Кыргыз бийчиси Солто Эсенгулов жакында дүйнөлүк ТВ шоу-программага катышып, бий өнөрү менен көрүүчүлөрдү таң калтырды. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазып, кубанычы менен бөлүштү. Солто менен байланышканыбызда ал: “Досторум менен “Тhe Еllen show” («Шоу Эллен Дедженерес») шоу программасынын сахнасына чыгып, бий өнөрүбүздү тартууладык. Программага дүйнөлүк белгилүү жылдыздар конок болушат. Бул жолкусунда көрсөтүүнү биз бий менен ачып, залды "жардык". Жадакалса бизге “Уолт Дисней” компаниясында тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк бар” деп айтышты. Мен дүйнөлүк масштабдуу шоу-программага катышкан алгачкы борбор азиялык бийчи болдум”,- дейт Солто.
Белгилей кетсек, Солто алгач “Тумар КР” тобунда бийлеп, чет элдик бий сынактарында талантын көрсөтүп келген. Учурда АКШда жашап жаткан мекендешибиз “Бий мутанттары” (“Mutants of Dance”) деген топтун курамында чыгып жүрөт. Былтыр өзгөчө адамдардын катарында ал “Ripley’s Believe it or Not” деген аталыштагы америкалык китепке кирген.
star@super.kg