БИР БҮРКҮМ. АР БИР ТӨРТҮНЧҮ БАЛА НИКЕСИЗ ЖАРЫККА КЕЛЕТ
№853 7-13-март, 2019-жыл
-

КТРКнын башкы директорлугуна
Жайнак Үсөн уулу шайланды. Ал буга чейин НТС телеканалын жетектеп келген.
-
Улукбек Самыйбеков премьер-министрдин буйругу менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
-
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын консультациялык кеңеши түзүлдү. Төрагалыкка Медеткан Шеримкулов, Аткаруу комитетине башчы болуп Акматбек Келдибеков шайланды.
-
Өлкөдөгү 7 облус, 35 шаар, 40 район башчысынын баары эркек.
-
Кыргызстандын ички аскерлер түзүмүн Исламбек Кенжекулов жетектейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
-
Жогорку Сот саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгиледи.
-
4-марттан тартып жол эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар бирдей өлчөмдө айып пул төлөйт.
-
Парламент комитетинде Германиянын Кыргыз мамлекетине 40,1 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат берүүсүнө багытталган мыйзам долбоору жактырылды.
-
Кыргызстанда акыркы жылдары ар бир төртүнчү бала никесиз жарыкка келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин "Кыргызстандагы эркектер менен аялдар" аттуу маалыматында айтылат.
-
Айыл чарба тармагына бир жылда 1 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт.
-
Мирослав Ниязов Кыргыздын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
-
Кыргыз өлкөсүнүн Бельгиядагы элчиси болуп Муктар Жумалиев дайындалды.
- Президенттин жарлыгына ылайык, Мирлан Арстанбаев Кыргыздын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1