БИР БҮРКҮМ. АСЫЛБЕК ЖЭЭНБЕКОВ КСДПдан ЧЫКТЫ...
№857 4-10-апрель, 2019-жыл
-

Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев
кызматтан бошотулду.
-
Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2017-жылдын сентябрь айынан бери Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп иштеп келген Акрам Мадумаров дайындалды.
-
Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып, депутаттык мандатын тапшырбай турганын кошумчалады.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
-
«Мансон Групп» компаниясы Макмал алтын кенин иштетүүгө 75 миллион долларга жакын инвестиция салат. Келишимге ылайык, «Кыргызалтындын» үлүшү 30%ды түзөт, ал эми «Мансон Групптун» үлүшү 70% болот.
-
Эл аралык республикалык институт жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстандын алдында турган эң орчундуу көйгөй – жумушсуздук (43%) деп табылды.
-
Бишкектин Свердлов райондук соту ЖЭБдеги коррупция боюнча кылмыш ишин кароого кенен зал бөлүүдөн баш тартты.
-
"Ош" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылды. Эми "Ош" аэропорту Boeing 767-300, Boeing 737-800, Airbus A320 учактарын кабыл ала алат.
-
Өзгөчө кырдаалдар министри кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга 200 миң доллар коротот.
-
Кыргыз-Орус аймак аралык VIII ишкерлик конференциясында жалпы баасы 620,16 миллион долларды түзгөн соода алакасы тууралуу келишимдерге кол коюлду.
- 3-апрелде Алматынын райондор аралык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун прокурор 12 жылга эркинен ажыратууну сурады.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0