БИР БҮРКҮМ. УКТАГАН ГУБЕРНАТОРЛОРДУ КЕТИРҮҮ ТАЛАБЫ КОЮЛДУ...
№860 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
-
Каныбек Ботобаев өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү кызматына дайындалды.
-
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов көк бөрүнү жана башка жалпы улуттук оюндарды түрк элдеринин атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизүүнү сунуш кылды.
-
Кыргызстанга чет элден келип иштеген мигранттарга патент системин киргизиш үчүн мыйзам долбоору даярдалды.
-
Кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери жайыт жерлердин аянты 167 миң гектарга кыскарды. Бул тууралуу жайыт, мал жана балык чарбасы департаментинен билдиришти.
-
Ош шаарында Кытай өкмөтү курган шаардык оорукана пайдаланууга берилди.
-
Казакстанда бийликтеги "Нур Отан" партиясы 2019-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерин көрсөттү. Мурдагы өлкө башчы Нурсултан Назарбаев президенттикке Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин сунуштады.
-
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун Казак соту 10 жылга эркинен ажыратып, жаза убактысы бүткөндөн кийин Казакстандан чыгарып салуу чечимин чыгарды.
-
Акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.
-
Алтынбек Сулайманов премьер Абылгазиевге "Президент сүйлөп жатканда уйкусурап отурган губернаторлорду кызматтан кетириңиз" деди.
-
Быйыл 3 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 800 килограммга жакын баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
-
Бишкекке Кытай мамлекетинен газ менен жүргөн 60 автобус алынып келип, пайдаланууга берилди.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1