Бул виза менен Германияда өзүмдүн тармагым боюнча фрилансер болуп иштесем болот. Азыр түнкү клубда, тойдо, саясий митингдерде, концерттерде сүрөт жана видео тартып, аны монтаждап иштеп жатам. Мектеп окуучуларына кино тартуу боюнча сабак берем. Муну менен катар кыргыз келиндердин азаптуу жашоосу тууралуу тасма тартып баштагам.

“ГЕРМАНИЯДА ИЛИМ-БИЛИМ, МАДАНИЯТКА КӨП КӨҢҮЛ БУРУЛАТ”

– Кыргызстанда экономикалык абал жүрөктү оорутарлык экени эч кимге сыр эмес. Адамдар көп иштеп, аз акча табышат. Мамлекет жарандарын социалдык жардамдар менен камсыздабайт. Германия жарандарына ар түрдүү социалдык жардам берет. Мисалы, иши, үйү жок балалуу аялдарга жөлөк пул төлөнөт. Мага жакканы, илим-билим, маданиятка чоң маани берилет. Кээде бизде бийликтегилерге элдин билимсиздиги ыңгайлуу болсо керек деп ойлоп кетем. “Үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүш керек” деген сөздү мен мамлекет пенсионерлерге жетиштүү пенсия төлөөнүн ордуна, карыган ата-энелерди балдары багыш керек деген түшүнүктү сиңирип, жоопкерчиликти өз моюнунан алып, элдин моюнуна илип коюу деп түшүнөм.

Биздин өлкөнүн адамдары жөнөкөй. Алар менен тил табышуу жеңил. Бирок Кыргызстанда эл адамдын жеке чөйрөсүн сыйлабагандыгы жагымсыз. Мисалы, сурабасаң деле жеке жашооң тууралуу кеңештерди бергенди жакшы көрүшөт. Мына, ушундай маанайдагы чөйрөдөн келип, Европа өлкөлөрүндө өзүмдү эркин сездим.

“КӨПЧҮЛҮК УЧУРДА АТАЛАР БАЛДАРЫНА ЖООПКЕРЧИЛИК АЛБАГАНЫНА КҮБӨ БОЛДУМ”

– Кыргыз аялдары алтын. Коомдо болгон түйшүктүн көпчүлүк пайызын аялдар көтөрөт. Алардын жашоосу татаал. Мен Кыргызстанда майып балдарга жардам берген уюмда иштеп калдым. Анда бардык облустарга барып тренингдерди өткөрчүмүн. Ошондо көпчүлүк аталар майып балдарына жоопкерчилик албай, мындай маселе башына түшсө үй-бүлөсүн таштап кетип калышарын байкадым. Энелер жалгыз калса да, мамлекеттен эч кандай жардам сурабай, бардык көйгөй менен өздөрү күрөшөт. Суукта базарда иштеп, балдарын да багып, коомго да пайдалуу иштерди жасагандар бар. Ал эми эркектердин арасында жоопкерчиликти моюндарына албаганы аз келгенсип, аялдарга, жаш балдарга кол көтөргөндөрү бар. “Жаш кыздарды чет өлкөгө чыгарбайлы. Алар башка жакта кор болуп калышат” деп айтып калышат. Бирок биздин кыздар зордук-зомбулукту эң алгач кыргыз эркектеринен көрүп жатышат. Аталары, агалары кичинекей кыздарды зордуктап, өлтүрүп, күйөөлөрү аялдарын сабап, өлтүргөнү тууралуу жаңылыктарды күн сайын окуп жатпайбызбы.

“КЫЗДАРГА ЭРТЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫГУУ ЭМЕС, БИЛИМ КЕРЕК”

– Менин чет өлкөгө көчүп кеткениме коомдун аялдарга болгон начар мамилеси себеп болду. Мен кичинемден эле өзүмдүн туугандарым, биздин коомдун аялдарындай жашагым келген эмес. Мен көргөн аялдардын баарынын жашоолору кыйын эле. Алыс кетпей, өз эжелеримди алсам, алардын айрымдарын ала качып турмушка чыкканга мажбурлап, зордукталгандарын билем. Минтип турмушка чыгып, эртеден кечке күйөөлөрүнүн үй-бүлөсүнө кызмат кылгандарын көрүп боорум ооручу. Бир үй-бүлөдө 10 чоң киши жашаса, алардын баарына тамак жасаган, идиш-аягын, кирин жууган, үйүн тазалаган жалгыз келин болорун айтпасам деле билесиздер. Эжелеримдин күйөөлөрү иштебегени аз келгенсип, үй ишинде жардам беришпей, балдарын тарбиялаганга катышпайт эле. Анан да көңүлдөш күтүп алышып, аларга аялдары тапкан акчаны сарпташканы ичиңди ачыштырат. Кыздарга кырк үйдөн тыюу, ал эми эркектерге эркиндик. Мени да ушундай келечек күтүп турабы деп суроо салып, коркчумун. Дагы бир мисал, кыз зордукталса, зордуктаган адамды эмес, зордук көргөн кызды күнөөлөгөндөр кездешет. Бул көрүнүштөргө азыр да таң калам.

