Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИПОТЕКА: АЛСАМБЫ ЖЕ АЛБАСАМБЫ?

№853 7-13-март, 2019-жыл


Биздин өлкөдө кредит рыногу уламдан-улам активдүү өнүгүп келе жатат: кредиттер биздин жашообузга терең аралашып кетти, биздин ар бирибиздин жашообузда, жок дегенде бир жолу: «Кредит алсамбы же албасамбы?» деген суроо оюбузга келгендиги талашсыз. Ипотекалык карыз алууда анын тобокелдүүлүгү канчалык болушу мүмкүн, себеби бул узак мөөнөттүк кредит болуп саналат эмеспи. Ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн биз «Халык Банк Кыргызстан» ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Валентина Коваленкого кайрылдык.

– Валентина Айдаралиевна, Банктын топ-менеджери катары жооп бериңизчи, ипотекалык карыз алуунун канчалык тобокелдиги бар?

– Кредит, анын ичинде ипотекалык карыз (зайым) алуу тууралуу ар бир адам өзү үчүн өзү чечим кабыл алышы керек. Биз, банк кызматкерлери, ушундай чечимди кабыл алууга карата аларга маалымат гана беребиз, продукттун артыкчылыктарын жана кемчиликтерин түшүндүрөбүз. Эгерде, потенциалдуу карыз алуучу (зайымчы) тарабынан чечим кабыл алынса, анда кредит берүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүүнү баштайбыз.

Ушул эле учурда, кредит, өзгөчө ипотекалык кредит жөнүндө сөз башталганда, кредит жөнүндө бул тузакка (эзүүгө) түшүү деген ар кандай ой-пикирлер айтылып келүүдө. Бул жерде Банк аларга анык жете ала тургандай финансылык ресурстарга жетүүгө жолдомочу гана болуп чыга тургандыгын түшүнүү керек, ал эми тагыраак айтсак, жеке жактардан ала турган карыз катуу тобокелдүүлүктү жарата турган карыздарга караганда банктык финансылык ресурстарга жетүү ишенимдүү эмеспи, ушуну да түшүнүү керек.

– Бул көрүнүш, биздин өлкөдө пайыздык чендердин өтө жогорулугунан болуп жаткандыр, кандай дейсиз?

– Ооба, биздин рынокто кредиттер боюнча пайыздык чендер объективдүү түрдө арзан деле эмес. Эл биздин локалдуу рыноктогу кредиттер боюнча пайыздык чендерди, Батыш Европа, Америка Кошмо Штаттары өлкөлөрүндөгү жагымдуу төмөн чендерге салыштырууга аракет жасашат. Бирок бул жерде анын наркы ошол ресурстарды тартуунун наркынан жарала тургандыгын түшүнүү керек. Башкача айтканда, Банктар алар тарабынан алынган инвестициялык фонддордон же депозиттик продукттар түрүндө элден алынган каражаттарды кредиттик ресурстарга жайгаштырышат. Эгерде биз депозиттер боюнча чендерди эл үчүн жылдык 12-13% деп декларацияласак, анда ага карызды берүү учурундагы Банктык чыгымдардын, операциялык тобокелдиктердин жана аларды акционер ала турган кирешенин үлүшү (кирешенин өлчөмү көп учурда бир-эки пайыздан ашпайт) – кредит боюнча орточо пайыздык чени жылдык 15-16% жана андан жогору чендери кайдан келип чыга тургандыгы көбүрөөк түшүнүктүүрөөк болуп калат.

Кредитиң таптакыр жок болсо (албасаң), албетте, жакшы (пайдалуу). Бирок кыймылсыз мүлккө карата баалар биринчи, ошондой эле экинчи рыноктордо да жетишээрлик түрдө кымбат. Көпчүлүк жарандар үчүн, анын ичинде туруктуу кирешеси бар жактар үчүн да менчик турак жай сатып алууга каражаты жетпей, ушул маселе өтө курч турат. Ошентип ипотекалык кредит бул менчик турак жай сатып алуунун реалдуу механизмдеринин бири болуп кала берет.

– Ипотекалык кредиттин (карыздын) негизги кандай пайдалуу жактары бар?

