«АЛГА» МЕНЕН «ЕРЕМ» ФИНАЛДА
№860 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
Футзал боюнча өлкө биринчилигинин финалына чыккан командалар белгилүү болду. Бишкектин «Алга» командасы Ысык-Көлдүн «Мурасын» 3 оюнда 2 жолу жеңип, финалга жолдомо алышты.
Оштун «Ерем» командасы жарым финалда «Сан Ситиден» күчтүү болду. Жыйынтыгында финалда кайрадан өткөн жылдагыдай эле «Алга» менен «Ерем» кез келет. Финалдык беттеште 3 оюнда жеңүүчү аталган команда чемпион аталат. Алгачкы финалдык эки оюн 28-29-апрелде Ош шаарында өтөт.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0