Бизде кыздарды эрте күйөөгө беришет. 11-классты аяктабай күйөөгө тийгендер бар. Жаш кезибизден келин болууга үйрөтүшөт. 1-2 жыл мурун Коомдук биринчи каналда келин болууну үйрөткөн реалити-шоу көрсөтүлгөнү дале эсимде. Биздин кыздарга үйдү кантип тазалап, кайненеге кантип баш ийүүнү үйрөтүүнүн ордуна башка бирөөдөн көз карандысыз болуусуна шарттарды түзүү пайдалуу. Кыздарга кайсы бир кесиптин ээси болууга, хоббилерин өнүктүрүүгө, өздөрүнө болгон ишенимин өстүрүүгө көмөкчү болушубуз керек. Ошондо аялдардын да аң-сезими өсөт, коомго татыктуу балдарды тарбиялап өстүрүп берет. Ата-энелер кыздарынын келечегин ойлошсо, аларга бутуна турууга жардам бериши керек деп ойлойм. Анткени жаш кезинде күйөөгө тийген кыздар алсыз, бирөөгө көз каранды болуп калышат. Ал эми келин институту – бул, менимче, заманбап кулчулук. Ушул сыяктуу көрүнүштөргө каршы туруу үчүн феминисттик көз карашты жактап келем. Феминизм – бул аялдардын укугун коргоо боюнча кыймыл. Анын эч кандай терс мааниси жок. Учурда Гамбургда расизм жана сексизмге каршы саясий топтун мүчөсүмүн.

Кыздарыбызга эрте күйөөгө чыгуу эмес, билим керек. Биздин өлкөгө аялдардын укуктарын коргогон мыйзамдар, ал мыйзамдарды аткарган өкмөт керек. Европада аял-эркектин ортосунда сый мамиле бар экенин байкадым. Эркек болгонум үчүн аялды башкарышым керек деп эч ким ойлонбойт. Эркектер бала кароодо, жумуш кылууда аялдарына жардам берет.

“БАШКА АДАМДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫНА ТӨП КЕЛҮҮ АРАКЕТИ МЕНЕН ЖАШАГЫМ КЕЛБЕЙТ”

– Биз жашоого бир гана жолу келебиз. Ошондуктан мен башка бирөөлөрдүн көз караштарына төп келүү аракети менен жашагым келбейт. Өзүмдүн жашоомо өзүм ээ болуп, өз дүйнөмдөгү жашоону үйрөнгүм келет. Өзүм кызыккан иш менен алек болсом, саякаттасам, жакын адамдарым менен көбүрөөк бирге убакыт өткөрсөм, мен үчүн ошол бакыт.

Күйөөгө тийүү – менин жашоомдун негизги максаты эмес. Бирок эмоционалдык жактан жетилген, түшүнүктүү, башка адам менен сый мамиле кура билген, жоопкерчиликтүү, менин жашоого болгон көз карашымды бөлүшө алган адамдын жанымда болушун каалайм.

"Будапештте кичине кезинде ата-энесинин колу бошобой, күнү бою телевизор көрүп чоңойгон аял тууралуу тасма тарткам".
"Сирия, Ооганстан, Ирактан келген мигранттар жана качкындар менен чогуу бир топ түзүп, сайт ачканбыз. Ал топ менен ар кандай иш-чараларга барып видео тартып сайтыбызга жүктөйбүз".

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(80)
04.03.2019. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Барсанын фанаттарына окшоп арызданат го
04.03.2019. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргыз келиндери азаптуу жашоодо жашап жатат дегенге эркектерден кордук коруп жатканына ишенбейм,билим алуу керек бирок 30-35 жашка чейин бойдок журуу жакшы эмес,биз жылдан жылга турмушка чыккысы келбеген уйлонгусу келбеген,эркек аялын башкарбай эле аялы куйоосун башкарган жашоого кетип жатабыз,албетте эвропадагыдай адам укугу корголуусу керек бирок эвропада кеч турмушка чыгуу же чыкпай да койуу оз элинде азчылыкты тузот.
05.03.2019. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kyrgyz_bloger,Европа
04.03.2019. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ар бир адам баласы эркин жашоого укукту. Бирок сенин тандап алган жолун коз карашын туура эмес. Убакыт отот ошондо окуносун. Турмушка чыккан кыздардын баары эле кул деген туура эмес.
04.03.2019. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол сиз жашап жаткан Германия(онуккон олко болсо деле) кордук коргор аял, жаш бала бар бир эле кыргыз элинде эмес
Кыргызстан бул биздин олкобуз туулуп оскон жерибиз демек биз олкобузду элибизди жамандоого акыбыз жок жаман жагы болсо ошол жаманды жакшыга айландыруу биздин милдетибиз. Башка олкого барып жамандот эмес
04.03.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Bul kyz abdan tuura suilogon,bizdin kyzdar turmushka chykkanga cheiyn jetishtuu bilim alysh kk sebebi uido kobuncho ayal tarbiyalait,Bul kyz chyndykty suilop jatat,achuu chyndyk degen ushul srazu ele urushup bashtapsynarda anyn jashoosuna asylyp,emi 30 ga chygyptyr azyr dele turmushka chygyp balaluu bolgon kech emes.Anan erte tyiyp 3,4 balaluu bolup ajyrashkandan koro..
04.03.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meken28,
Эми мындайда тууган беш кол тен эмес да кыргызда жакшы соз бар го болор бала бир нерсесинен деген кыз бала бойго жеткенде күйөөгө бериш керек ал нерсени пайгамбарыбыз айтып кеткен кыз киши күйөөсүнүн ыраазычылыгын алмайын бейишке кирбейт бул нерсе шариятта да бар
04.03.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jomasport,ошол эле учурда билим алуусу Оз каалоосу мн турмушка беруу кк деп.
08.03.2019. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jomasport,sen maga maanisi jok makaldardy aityp akyldyy bolbo.Kancha ayaldar kor bolgonun okubaitasynby janylyktardan,kuioosunon ajyrashyp baldary mn ekinchi kuioogo tyiyp,ekinchi kuioosu kyzdaryn torotup atpaiby ushul korduk bolboi emne,azyr ar bir 2- ajyrashat Kyrgyzstan da.Kim kunooluu erkekter..Erkek degen uilongondon kyiyn turuktuu bolup uibulosun kamsyzdash kk.Ortodo kancha jash baldar kyinaltat.ketet baikush ayaldar baldaryn tashtap,anan baldary kor bolup olturup da koiup jatyshat,
08.03.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jomasport,Bizdin erkekter kuchtuu,bilimduu,yimanduu, bolgondo bir da kyrgyz kyzy,ayaldary chet jakta jurmok emes
04.03.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Феминизм-эгоизм.Бир чети туура айтат.
04.03.2019. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ийй бираз эгоист экен только озум деп жашаган бирок чындыгнда туура аялдарга жугун арта салганы. А жугун атпаган ийгиликтуулору Башка улуттан уйлонушот копчулугу дагын мени согуп жиликтеп койбогула
04.03.2019. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Абдан туура
04.03.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Акылдуу айым экен . Эркектер чын чычалайт болбогулачы
04.03.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
katerina.li,эшектин жүгү женил болсо
жатак болот деген соз,озу туура да.
Кыргызстанда жашаганынарга шугур
Кылсанар боло.Башка Африканын олколоруно
Бир барып келсенер,шугур деп отуруп
Каласынар.ал жакта аялдардын орду
таптакыр төмөн.кордук көргөн аялдар
деп ошол жактагыларды айтсак болот!
04.03.2019. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кошулам, аялдар кыргызстан да коор болушат.
04.03.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ушу Гүлзат дегендердики өттү))
