Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЖИГИТТЕРДИН МУШТАШЫ ӨЛҮМ МЕНЕН АЯКТАДЫ. ЧАТАК КЫЗДАРДЫН АЙЫНАН ЧЫККАНБЫ?

№853 7-13-март, 2019-жыл


Ушул жылдын 23-февралынан 24үнө караган түнү Бишкектин борбордук аянтында жаш балдардын арасында массалык мушташ болуп, анда бычактан эки жигит жаракат алган. Алардын бири ооруканада өмүрү менен кош айтышты. Мушташ кыздардын айынан келип чыкканбы? Окуя кандай болгонун иликтеп көрдүк.

“ШЕКТҮҮ БАЛА 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ”

Окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Нурлан Кайназаров айтып берди:

– 2019-жылдын 24-февралында түнкү саат 2:00 чамасында 1-май РИИБине “Ала-Тоо” аянтында мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу “Ала-Тоо” аянтына барып, эч кимди тапкан эмес. Андан кийин ооруканага жаракаттары менен Ш.Т. жана Ж.Р аттуу жарандар түшкөнү маалым болгон. Жаракат алган жарандардын бири операция учурунда каза болду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу тарап 23-февраль күнү туулган күн өткөрүп жатышып, 2 кызды чакырганы маалым болгон. Ал жерден кыздар менен балдардын ортосунда конфликт жаралып, кыздар териштирүү үчүн башка балдарды чакырышкан. Эки тараптын айтышы мушташка чейин жетип, жыйынтыгында 2 бала бычактан жаракат алып, бирөө каза болду. Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен катталды. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын натыйжасында 23 жаштагы Т.А. шектүү катары кармалып, 2 айга камакка алынды. Азыр кылмышка башка балдардын катыштыгы бар же жок экендиги такталууда. Камакка алынган бала буга чейин сот жообуна тартылганбы же жокпу, ал тергөөнүн сыры.

“ОКУЯДАН БИР ЖУМА МУРУН ДА ЭКИ ТАРАП МУШТАШКАН”

Кыргызстан эл аралык университетинин 1-курсунун студенти Адилет Тиленов бул мушташка катышкан. Ал "мушташка кыздар себеп болгон" дейт:

– Окуядан бир жумадай мурун “Ала-Тоо” аянтында биздин балдар менен тиги тараптын балдары мушташа кетишкен экен. Анткени ал тараптагы бир бала биздин бир баланы түртүп кетиптир. Эки тарап ызылдаша кетип, ал тарап бычак алып чыкканда биздикилер качып кетишиптир. Ал учурда тиги тараптан 5-6 бала, биз тараптан 4 бала бар болчу экен. Ал эми 23-февраль күнү биздин эгиз досторубуз Улан жана Нурландын туулган күнү болду. Майрамга туш келгендиктен, бул күнү отуруш уюштурууну алдын ала эле пландап жүргөнбүз. Балдар чогулуп, Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен батир ижарага алып, ошол жакта отурганбыз. 4 бала менин классташтарым болот, 3 бала бир классташыбыздын тааныштары. Арабыздагы Алмаз деген бала отурушка келе жатып 2 кызды чакырыптыр. Кыздар түнкү саат 22-23 чамасында үйгө келишти. Бир маалда ал кыздар “Балдар келди. Биздин силер менен отурганыбызды айтып койчу” деп Алмазды тышка алып чыгып кетишти. Анын артынан эки бала эшикке чыкты. Бир аз өткөн соң Алмаз “бизди сабап кетти” деп чуркап келди. Түшүнгөнүбүзгө караганда, “Эмнеге кыздарды чакырасыңар?” деп сабашкан окшойт. Биз ал балдардан өч алалы деп артынан борбордук аянтка чейин бардык. Башында сүйлөшүү жолу менен бүтүрөлү деп жатканбыз. Алардан биздин балдарды эмнеге сабашканын, кыздар аларга ким болорун билели дедик. Барсак, 10 чакты балдар жана бизге келген 2 кыз турушуптур. Кайдан-жайдан балдар чогулуп, 30 чакты болуп калышты. Биз тараптан 10дон ашык гана бала бар болчу.

Бир сакалчан бала менин жаныма келип бычак такап, “Балдарыңды алып кет. Болбосо жаман болуп каласыңар” деди. Ал баланын оозунан арак жыттанып турду. Ал тараптын балдары жакшы эле мас болчу. Биз аздан сыра ичип отурганбыз. Мен ичкен эмесмин. Тиги балага жооп айта электе эле алардын бир баласы биздин баланы чаап калды. Ары-бери карагыча бычак сайылыптыр. Ким сайганын, кандай сайганын эч кимибиз көрбөй калдык. Ошентип “бычак” деп ызы-чуу боло түшүп, биз ылдый качтык. Эски аянтка жеткенде классташым Жансерик жыгылып калды. Аны жанымдагы Адилет деген бала таксиге салып ооруканага алып кетти. Жансерикти таксиге салып кетирип жатканда да тиги тараптын балдары артыбыздан чуркап келип унаага таш ыргытышты. Талант деген жаракат алган баланы Жибек Жолуна чейин алып барып, балдарды чакырдым. Алар ооруканага алып кетишти. Талант азыр ооруканада, 3 жеринен бычактан жаракат алган. Бычак жеген балдар өздөрү да качан бычак сайылганын билбей калышыптыр. Минтип 1-класстан бери чогуу окуган классташыбыз Жансериктен айрылып калдык. Бир жума мурунку мушташта Жансерик жок болчу. Тиги тараптагы балдарды жана эки кызды мен тааныбайм. Биринчи жолу көрдүм.

“ҮЙ-БҮЛӨСҮН ЖАНСЕРИК БАКЧУ”

Бул мушташтан каза болгон 18 жаштагы Жансерик Рыспаев бир үйдүн улуу баласы болгон. Атасы жоктугуна байланыштуу апасынын таянычы, үй-бүлөнү багуучу ушул бала болгондугун айтып сыздашат туугандары. Тун уулунан айрылган эне Айзада Касымбаева азыр уулу тууралуу айтып бере турган абалы жок экенин айтты. Эжеси Аида Касымбаева биз менен сүйлөшүп жатканда кошумчасын айтып турду. Маркумдун таежеси Аида Касымбаева буларды айтып берди:

– Жансерик шамдагай, элпек, ак көңүл бала эле. Атасы 3 жыл мурда ооруп каза болгон. Жээним былтыр 9-классты аяктап, Бишкектеги кайсы бир кесиптик окуу жайга тапшырган. Бирок апасына жардам берүү үчүн окуудан чыгып, иштеп жаткан. Апасы менен бир туугандарын "чогуу жашайбыз" деп Күрмөнтүдөн Бишкекке көчүрүп келген. Өзү иштеп үй-бүлөнү багып жаткан. Үйдөгү маселелерди ошол чеччү. Балким, биз укпаган жагдайлар бардыр. Бирок жээнимдин буга чейин балдар менен мушташканын уккан эмеспиз. Мектепте жакшы окуп, активист болчу. Буга чейин түндө кетип калып же кеч келген учурлары болбоптур. Муну апасы айтты. Эң кеч саат он жарымдарда келчү экен. Ал күнү карындашына футболдук турнирге барып, түштөн кийин келерин айткан экен. Кечки саат беш жарымдарда чалып, бир сааттан кийин үйдө болорун айтыптыр. Андан кийин телефонго жооп берген эмес. Кийин телефону өчүп калган. Окуя тууралуу 24-февраль күнү уктук. Биз укканда жээним каза болуп калган экен.

