
Кыргыз эли
Атай Өмүрзаковду жаш бийчилерди таптап, аларга стимул берип, талантын ачып, эл аралык сынактарга алып чыккан инсан катары жакшы билет. Атайдан тарбияланган
“Тумар КР”, “Адем” топтору учурда өз алдынча кетип, бий жаатында чет өлкөлөрдө Кыргыз өлкөсүн таанытып, таң калтырып жүрүшөт.
Акыркы кезде Атай чет өлкөдө жашап, ал тууралуу көп укпай калганбыз. Көрсө, ал дагы бир долбоорду ишке ашырып жүрүптүр. Ал жаш, таланттуу балдарды чогултуп “Тотем” деген жаңы топ түзгөнүн айтат. Учурда аталган топ Кытайда өтүп жаткан “World’s Got Talent” дүйнөлүк шоу-программасына катышып, жарым финалга жолдомо алышты. “Тумар” бий тобунан Адина деген кызды, башка таланттуу балдарды чогултуп “Тотем” деген топ негиздедим. “World’s Got Talent” сынагы биздин алгачкы ийгилигибиз. Жалпысынан сынакка элүү катышуучу ат салышып, он алтыбыз жарым финалга өттүк. Буюрса, финал майда өтөт. Жеңишке жетүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз”,- дейт Атай.
star@super.kg