– Биринчиден, кыймылсыз мүлктүн наркынын жогорулугунан батир же үй сатып алууга акчаны көп убакыт бою топтоо керек болот. Ал эми адам жакшы шарты бар үйдө жашагысы келет. Ошентип ипотекалык кредит менчик үйгө ушул учурда жетүүгө мүмкүндүк берет.

Экинчиден, ипотека кредитти узак мезгилге алууга мүмкүндүк берет, ал убакыттын ичинде ар айлык төлөмдөрдүн өлчөмү өзгөрбөйт жана алган сумманы мөөнөтүнөн мурда кайтар деп эч ким сизди кыйнабайт. Мисалы, жеке жактардан карыз алсаңыз, алар карызды мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылышы мүмкүн.

Үчүнчүдөн, башка бирөөлөрдүн турак жайын ижарага алып ага төлөгөндөн көрө, кредиттик төгүмдөрдү өзүңдүн менчик батириң үчүн төлөгөнүң жакшы да, туурабы, кандай дейсиз? Ушул учурду сизге көрсөтүп берүүгө аракет кылайын: бир бөлмөлүү батирдин болжолдуу наркы –
25 000 АКШ доллары (же 1 750 000 сом). Ипотекалык кредитти 10 жылдык мөөнөткө эсептейли.

Бул учурда, баштапкы төгүм батирдин наркынын 30% өлчөмү – 7500 АКШ долларын (же 525 000 сом) түзөт. Ал эми кредит боюнча ар айлык төгүм 22 миң 469 сомду түзөт. Башкача айтканда, эгерде сиз айына 12 миң сомго бир бөлмөлүү батирди ижарага алсаңыз, анда анын үстүнө 10 миң сом кошуп, өзүңүздүн менчик үй сатып алуу тилегиңизди иш жүзүнө ашыра аласыз.

Дагы белгилеп кете турган жагдай, бул ипотекалык кредитти алуу менен сиз кесиптик экспертизадан өткөрүлгөн, сатып алып жаткан кыймылсыз мүлккө карата укуктарды түзүүчү жана укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди ала аласыз. Башкача айтканда, сиз сатып алып жаткан объектке карата башка чектөөлөрдүн жоктугу тууралуу иш жүзүндөгү юридикалык кепилдикти аласыз.

Эгерде сиздин турак жайыңыз бар болсо, сиз аны ижарага берүү максатында экинчи, үчүнчү кыймылсыз мүлк катары сатып алсаңыз болот жана аны менен бирге кошумча эмгек акы алуу мүмкүндүгүн да ала аласыз.

Кайталап айтып кетейин, ипотека аркылуу кыймылсыз мүлк сатып алуу жөнүндөгү чечим, бул ар бир потенциалдуу карыз алуучунун (зайымчынын) өзүнүн жеке, салмактап өлчөнгөн чечими болушу керек. Жана, кыскараак айтсам, чечимди кабыл алуу үчүн мен негизги үч критерийди чыгарат элем.

Биринчи – өзүңдүн финансылык мүмкүнчүлүгүңдү объективдүү баалоо абдан маанилүү; экинчи – алар тууралуу чындыкты Банктын өкүлүнө айтып берүү, ал оптималдуу шарттарды тандап алууга жардам берет; жана эң маанилүүсү – кредиттик дисциплинаны сактоого карата абдан олуттуу мамиле жасоо. Акыркысы, кредиттик тарыхың бузулса, сизге кийин жаңы кредит алуу боюнча маселе абдан татаал болуп кала тургандыгын сиз эсиңизге алышыңыз керек, бул абдан маанилүү.

– Менчик турак жайга ээ болууну эңсеп келген жаш үй-бүлөлөргө сиз кандай кеңеш бере аласыз?

– Жаш үй-бүлөлөр ипотекалык кредитти пландаштыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетке тиешелүү эки маселени чечиши керек: алар өздөрүнүн ар айлык бюджетинин кайсы өлчөмүн өздөрүнүн күндөлүк керектөөлөрүнө корото алышат, жана ипотека боюнча төгүмдөр катары кайсы сумманы ичи оорубай бере алат? Ушундай эки маселени өздөрү үчүн чечиши керек.

Мен алардын андан ары акча топтоо практикасын колдонууну жана ал сумманы Банктагы депозиттик эсепке салуу менен чогултууга аракет жасоону сунуштайт элем. Муну менен бирге сиз эң аз дегенде эң маанилүү эки маселени чечесиз: сиз өзүңүздү тартипке сала (дисциплинировать) баштайсыз жана баштапкы мүчөлүк төгүм үчүн сумманы топтой баштайсыз. Бул жерде дагы бир көрүнүктүү пайдалуу жагы – бул топтоолорду канчалык көп жүргүзсөңүз (20-30 пайызын эмес, мисалы, 30-40 пайызын), сиз Банктан кредиттин суммасын ошончолук азыраак аласыз, жана жыйынтыгында Банкка пайыздарды азыраак төлөйсүз.

Жеке үйдү же батирди сатып алуу аркылуу сиз турак жайды ижарага алуудан акчаңызды үнөмдөйсүз же ата-энелер менен бирге жашасаңыз, жеке көз карандысыздыкты (эркиндикти) аласыз.

Эгерде азыркы учурда кредитиңиз бар болсо, сиз башында пландагандан ашык чогултуу, иштеп табуу мүмкүндүгүнө ээ болосуз, сиз кредитти мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай төлөй аласыз. Бул дагы сиздин Банкка төлөй турган пайыздардын суммасын азайтат (башкача айтканда, пайыздык чен ссуданын калдыгына эсептелет, ошондуктан, калдык канчалык аз болсо, акчалай пайыздарды ошончолук аз төлөйсүз).

– Сиздин оюңуз боюнча, ипотеканы кайсы валютада алган жакшы?

– Эгерде сиз кредитти узак мөөнөткө алайын деп чечсеңиз, анда кредитти улуттук валютада алууну сунуштайт элем. Себеби сиздин негизги кирешеңиз сом менен болгон эмгек акыңыздын эсебинен түзүлгөндүктөн улуттук валютада алган оң. Муну менен сиз келечекте валюталык курстардын өзгөрүшүнөн боло турган тобокелдиктен сактана аласыз.

– "Халык Банкта" ипотекалык кредит алуунун шарттары кандай?

– Ипотекалык кредит боюнча биздин шарттар рыноктогу жагымдуу шарттардын бири болуп саналат. Биз сом менен жылдык 16%дан өйдө жана АКШ долларында жылдык 14%дан өйдө чендерди сунуштайбыз; кредиттин мөөнөтү 10 жылга чейин, биздин эмгек акы долбоорлорунун катышуучулары үчүн – 12 жылга чейин. Натыйжалуу пайыздык чени сом менен – жылдык 18,07%дан өйдө жана АКШ долларында жылдык 15,75%дан өйдө.

Баштапкы мүчөлүк төгүм сатылып алына турган мүлктүн наркынын 30%дан кем эмес суммасын түзүшү керек.

– Баштапкы мүчөлүк төгүм үчүн каражат жок болсо эмне кылуу керек?

– Эгерде сизде баштапкы мүчөлүк төгүм үчүн жетиштүү суммадагы каражатыңыз жок болсо, сиз кошумча күрөөнү коё аласыз жана бүтүмдүн толук наркынын өлчөмүндө кредит ала аласыз. Башкача айтканда, баштапкы мүчөлүк төгүмдүн ордуна сиздин атыңызга же туугандарыңыздын (сөзсүз түрдө алардын макулдугу боюнча) атына катталган башка кыймылсыз мүлктү күрөөгө коё аласыз.

– Кепилдиктер боюнча эмнелерди айта аласыз? Айрым учурда кепил болуп бере турган адамды табуу абдан кыйын. Кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу боюнча иштер кандай жүргүзүлөт?

– Биздин Банкта үчүнчү жактын кепилдигинин керектиги боюнча милдеттүү талап жок.

Милдеттүү түрдө камсыздандыруу 50 000 АКШ долларынан (сом эквивалентинде) жогорку суммалар боюнча гана жүргүзүлөт.

"Халык Банк" ар бир кардарга ыңгайлуу, жекече мамиле жасоого аракеттенет, кызматкерлер кредит берүүнүн ылайыктуу программасын сунушташат, сиздин биз менен бирге болгон иштеги башкы девиз, бул өнөктөштүк, ак ниеттүү мамиле түзүү болуп саналат. Кардар үчүн бардык кыйынчылык учуру, тагыраак айтканда, финансылык жактан кыйынчылык жаралса эч коркпостон ишенимдүү түрдө бизге кайрылышы үчүн кардардын ишенимине ээ болуу биз үчүн абдан маанилүү. Биз сиз менен бирге ошол абалдан чыгууга аракет кылабыз.

– Кеңеш бериңизчи, эгер жарандын буга чейин башка банктан алган ипотекалык кредити бар болсо, ошол кредитин жабыш үчүн "Халык Банкка" кайрылса болобу?

– Ооба, бизге башка банкта ипотекалык кредити бар кардарлар кайрыла алышат. Мисалы, кимдир бирөө ипотеканы доллар менен алды, эми аны сом менен төлөгүсү келет. Же болбосо азыркы үстөк пайызы жогору. Кредиттик тарыхы жакшы болсо, биз ал кардарга жардам берүүгө даярбыз жана башка банктагы кредитин жаап алуусу үчүн ипотекалык кредит бере алабыз.

– Ипотекалык кредит алуу үчүн кандай документтер керек?

– Биз бул жаатта да кардарларга жеңил болушу үчүн документтердин тизмесин минимумга чыгарууга аракет жасадык:

- Паспорт (арыз берүүчүнүн, жубайынын, күрөө берүүчүнүн);

- Никеси/ажырашкандыгы жөнүндө күбөлүк;

- Сатылып алына турган/болгон мүлктүн документтери;

- Киреше булагын тастыктоочу документтер (эмгек акысы тууралуу маалым кат (справка), эгерде арыз берүүчү ишкердик менен иш жүргүзсө – патент/күбөлүк/демөөрчүлүк документтери, бизнес боюнча маалыматтар).

– Иш жүзүндө кредитти берүү процесси кандай жүргүзүлөт?

– Банктын бөлүмүнөн консультация алгандан кийин сиз өтүнмө арыз жазып толтурасыз. Кредиттик менеджер сиз менен финансылык талдоону жүргүзөт. Күрөө боюнча адис кыймылсыз мүлктү баалоо үчүн үйүңүзгө барып күрөөнү көрүп келет. Андан кийин кредиттик жана күрөө адистери тарабынан даярдалган документтер кредиттик комитетке берилет, анда каржылоо (финансылоо) жөнүндө чечим кабыл алынат. Кредиттик дело аны толтуруп даярдоо жана кредит берүү үчүн андан ары берилет.

Кредитти кароонун жана берүүнүн жалпы жол-жобосу 5-7 күндү камтыйт.

– Сиздердин Банк азыркы учурда кардарлардын кайсы категориялары менен иш жүргүзөт?

– Биз бардык категориядагы кардарлар менен иштейбиз. Бул, мисалы, ата-энесинен бөлүнүп өзүнчө жашоону каалаган жаш үй-бүлөлөр, өлкөнүн аймактарында жашаган ата-энеси аларга батир сатып бере турган ЖОЖдордун студенттери, батир сатып алуучу же аянты чоңураак үй сатып алуучу, ал эми болгон батирин ижарага берүүчү үй-бүлөлөр менен иштейбиз. Биз кийин аны ижарага берүү жана өзү үчүн батир сатып ала турган жеке ишкерлер менен да иш жүргүзөбүз.

– Валентина Айдаралиевна, сизге акыркы корутунду суроо: иш жүзүндө сиздер потенциалдуу карыз алуучулардын (зайымчылардын) көбүнчө кандай коопсуздануулары же маселелери менен кездешесиз?

– Жакшы суроо. Потенциалдуу карыз алуучу (зайымчы) кредитти төлөй ала тургандыгына ишенет, бирок аны алууга анын мүмкүнчүлүгү жок деп эсептейт. Себеби негизги иштеген жери боюнча эмгек акысы кредит төгүмдөрүн төгүү үчүн жетишсиз же адам өзүнүн кирешелерин тастыктоодо кыйынчылыктарга дуушар болот. Мына ушул сыяктуу ар кандай коопсуздануулар көп кездешет. Потенциалдуу карыз алуучуга (зайымчыга) менин кеңешим – кредиттик адиске ишенип, туруктуу келип түшүп туруучу бардык акчалай булактар тууралуу ага айтып бериңиз. Ал эми кредиттик адис болсо, сиздин финансылык ишмердигиңиздин тигил же бул багытын кантип тастыктоо керектигин түшүндүрүп айтып берет, сиздин үй-бүлөнүн кирешелерин талдайт. Кошумча кошо карыз алуучуну (созаёмщик) жана ушул сыяктууларды сунуштайт. Бир канча варианты болушу мүмкүн.

Дагы бир кеңири таралган суроолордун бири – кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөп тындыруу мүмкүндүгү. Карыз алуучу (зайымчы) кредит менен каалаган убакта пайдаланууга анын мүмкүнчүлүгү бар. Мыйзам боюнча, пландалган төлөп тындырууга чейин 30 календарлык күн мурда Банкка ал тууралуу билдирүү жетиштүү. Ал эми ошол мөөнөт өткөндөн кийин ал кредитти ишенимдүү түрдө жаба алат. Кредит боюнча пайыздар кредит иш жүзүндө иштетилген убакыт үчүн гана кармалат.

Жана үчүнчү, кеңири таралган кооптонуулардын дагы бир учуру – форс-мажор кырдаалдары жаралган учурда жана кредитти төлөп тындыра албай калган учурларда кандай болот? Банктын кызматчылары кадимки сиздей эле болгон адамдар, жашоонун кыйын абалына дуушар болгон адекваттуу адамга алар ар дайым жардамга келүүгө умтулушат. Алар сиздин кредитти реструктуризациялоонун варианттарын Сизге сунушташы мүмкүн же кредиттин мөөнөтү узартылышы же графиктер ыңгайлаштырылып түзүлүшү мүмкүн, бир сөз менен айтканда, ошол учурдагы кредиттин шарттары жеңилдетилиши мүмкүн. Сиз өзүңүздүн кыймылсыз мүлкүңүздү рынок баасы боюнча өз алдыңызча сатып, карызыңыздын калдыгын төлөп тындыра аласыз.

Ошентип, эгерде баарын жакшылап салмактаса, ипотекалык кредитке байланышкан бардык тобокелдиктерди минималдаштырууга болот.

Биздин өлкөнүн бардык тургундары турак жайларынын шарттарын жакшыртуусун чын дилимден каалайм! Анын ичинде биздин катышуубуз менен!

БАНК ТУУРАЛУУ:

• «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы, 2018-жылы өзүнүн 95-жылдыгын белгилеген «Казакстан Эл Банкы» АКсынын туунду компаниясы болуп саналат.

• «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы өзүнүн ишмердигин Кыргызстандын финансылык рыногунда 14 жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат.

• Бүгүнкү күндө жалпы Кыргызстан боюнча «Халык Банк Кыргызстан» ААКсынын
19 бөлүмү бар: Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Кара-Балтада, Чолпон-Атада, Караколдо, Өзгөндө, жана Ноокатта.

• «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы универсалдуу банктын статусуна ээ жана өзүнүн ишмердигин № 044 банктык лицензиясынын негизинде жүргүзөт.

• Мамлекеттер аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө карата Банктын кардарларын тейлөө үчүн Германиянын, АКШнын, Россиянын жана Казакстандын ири банктары менен корреспонденттик мамилелер түзүлгөн.

Ибрагим Жусуев



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
11.03.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз экен ))
11.03.2019. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мигранттар да ипотекага турак жай алса болобу?
12.03.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Такыр тушунуксуз,канча пайыз менен берилет ошондо?мен ипотека алыш учун эмнеге «Халык банкты тандашым керек,конкуренттерине караганда кандай артыкчылыктары бар?биз сайтынан окуп,кенсесине барсак ал жерде таптакыр башка нерсени айтышат.Эмнеге?Супер инфо,ушул ипотека,жилищный фонддор тууралуу кененирээк маалымат берсенер жакшы болмок.Бизге окшогондор коп болуш керек.
12.03.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sagunur2016, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
15.03.2019. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sagunur2016, жазылып турбайбы ойдодо, сом менен канча, доллар менен канча экени
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: