26-март күнү Нурмат Садыров айтмакчы, Аваздын тоюнун акыркы 3-сериясы өтүп, той жыйынтыкталды. Тойдо куда-кудагыйлар, ырчы, тамада, бийчи, алпаруучу, деги койчу, кыргыз шоу-чөйрөсүндөгүлөрдүн басымдуу бөлүгү келип ырдашты, бийлешти, ойношту, чер жазышты.
Ушул кезге чейин турмушка чыккан ырчы кыздардын арасынан үлпөт көйнөк алмаштыруу боюнча Айдана рекорд койду. Ал Ошто, Бишкекте өткөн үйлөнүү тойдо жалпысынан 6 ирет үлпөт көйнөгүн которду.
– Аваз, Айдана, расмий түрдө никеге турушуңар менен! Айдана, келиндик доор кандай өтүүдө?
– Рахмат чоң. Ата-энем, Аваз мени мактап эле жатышат. Мен да колумдан келишинче, жүз эмес, миң пайыз аракет кылуудамын. Үй жумуштарын билбейм дебестен, баарын билем деп кылып жатам.
– Аваз, сен кандай күйөө бала болуп жатасың?
– Азырынча күйөө бала болуп кызмат кыла элекмин. Бирок буга чейин кайнене-кайнатамдын, кайнагамдын, деги эле Айдананын туугандарынын баарынын көңүлүн алып койгом. Баары мени жакшы көрүшөт.
– Тойго канча киши чакырылды эле? Орун жок калыптыр дегендерди угуп калдык...
– Негизи, тойго 200дөй досторубузду чакырганбыз. Таарынгандар көп болуп, кайра 100дөй орун коштук. Ошентсе да коноктор көп келди.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg
Салтты улай али булардын да той концертида бар))
Иши кылып бактылуу болгула!
Адилет мн Илимага окшоп, без реклама жашаганда уйронсонор))
Орифлейм Фаберлик Avon да иштеп айлыкка жете албасаныз.....Анда сизди
жаны келген Франциянын компаниясына жумушка чакырамын