БИР БҮРКҮМ. АСТАНА НУРСУЛТАН ДЕП ӨЗГӨРТҮЛӨТ...
№855 21-27-март, 2019-жыл
-

Өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу
Азимжан Аскаров убактылуу кармоочу жайдан абакка которулду.
-
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады.
-
Астана шаарын Нурсултан деп өзгөртүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу "Нур Отан" партиясынын төрагасынын орун басары Маулен Ашимбаев айтты.
-
Президенттик кызматтан кеткен Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева Казак парламентинин жогорку палатасына төрайым болуп шайланды.
-
"Элдик парламенттин" мүчөсү Толубай Колубаевден "бийликти күч менен басып алуу" айыбы алып салынды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
-
16-мартта Баткен районунун прокурорунун орун басары 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынды.
-
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги Кыргыз өлкөсү боюнча 900 мектепке 110 257 даана китеп тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.
-
НТС телеканалынын директору болуп Миржан Балыбаев дайындалды. Ал аталган каналда 14 жылдан бери эмгектенип келет.
-
Башкы прокуратура коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке 11 миллион 106 миң 840 сом акча которду.
-
23-апрелде "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү, партиянын тарапташтары катышкан тынчтык митинги өтөт. Анда Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотоновдун иши акыйкат иликтенишин талап кылышат.
-
Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек ара маселеси 3-апрелде каралмай болду. Бул тууралуу чечим 20-мартта кабыл алынды.
-
Жогорку Кеңештин депутаттары 25-29-март күндөрү шайлоочулар менен жолугушат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0