БИР БҮРКҮМ. БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ 6-МАЙДА ӨЧҮРҮЛӨТ...
№861 2-8-май, 2019-жыл
-

6-июндан тарта
Ташкент-Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд жүрө баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
-
“Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы К.М. 1500 доллар пара алып жаткан учурунда кармалды.
-
Биометрикалык паспортторго бланк даярдоодо өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар боюнча айыпталып жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев үй камагына чыгарылды.
-
Бишкектин 141 жылдыгын белгилөөгө шаардык бюджеттен 1 миллион 900 миң сом бөлүнгөн. Анын басымдуу бөлүгү музыкалык аппаратурага жана фейерверкке коротулду.
-
Бишкекте ысык суу 6-майдан тартып бир айга токтотулат. Тийиштүү буйрукка шаардын мэри Азиз Суракматов кол койду.Бул учурда шаардагы суу түтүктөрү жана жылытуучу казандар оңдолот.
-
Алмаз Кулматов өкмөт башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.
-
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визит менен 2019-жылдын июнь айында келет.
-
Орусиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө 2 тик учак жана 9 аскердик чалгындоо жүргүзө турган унаа берди.
-
Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева жакшы сот болууга кеминде беш жыл керек экенин билдирди.
-
Бишкектин райондор аралык соту "Элит Хаус" курулуш компаниясына караштуу 9 кабаттуу эки имаратты сүрдүрүүгө чечим чыгарды.
-
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында уран казууга каршы митинг уюштурган "Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Бөлөкбаевге 3 миң сом айып салынды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0