04.03.2019. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менда кошулбайм кордук корушот дегенге,кудайга шугур универди бутуп эле кыргызга эле турмушка чыгып,бактылуу жашап атабыз,азыр элдер грамотный болуп калышкан,илгеркидей узун халатты кийгизип жоолукту баса салынган деле келин корбойсун
06.03.2019. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Luna15,ооба туура айтасыз,мен озум турмушка жолуна аттана элекмин,бирок курбу кыздарымдын уй булоосун коруп,суктанам,,,,кайнене кайнатасы -халатты чеч,жоолук тагынба...биздин уйдо келин эмес,кызыбыз деп алып келдик сени деп,азыркыга чейин айтышат экен..
04.03.2019. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен эки колдоп колдойм. Мени да ой Кыз бала эрге тийиш кк торош кк кайненеге кызмат кылыш кк деп куйоого берип коюшкан 3- курста. Болгондо да таанышып эле 20 кундо уйлонгонбуз 3 жолу корушуп эшектей кызмат кылдым кордукту кордум кайын журттан же Кир жуучу машине жок же чай кайнаткан чайнек(теваль) очоко отун жок идиш жууган средства ны алып бербейт Катар Катар Тороп отуруп калдым асыныып алышыма чуть калгам. Ата энем ажыпашып кетпесин деп кийим алып берип оорусам врачка коргозчу.
06.03.2019. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
sely,ата энен себине кошуп бербептирда каап, тефаль майда чуйдону, жалкоо экенсин, сендейлерге кыйын бул жашоо, сен германияга барсанда кыйратпайсын, эптеп чыда балдарын чонойсо ошолордун кызмат сыйын короорсун бактылуу бол
07.03.2019. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tihonkg,сен келесоо менин Ата энеме асылбай суйлогун. Себиме сенден башканын баарын берген. Шугур атамдын жеке бизнеси бар Тефаль мн утук бир тыйыны менен бутот. Болгону тушунуг сеникиндей Уй булоого барып калгам. Жадакалса Кир жууганы капкара сасык Кир самынды да Аран алып берчу 9 жыл бою куйоомдун бир тыйын айлыгын коргон эмесмин. Ошол сен асылып жаткан менин алтындай Ата энем баарын камсыздачу
04.03.2019. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Шугур Ден соолугу чын балдарым бар. Эн негизгиси жолдошум Билимдуу мам кызматта иштейт. Аран туруштук берип женип келдим. Жолдошумдун жумушуна байланыштуу чет жакка кетип(Европа) жолдошум ал жердеги аялдарга болгон урмат сыйды коруп 100% озгорду. Аллахка мин мертебе шугур. Бирок арадан 11жыл отту анын 9 жылы мага тозок эле болду. Улуу урматту эркектер Жана келинди кулдай коргондор чындык ачуу болот. Ушул комменттини ыйлап отуруп жаздым. Эсинерге келип аял затын аялынарды келининерди жененерди
04.03.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Адам ордунан корушунорду суранам. Мага окшоп азап коруп ага чыдай албай суицидке куйоосун алмаштырганга барган аялдардын толтурасын кордум. Гулго канчалык уход кылса ошончолук гулдоп жашылданат аялдар да ошол гул сыяктуу.
07.03.2019. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sely,Kandai azap kordun ele kop oilonbo eger artta kalsa,baldaryn bar bolso ech kachan suitsid di oilobo,ozundu olturson baikush baldar kimderge gana kor bolboit.Eger kuioon atalyk mildetti atkarbasa sen kuchtuu bolushun kk baldaryn uchun
07.03.2019. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Meken28,ал кундорду артта калган жолдошум дал ошол чет жактагы аялдарын ордун билип 180 градуска жакшы жагына озгоргон. Баарына шугур.
04.03.2019. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ыйлап коз жашымды тыя албай отурам
07.03.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sely,сенин жазганын окуп ,мен да ыйлагымкелип кетти. Менин куйоом кореец. Шумдук колдойт мени. Кириме чейин жууп коет. Жетишпей калсам тамагым жасап кутуп алат
Бир жолу колу тийген жок. Аялдарды урат деген тушунук жок буларда. Бактылуу болушуна тидектешмин. Эркектер даже ушул форумда аялжарга эрегишип жвман соз айтышат ,анан качпаганда кантебмз
04.03.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ой тообоо мынакей даже комментарийлерде чындыкты мойнунарга албай чындыкты жазган кыздарга минус басып жатасынар баскыла -ту миллионго жеткиргиле.
07.03.2019. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sely, муну чындык дебейт, кемакылдыгын далилдеди десе туура болот... Батыштын чириген идеологиясын туура деп, ошого сугарылгандар акыллуулар деп ким айтты сага?!!

