БИР БҮРКҮМ. БАБАНОВ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ...
№858 11-17-апрель, 2019-жыл
-

Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү
Курбанбай Искандаров кызматтан бошотулду.
-
Бийликтен Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча макулдашуунун протоколун талап кылган Бактыяр Калпаев жумуштан кетирилди. Ал Жогорку Кеңештин аппаратында иштечү.
-
Өмүрбек Бабанов 13-апрелде саат 14:50дө Бишкектеги эл аралык "Манас" аэропортуна келип конот.
-
«Альфа Телеком» ишканасынын мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиевдин жаза мөөнөтү 12 жылдан 11 жылга кыскартылды. Ага 2012-жылы ишканага 142 миллион сом зыян келтирди деген айып коюлган.
-
Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын мурдагы башчысы бөйрөк рагына чалдыккан Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранды.
-
Бишкекте коомдук муниципалдык транспортто электрондук билет менен жүрүү долбоорун швейцариялык BPC AG компаниясы ишке ашырат.
-
Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, 636 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алды. Ал эми экинчи жарлык боюнча 448 адам жарандыктан чыкты.
-
Казакстанда президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев жарыялады.
-
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаевага Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
-
Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев АКШ президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды.
-
Кыргызстандын чет жактагы элчиликтерин каржылоого 2019-жылы 164 миллион сом каралды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0