БИР БҮРКҮМ. КАРГАНБЕК САМАКОВ АБАКТАН ЧЫКТЫ...
№854 14-20-март, 2019-жыл
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалды. Бул жигит президенттин жердеши экени талкууланууда.
- 2018-жылдын 12 айында Кыргызстанга 569 миллион 790,5 миң доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып келсе, 523 миллион 190,7 миң доллар өлчөмүндөгү инвестиция чыгып кеткен.
- Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси болуп дайындалды.
- Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп Ду Дэвэнь дайындалды.
- 2019-жылдын январь-февраль айларындагы республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 16 миллиард 250 миллион сомду, ал эми чыгымдар 15 миллиард 259 миллион сомду түздү.
- Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума кутпаларын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орус кошуу тууралуу буйрук чыгарды.
- Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Болсунбек Казаковду үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
- Экс-депутат Карганбек Самаков абактан чыкты. Жыл башында күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык, анын иши кайра каралып, жатак абагына которулду.
- 2019-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 457 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 8,4%га төмөн.
- "Кырк чоро" коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренесинин негизинде "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши ачылды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1