Тигине Зере деген феминист журот эмчектерин саландатып эл-журтка шерменде болуп. Сойкулук, бангилик, гомосексуализмди жайылткан да Батыш. Ошондо ошол чириген Батыш маданиятын пропагандалагандардыкы чындык бекен ыя?!!

08.03.2019. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chagylgan2,Батыштын идеологиясын колодо деп айтып жатамбы. Башымдан отконду айтып биздин элде аял кишинин ордун айтып жатам. Туура беш кол Тен эмес бирок биздин аялдардын копчулугу кордук коруп жашашат
04.03.2019. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өзүңдү гана ойлогон аял экенсиң гүлзатка окшогон. Кыргыздын элиндей элди, Кыргыздын жериндей жерди башка жактан таппайсың. Каарыганда аттиң кыласың....
06.03.2019. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туптуура айтылган ойлор. Мен кошулам,өзгөчө кыздар бөтөн жерден эмес өз элинен көрүп жатат кордукту деген жерине. Чын эле бизде ошондой ала качуу,кыздарды зордуктоо,ур токмокко алуу,ажырашуу,энесин өлтүрүү. Мындай нерселер бизде көп. Бизде түшунүк аялдар үйдө отуруп бала төрөп кайын журтка кызмат кылыш керек. Бирок бир келген өмүрдө ар бир аял өз максатына жетип коомго салым кошуп билимдүү балдарды тарбиялап өстүрсө өтө жакшы.
07.03.2019. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Umkamiss1111, кыргыз аялдары чет жерге "хит" болуп жатышат, корунгон улуттун эркегин сугарып...

Силер каалаган демократия ошол болсо керек?!! Тыйбагыла бизди, кандай кийинем, ким менен болом ишинер болбосун, озумду озум билем, отугумду торго илем болуп кутуруп жатасынар. Аборт кылдыруу боюнча дуйно биринчиси силер болсонор керек, ар ким менен никесиз "жатып", анан боозуп калсанар гинеколог издеп жонойсунор аборт кылдырганы... Ошолбу силер каалаган эркиндик?!!
Chagylgan2 түзөттү 2019-03-07 21:53:58
04.03.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул ачык чындык бирок биз мойунга алгыбыз келбейд,ой бул келинда деп оз чурмушод кээбир кайненелер баары эмесго
04.03.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Bars88, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
04.03.2019. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Чындыкты да айтып жатат. Бар андай үй бүлөлор. Келин киши эмес, келин оорубайт, келин өлбөйт. И күйөө сөөрөйлөр да бар. Бирок баары андай эмес. Ар бир адам өзүнө турганды билиш керек. Аял канчалык басынса, эркек ошончо басат. Кыз кишини окутуш керек, сөзсүз. Окубай базарда, кафеде иштесен, ошондой өзүңө окшошко тиесин. А билими жок адам менен билимдүү адамды салыштырса, ойлогону, алдыга койгон максаттары такыр башкача. Жакшы, үлгүлүү үй бүлөлу брлгунар келсе, кыздар окугула. Күйөө качрайт
07.03.2019. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asel33, куйоо качпайт деп журуп кара далы болгонунарга эр албай, ким бироонун экинчи катыны болуп тийип алганынарга шугур кылып каласынар.....
04.03.2019. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Анда кеткиле ошол суйгон европанарга ошол жактын балдарына тийгиле силерди ким кой деп жатат
05.03.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Jomasport,кетип атышат четинен кыздарынар кам сана болбой эле кой, тим эле жулундайсынго
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-05 16:17:00
07.03.2019. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Avrora2017, "акылдуу" болгонунар учун турк, кытай, корей, орус, немец ж.б. улут эркектерине тийип, ошолордун санын кобойтуп келесинер.....
06.03.2019. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jomasport, буйруса тийгени атам :-)
04.03.2019. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Карыганда сени ким карайт деймда
04.03.2019. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чындык.Кошулам!!! Эркектер чычалабагыла,айланарды байкаштырсанар ушундай эле жашоодо жашап журобуз.Бирок деген жери бар.... Билим алуу керек деп 30 га чыкканча,жалгыз өткөн кызыксыз го... Ар бир суйлогон созу орду менен,жана маанилүү...
05.03.2019. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Pandora,отурган Кыз ордун табат тапканда да зорун табат. Коздуу мончок жерде калбайт. Аябай Билимдуу Кыз экен Аллах таалам бактысын тоодой кп берсин.
07.03.2019. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
sely, эми сага окшогондорго билимдуу, акылдуу корунсо керек да. Мен бул кызга билими болгону менен акылы тайкы экен деп баа бердим. Бул кемсинтуу да эмес, менин жеке пикирим. Оз пикиримди кенири чечмелеп далилдеп да бере алам.....
05.03.2019. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
"Карыганда ким карайт" деп боорду эзесинер, тообо. Карыганда ким карайт деген тушунук карангычылыкта жашаган, эски салтты карманган бизге окшогон байкуштардын гана тушунугу. Буга окшогон дуйнону кыдырган адамдар карангычылыктан качып жат жакка кетип жатса, кайрылып келмек беле? А онуккон олколордо сенин жашын кимди кызыктырат...?
05.03.2019. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Бизге бир Гулзат Мамытбек болот,сен ошол жакта жашай бер,бир ит багып ал сага кеңешим)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: