Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ДЦП менен ооруган Рустам: “АТА-ЭНЕМ МЕНИ ТАШТАП КЕТИШКЕН. АЛАР МЕНЕН ЖОЛУККУМ КЕЛБЕЙТ”

№858 11-17-апрель, 2019-жыл


“Балдар ыйык жана аруу. Наристелерди керек болсо каракчылар менен крокодилдер да периштедей таза жандар катары кабылдашат. Өзүбүз кайсы аңга түшпөйлү, балдарга өздөрүнүн аруу затына жарашкан атмосфера түзүшүбүз керек” дептир жазуучу Антон Чехов. Азыр периштелерибизге өздөрүнө жарашкан атмосфера түзүп берип жатабызбы? Айрым учурда акылга сыйбаган кордуктарды көрсөтүп, аруулукту айбанча да сыйлай албай келебиз. Бүгүнкү каармандарым оор дарт менен төрөлгөндөр. Бирин ошол дарт үчүн атасы таштап кетсе, экинчисинен апасы да, атасы да баш тарткан.

“БАСА АЛГАН КЫЗГА ҮЙЛӨНҮП, ДЕНИ САК БАЛАЛУУ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

ДЦП жана андан башка да бир топ оор диагноздор коюлган 17 жаштагы Рустам (аты өзгөртүлдү) Бишкекте жайгашкан “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборунда жашайт. Аталган борбор Рустамдын камкорчусу (опекун). Коляскада отурган каарманым менен тил табышып сүйлөшүү жеңил болду. Ал бизге карабай кеткен ата-энеси тууралуу айтып берди. Алар жөнүндө айтып жатканда үнүнөн таарыныч сезилип турду:

– Мен ДЦП менен төрөлгөм. Эсимде калганы, апам көп арак ичет эле. Атам да кээде ичип калчу. Чоң атам, чоң энем, эжем, байкем бар болчу. Алар азыр кайда экенин билбейм. Мени бул жакка 7 жашымда ата-энемдин кошунасы алып келип таштаган. Ошондон бери ата-энемди көрө элекмин. Алар менен жолуккум келбейт. Анткени алар мени таштап кетишти. Азыр мага Германиядан демөөрчүлөр жардам берип жатышат. Бул жак мага жагат, көнүп калдым. Бул борбордо жашап жүрүп бир катар досторду күттүм. Досторум менен сүйлөшөм, күлөбүз, жакшы убакыт өткөрөбүз. Мен шурудан билериктерди жасайм, сүрөт тартканды жакшы көрөм, футболго кызыгам. Келечекте бийчи жана тиш дарыгери болсом дейм. Анан да баса алган кызга үйлөнүп, дени сак балалуу болгум келет.

“РУСТАМДЫ БАГУУ ҮЧҮН ДАЙЫМА ДЕМӨӨРЧҮЛӨРДҮ ИЗДЕШИБИЗ КЕРЕК”

Рустамдын ден соолугунун абалы тууралуу аталган борбордун алдындагы мектепке чейинки группанын координатору Инга Шелике айтып берди:

– Рустам бизге 2009-жылы келген. Анда Бишкектин Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы баланы 1 жума карап туруубузду суранышкан. Бир жумадан кийин аны Ошко которушмак. Баланын башы аябай чоң болчу. Текшертип көрсөк, гидроцефалия (баш сөөк көңдөйүнө жүлүн суусунун толушунан пайда болгон балдар оорусу) бар экен. Тез арада кымбат баадагы операция жасаш керек болду. Врачтар өздөрү демөөрчүлөрдү таап, операция жасашты. Операциядан кийин балага жакшы кам көрүш керек болчу. Ошондуктан анын ата-энесин издедик. Атасын таптык. Тилекке каршы, ал баласын кароодон баш тартты. Ушул себептүү аны ата-энелик укугунан ажыратууга туура келди. Бала алсыз, дайыма Бишкектеги нейрохирургдардын көзөмөлүндө болушу керек, андыктан мамлекеттик балдар интернатына бербей өзүбүзгө алып калдык. Ошондон бери Рустам биздин борбордо жашайт. Рустамга гидроцефалиядан тышкары акыл-эси жагынан артта калган, бөйрөктөрдүн гидронефрозу, жүлүндүн сколиозу деген диагноздор коюлган. Бала өзү баса албайт, кыйналып отурат, заарасын жана заңын кармай албагандыктан дайыма такма жалаяк менен жүрүшү керек. Азыр да анын абалы оор. Бөйрөктөрү жакшы иштебей жатат. Жылына бир канча жолу ооруканага жатат. Ар бир 10 күндө катетерди алмаштырып туруу үчүн хирургга көрүнүп турат. Бир жакка алып баруу оор. Анткени бала алсыз. Рустам башка балдар менен байланышта болгондо ооруп калат. Ошондуктан мектепке да бара албайт. Ал азыр дайыма багуучунун көзөмөлүндө. Багуучу ага өзүнчө тамак жасап, карайт. Рустам ай сайын 4 миң сом пенсия алат. Башка керектелүүчү каражаттар үчүн дайыма демөөрчү издөөгө туура келет. Азыркы заманда демөөрчү табуу оңой эмес.


Баласы оорукчан эне: «ЖОЛДОШУМ ООРУКЧАН БАЛАСЫНАН БАШ ТАРТТЫ»

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Асел Алиева 2 баласын жалгыз багып келет. Каарманым баласы оорулуу болуп калгандыктан атасы андан баш тартканын айтат.

– Мен эки ирет турмушка чыгып эки балалуу болдум. Биринчи жолдошум каза болуп калган. Андан бир кызым бар. Кудайга шүгүр, кызымдын дени сак. Экинчи жолдошум спирт ичимдигин көп ичет эле. Ал экөөбүз эркек балалуу болдук. Балам 7 айлык кезинде ДЦП менен төрөлдү. Уулума Алсейит деген ысым ыйгардык. Алсейитим 3 жашка чыкканда жолдошум “баланы карай албайм” деди. Экөөбүз ажыраштык. Анын азыр башка үй-бүлөсү бар. Жолдошума таарынбайм. Жашоодо ар кандай кырдаал болот. Ар бирибизге ар кандай сыноо берилет, аны көтөрүшүбүз керек. Ажырашкандан кийин кызымды ата-энеме таштап коюп балам экөөбүз ооруканалап жүрдүк. Кызымды мектепти бүткөнгө чейин ата-энем бакты. Баламдын дарылануусуна көп каражат кетет. Ага да ата-энем жардам беришти.
Алсейит 4 жашка чыкканда “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борбору тууралуу угуп калып, ушул жакка алып келгем. Ошондон бери аталган борбордо тарбияланат. Азыр 14кө чыгып калды. Бул жакка айына 14 миң сом төлөш керек. Башында өзүм төлөп жүрдүм. Кудай жалгап, кийин демөөрчүлөр табылып калды. Азыр бул борборго балам үчүн демөөрчүлөр акча төлөшөт. Өзүм тигүүчү болуп иштейм. Батирге 7 миң сом төлөйм, студент кызымды жана оорукчан баламды багам. Баламды жыл сайын ооруканага жаткырып туруш керек. Ал үчүн да ар кандай суммадагы каражат кетет. Өзүм тапкан акча турмуш тиричилигиме кенен жетпейт. Студентти окутуу, өз алдынча кыймылдай албаган, дайыма жардамга муктаж баланы багуу оңой эмес.

Балам бул борбордо тарбияланып, көп нерсе үйрөндү. Быйыл Алсейит окуп, тарбияланып жаткан борборго 30 жыл болот экен. Уулум юбилейге арналган иш чарага катышып, чыгармалардагы каармандардын ролун жаратып кубантып жатат. Өзү аракетчил, жайдары бала. Майрамдык маданий иш-чараларга дайыма катышып турат.

Башыма кандай тагдыр түшсө да, Кудайдын жазганы деп кабыл алам. Эч нерсеге өкүнбөйм. Ушундай абалымда жардам бергендер табылганына кубанам.

“МЕН АТАМДАН ЭМНЕГЕ МЫНДАЙ БОЛУП КАЛДЫМ ДЕП СУРАЙМ”

14 жаштагы Алсейит Саяков аталган борбордун юбилейине карата уюштурулган иш-чарада Манастын ролун жаратарын айтып, үзүндү аткарып берди да, суроолорубузга кыйналып сүйлөп жооп берди:

– Мен 7-класста окуйм. Мага тарых сабагы жагат. Бул жактан биз атка минебиз, музыка угабыз, майрамдар уюштурулуп турат. Мен келечекте шоколад фабрикасын ачкым келет. Анткени таттууну жакшы көрөм. Айылга барганда атам келип турат. Аны жакшы көрөм, сагынам. Атам мага таттуу момпосуйларды алып келет. Мен атамдан көбүнчө “эмнеге мындай болуп ооруп калдым?” деп сурайм. Ал “мен арак ичкеним үчүн ушинтип ооруп калдың” деп жооп берет.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



Шал оорусу менен ооруган бала: "Ата-энем таштап кеткен, алар менен жолуккум келбейт"

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
15.04.2019. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх аттиң дүйнө, наркы көк мээ ата энесинин, алардын арагынын айынан бей күнөө наристе майып төрөлүп жатат
17.04.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак ичкеним учун ушундай болуп калдын дегени жанды кейитип,козумо жаш келтирди. Оз куноосун билет тура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: