15-19-апрель күндөрү Орусиянын Самара шаарында өткөрүлгөн “Балдар үчүн кино” эл аралык кинофестивалында “Дарак ыры” мюзикли баш байгеге ээ болду. Фестивалга тасмага тартылган актриса, саундтрегин аткарган ырчы Нурчолпон катышты.
- Фестивалда тасмаларды профессионал киносынчылар жана балдар көрүп чыгып, калыстык кылышты. Жыйынтыгында “Дарак ыры” баарына жакты. Тасманын жаш балдарга тарбиялык маанисинин күчтүүлүгү бааланып, баш байгени бизге ыйгарышты.
Андан сырткары 19-26-апрель күндөрү Иранда “Фаджр” эл аралык кинофестивалы өтүп, ал жакта “Дарак ыры” эки ирет көрсөтүлүп, жакшы кабыл алынды. Апрель ичинде эле тасмабыз 7 эл аралык фестивалга катышты,- деп кошумчалады тасманын продюсери Толкун Дайырбекова.
Белгилей кетсек, быйылкы жылдын эсебинен “Дарак ыры” мюзикли 21 эл аралык фестивалга чакыруу алган.
star@super.kg