Окуя боюнча балдардан укканыбыз боюнча айтсак, ал түнү балдар ижарага алган үйдө отурушуп, эки кыз чакырышат. Ал кыздар “башка туулган күнгө барабыз” деп кетип калышат. Кайра башка эки кызды чакырышыптыр. Ал эки кыз үйгө кирип, шыр эле дааратканага кирип, телефондон “баягы балдар бул жакта отурушат, келбейсиңерби” деп жатканын бир баласы угуп калыптыр. Балдар сурашса, кыздардын бири “жигитимди чакырып жатам” дептир. 15-20 мүнөттөн кийин баягы кыз “Жигитим келип калды. Силер менен отурганымды айтсам түшүнбөй жатат. Тушүндүрүп койчу” деп Алмаз деген баланы ээрчитип сыртка чыгат. Анын артынан 2 бала чыгат. Анан тиги тараптагы 7-8 бала үйдөн чыккан 3 баланы сабап, кыздарды алып кетип калышыптыр. Ошентип мушташ болуп, жээним жаракат алып калат. Балдар башында Жансерикти Чыгыш-5теги №8 үй-бүлөлүк медициналык борборуна алып барышыптыр. Ошол жерден 2:40тарда “Тез жардам” чакырышып Республикалык ооруканага алып кетишкен экен. Бирок врачтар өмүрүн сактап калууга жетишпей калышыптыр. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Күрмөнтү айылына жээнимдин сөөгүн алып барып, жерге берип келдик.

РИИБге арыз жазсак, ал жактагы кызматкерлер “Арыздын кереги жок. Факт боюнча иш ачылды” деп коюшкан. Бирок Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылсак, РИИБ бизден арызды алышы керек экендигин айтышты. Кайра барып арыз жаздык. Биз азыр кармалган баланын моюнуна баарын илип коюшабы деп кооптонуп жатабыз. Ал бала азыр күнөөсүн моюнуна алып жатканын айтышты. Мушташ буга чейин эле болуп жатса, сабаган балдардын да, кыздардын да жоопко тартылышын талап кылабыз. Чырдын баарына ошол кыздар себеп болуп жатышпайбы. Бул кыздар бир жума мурун болгон мушташты да көрүшкөн экен. Алар азыр күбө катары өтүп жатышат. Кыздар тергөөчүгө “Бизди балдар чыгарбай коюшкан. Ошондуктан башка балдарды ортого салып үйдөн чыгып кеткенбиз. Экинчи тараптагы балдар биздин артыбыздан териштирүүгө келишти” дешиптир. Кыздардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде азыр камакта жаткан шектүүнү кармашкан экен. Дагы бир баланы шектеп, бирок аны таппай жатышат. Кыздар эч жерде иштебейт, окубайт деп угуп жатабыз. Күнөөлүү тараптан биз материалдык да, моралдык да зыянды өндүрүүнү жана сот жообуна тартылуусун талап кылабыз. Иш акыйкат каралышы керек. Иштин аягына чейин чыкмайынча биздин жаныбыз жай албайт.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(13)
11.03.2019. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жаштарга ынсап берсин, кыздарга түнү балээ барбы, отур үйдө кысып
11.03.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жайы жайлуу болсун. Жап жаш чырпык куурап калды. Аттиң...
11.03.2019. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шайтан деген ушул да
12.03.2019. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх
12.03.2019. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тарбиясыз кыздар азыр ото ото коп,АтаЭнелерге айтаарым кыздарынарды туну зачем чыгарасынар? Уят намыс деген барбы саат 10дон кийин кочодо майрамдап жургон кыздар айланайындар кичине кыз экенинерди унутпагылачы, 2кыздын айынан 1жакшына баланы жепсинер!
12.03.2019. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайтандай болгон кыздар да жазага тартылышсын!
12.03.2019. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркекче мушташкан балдар калбады азыр
12.03.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай ай не деген суук кабар
13.03.2019. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мунун баары тарбиянын жоктугуна барып такалат... Интервью берген бала болгону 1-курстун студенти экен, балээ барбы туулган кундорго?!! Отурушту эмес окуусун ойлонсо болбойбу мээси иштесе! Жожо короз болгонду силерге ким коюптур?!!

Азыркы учурда кыз болобу уул болобу копчулугу женил ойлуу. Ошолорду ошондой кылып тарбиялап чонойткон ата-энелерде куноо... Адептуу, намыстуу, акылдуу балдар, кыздар андай болушпайт...
14.03.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыркы кыздарды ата-энелери катуу кармашы керек. Айрыкча ата-энеси мигрант болуп иштеп жургон кыздар ушундай жолго барышат
14.03.2019. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арак жана кыз. Аракты ичкенден кийин адамды оюна баардык жаман нерселер келет
17.03.2019. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18.03.2019. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ш к тм с к аттулардын фотолору жокпу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: