Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КҮЙӨӨМ САУНАЛАРДЫН VIP КАРДАРЫ. БИРОК ҮЙ-БҮЛӨСҮН КАРАБАЙТ»

№862 9-15май, 2019-жыл


Окурмандардан келген
суроолорго психолог
Самат Аалканов жооп берет.

– Саламатсыздарбы? Мен 35темин, күйөөм 31 жашта. Баш кошуп жашап жатканыбызга 8 жыл болду. 1 кыз, 1 уулубуз бар. Акыркы 2 жылда күйөөм абдан өзгөрдү. Бир күн үйдө болсо, экинчи күнү үйдө жок. Эрди-катын катары отуруп чогуу маселе чечип, сырдашпай калдык. Үйгө келгенде колунан телефон түшпөйт. Кээде болбогон жерден чыр чыгарып, башка-көзгө ургулайт. «Кыйын болсоң ажыраш да, үйдөн чыгып кет» дейт. Тапкан акчасын көңүлдөштөрүнө чачат. Ал тургай бир көңүлдөшүн токолум деп досторуна тааныштырып жүрүптүр. Күйөөмдүн сауналарда VIP кардар экенин билем. Жакында эле күйөөмдү бир келин менен кармап алдым. Ал менден күчүн чыгарып, токмоктоду...
Ажырашып кетейин дейм, 2 балам менен бара турган жерим жок. Же иштебейм. Балдарымдын курсактары тойгонуна, үстүбүздө үйүбүз болгону үчүн эптеп чыдап келе жатам. Туугандарынын эч кимисинин сөзүн укпайт, «өз жашоомду өзүм билем, кийлигишпегиле» деп коёт. Эми эмне кылышым керек? Чындыгында ажырашып кетейин деген деле оюм жок. Үй-бүлөмдү сактап калгым келет. Бирок туңгуюктан чыга турган жолду билбей турам.

Гүлзар, 35 жашта, Талас


– Сиздердин үй-бүлөлүк абал кокустан эле ушундай абалга түшүп калган эмес. Башкача айтканда, буга чейин ушундай абалга жеткирген себептер болгон. Мисалы, жолдошуңузга көңүл буруу жетишпейт, же сизге таарынычы бар, же сиз жолдошуңузга туура эмес мамиле жасайсыз. Жолдошуңуздун тарбиясы, жашоого көз карашы башка адам. Айрым кыздарда турмушка чыкканга чейин эле «мени эч ким барктабайт, жакшы көрбөйт» деген калыптанган ой болот да, кийин жакшы күйөөгө тийсе деле өзүн барктабагандай, жакшы көрбөгөндөй сезиле берет. Өзүн бактылуу сезе албайт. Бул нерсе жолдошуна сезилет, ал нааразы болуп баштайт.
Сиз жалгыз отуруп алып баарын анализдеп көрүшүңүз керек. Алгач бала чактагы жашооңузду көз алдыңыздан өткөрүңүз. Үй-бүлөңүздө апаңыз атаңызга кандай мамиле жасачу эле? Анткени апасы атасын сыйлабаса, барктабаса кызда да «күйөөгө ушундай мамиле жасаш керек турбайбы?» деген ой калыптанат. Кийин турмушка чыкканында жолдошуна ошондой мамиле жасайт.
Үй-бүлөңүздү сактап калгыңыз келсе, өзүңүздүн кемчиликтериңиздин үстүнөн иштөөңүз кажет. «Мен киммин? Жашоодогу ордум кайсы? Жакшы жана жаман жактарым кайсылар? Кандай сапаттардан арылуум керек? Ажырашып кетсем эмне болот, балдарымды бага аламбы же бага албай каламбы?»деп өзүңүзгө суроо берип, жооп бериңиз. Бул өзүңүздү таанып-билгенге, ойду оң жакка өзгөртүүгө түрткү берет. Кейип отургуча иш таап иштеңиз. Өз укугуңузду, баркыңызды көтөрүңүз. Ар тараптан өнүгүңүз. Аял бактылуу болмоюн балдары бактылуу боло албайт. Андыктан психологдун жардамына кайрылыңыз. Сиз өзгөрүлсөңүз жолдошуңуздун да мамилеси өзгөрөт.



«КЫЗЫМ КИЙИМИН ЧАЙНАЙ БЕРЕТ»
– Кызым 2 жашта, кийимин чайнай берет. Ушул жаман адатын эч эле калтыра албай койдум. Бул эмнеликтен? Кантип калтырсам болот?

Венера, 29 жашта, Ош


– Балдардын ичинде коркуу, таарыныч, бир нерсеге кыжалат болуу сезими калып калса, анда булчуңдары чыңалып калат. Анан ички сезимин, башкача айтканда, булчуңундагы чыңалууну ошентип бир нерсени чайнап, кемирип, тиштегилеп чыгарат. Өзүн ошентип жоошутат. Бара-бара ал адат кылыптанып калат. Чыр-чатактуу үйдө жашап, стресске көп учураган, катуу тарбияда өсүп жаткан, тыюу көп үйдөгү балдардын да булчуңдары чыңалуу абалында болот. Андыктан кызыңызды балдар психологуна алып барып көрсөтүңүз. Балаңызга жетиштүү көңүл буруп, мээрим төгүңүз. Психолог жаман адатынан арылтуу ыкмаларын сунуштайт.



«ПСОРИАЗ ООРУМ БАР ЭКЕНИН ЖИГИТИМЕ АЙТЫШЫМ КЕРЕКПИ?»
– Мен 3 жылдан бери бир жигит менен сүйлөшүп жүрөм. Аны жакшы көрөм, ага турмушка чыгып, бактылуу жашагым келет. Мени менен сүйлөшүп жүргөнүн үйүндөгүлөр деле билет. Бирок менин эки бутумда тең псориаз (тери оорусу) бар. Муну жигитим билбейт. Ага айтсам ал бир туугандарына айтып, оорулуу экен деп мени чанып кетишеби деп корком. Айтпай тийип алайын десем, кийин чатак чыгабы деп ойлойм. Эмне кылышты билбей калдым. Кеңеш берип коюуңуздарды суранам.

Айгерим, 24 жашта, Кара-Балта


– Тери оорусу адамдын өзүн коргой албай жаткандыгынын белгиси. Тери оорусуна көбүнчө коркок, тартынчаак адамдар чалдыгат. Стресстерден чыгуу жолун билишпейт, өзүн баалашпайт. Бирөөлөр бир нерсе деп койсо көбүнчө агрессивдүү жооп беришет. Андайлар өз баркын сезип, өзүн баалоону үйрөнүүлөрү жана башкалардан да ошону талап кылуулары керек. Стресстен чыгуу жолдорун өздөштүрүүлөрү кажет.
Айгерим, сизде «оорум бар экенин айтсам жигитим таштап кетет» деген коркунуч бар. Эгер ал жигит сизди сүйсө сиз ооруңузду айткан күндө деле таштабайт, сизге үйлөнөт, «ооруну дарыласа болот» дейт. Эгер ал сүйбөсө, анда ооруңуздун бар экенин билсе сизден кол үзөт. Андыктан ачык айтып, ошого жараша иш кылганыңыз оң.
Сиз «менин бактым оорума байланыштуу» деген жаңылыш ойду жыйыштырыңыз. Бактылуу болууга ар кимдин укугу бар, аракет гана керек.



«БАЛДАРДЫ ЖЕК КӨРӨМ»
– Мен жогорку билимдүү адисмин. Иштеген ишим бар. Күйөөм экөөбүз жакшы эле жашайбыз. Ортобузда 1 кызыбыз бар. 6 жашка чыгып калды. Күйөөм дагы төрө дейт, мен төрөгүм келбейт, анткени мен балдарды жек көрөм. Башында күйөөгө да тийбейм дечүмүн. Бирок үй-бүлө күтүш керек экен, айла жок тийгем. Балдарды жек көргөн да аял болушу мүмкүнбү деп таң калып жатасызбы?
Ата-энемдин тун баласымын. 5 бир тууганбыз. Андыктан кичинемден ини-сиңдилеримди багып, балдар менен ойногон күндөрүм аз болду. Бир туугандарым катар-катар төрөлгөндүктөн үйдө дайыма ызы-чуу. Бири басылса, экинчиси ыйлайт. Бирин көтөрүп келсең, экинчисин терметип же тамак бериш керек дегендей. 6-класстан тартып нан бышырып, тамак кыла баштадым. Чоңойгон сайын түйшүктөрүм да көбөйдү. Ата-энем бир жакка кетсе үйдө балдарды багып мен калам. Өзүм теңдүүлөр бир жакка барып, туулган күндөрдү белгилешет. Мен болсо үй жумуштарынан, балдардан бошобойм. Азыр деле балдардын чуру-чуусун уксам төбө чачым тик туруп кетет. Кызымды өзүмдүн балам болгону үчүн эле ыйлаганына, чырына чыдап чоңойтуп жатат окшойм.
Күйөөм төрө десе эле жүрөгүм түшөт. Кайрадан ызы-чуулуу күндөрдү башымдан өткөргүм келбейт. Абдан көңүлүм калган.
Бирок төрөбөй койсом күйөөм кетип калбайбы деп да ойлоп корком. Эмне кылышым керек, кеңеш бериңиздерчи.

Элмира, 29 жашта


– Негизи ата-эне балалуу болууну пландаштыруусу кажет. Биринин артынан бирин төрөгөндөр үйдүн, бала багуу түйшүгүнүн канча бир пайызын тун баласына, өзгөчө кыз болсо, жүктөп салышат. Жаш бала болсо чоң адамдын түйшүгүн тартып жадайт, организмине, психикасына күч келет. Бала балалык доорун сүрбөй калат. Балага болсо жаш курагына карата иш жасатуу керек.
Жазгандарыңызга караганда, сиз бала багуудан жадагансыз. Бирок балдарды жек көрбөйсүз. Сиз психологго кайрылып, кеңеш алсаңыз, өзүңүздү жана психикаңызды оң жакка өзгөртө аласыз. Эми төрөсөңүз балаңызды энелик мээрим менен бактылуу кылып чоңойтосуз.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(15)
13.05.2019. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Психологдун кенеши деле ошол "озундон башта, онолсон куйоондун мамилеси да онолот". Аялдын жамандыгынан куйоосу ойноп, таштап кетти"деп элдер айтат. Байкуш аялдар.
13.05.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
vikidiki,ошону айтсаң, жолдошума жагынам деп аялдар өлүп кетет окшойбуз
13.05.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
тоа кантип периштедей болгон балдарды жек кору мумкун.сен кылган нерсени баары эле кылат ...
13.05.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биз 11 бир тууганбыз бири бирибизди которуп багып туйшукто эле чонойдук шумдугун кур мындай ойду уч уктасак ойлонбоптурмун. Бала бакыт,бала дем куч,бала байлык. Кудай сактасын бирок кундордун бир кундорундо жолдошунан ажырап сыздаган мезгилде бала кандай кубат,келечегине умут тартуулап апакелеп турса Жаратканга ыраазы болосун. Азыр балдарым апа ыйлабачы атаман айла жок ажырадык эми сизден да ажырагыбыз келбейт,сизди алаканыбызга салып бополоп карайбыз,атам сизди бизге аманат кылып кетти дешет
Nurkyz1977 түзөттү 2019-05-13 11:25:48
13.05.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Уйдо баланын уну чыгып турганы озу бакыт! Идиш аягын, эмеректеринди сындырып чачканы озу бакыт! Иштен келсен аталап алдындан чуркап чыкканы озу бакыт! Наристенин жарык дуйного келгени эле чон бакыт!!!
13.05.2019. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз уйдо 5 бир тууганбыз, улуу эжем баарыбызды ойнотуп, жетелеп, менин анан иним экообуздун булгап койгон шымдарыбызды жууп тазалап эле чонойткон. Азыр эжемдин 6 баласы бар.
Азыркы учурда улуу эжемди баарыбыз бапестеп сыйлап турабыз. Белектерди алып берип, колуна акча карматып, кийинтип дегендей. Эжем бизден жадап кетпей эле чонойткон. Азыр деле эркелеп алабыз жеендерибиздин козунчо;) алар ооздорун ачып карап калышат бизди.
13.05.2019. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канчалаган адамдар балалуу болуша албай туну куну кудайдан тиленишип барбаган жери кирбеген тешиги калбай даарыланып журушот,жашоодо ар нерсени кутсо болот, балалуу болгун келгенде баары кеч болуп калат,ден соолук жакшы болсо жашоо шарт жакшы болсо чырактай балдардан кантип отказ кылышат адамдар
14.05.2019. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх арман дуйно,бироо балага зар болсо,бироого бала кереги жок туура.Качанкы эн бактылуу ойноок курактагы кундорумду ойго салды.Ошондо бизде эч кайгы жок оюнга тойбогон балдар элек.Алтыным апам Бейишим апам оорубай ал кучу менен жадыраган жайнаган Келин эле.Бизда атадан ападан баарыбыз чогулганда 7 бир-тууган элек.Мен 4-элем,менден кийин 3 бир тууганымды карап ойнотуп бапестеп жургон убагым эле.Эн бактылуу кундорум эстелике калчу кундорум омурумдун мазмуну жаштыгымда калыптыр.
14.05.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал убакта 7 тууганым тугол бар болчу.Азыр эми арабыздан кокурок кучугубузду тойбогон топурака бергенибизге 6 жыл болуптур.Кундунда ото бергенин карагыла.Мен учун 6 жыл кече эле отуп кеткендей.Ал кун Али кунго чейин эсимде.Жаштыгымда кече эле отуп кеткендей.Уларбегимди кандай жакшы коруп бапестеп бактым эле.14 жашында бизди таштап кете бердинго.Бул кундорда Аллахымдын берген бактылуулук белеги.Бул белек сынып калсада бирок журоко сактап калгыдай белек.Кээ биринин белеги бутун болсо кээсиники
14.05.2019. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Четинен сынып кете берет экен.Аллах Таалам мага берген белектинда7;1 сынып калды.Аябай журогум ачышты,омур бою эстеп ыйлап жаштыгымдагы откоргон эн бактылуу кундорду эстеп кала берем.Мен учун бир-туугандарымды багып тазалап чонойтуп баарыбыз чогуу болгондо эч экунбоор элем.Али деле Аллахка мин мертебе шугурлор болсун 6 бир-туугандарым таянар тоолорум жанымда.Аллахым ошолордун омурлоруно узун кылып берсин.Ал эми Уларбегиме Аллахым Бейиштин торунон орун берсин амин!Бир-тууганын бар бактылуусун.
14.05.2019. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Наристени да жаман көрүп болобу?мен турмушка чыга элекмин бөлөлөрүмүн балдарын аябай жакшы көрөм эжелеп турушат канча жанында жүрсөмда тажабайм ар бир кылык жоругу сөздөрүнө суктанып тойбойм кэде ойлоп коём булар жокто кантип жашап жүрдүк жашоонун маңызы ушулар го деп ойлойм.
14.05.2019. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий ботоом мен да чонума бобокторун коп каратпашым керек экен ээ
14.05.2019. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына эле окшош жооп, психологго кайрыыныз
15.05.2019. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык адамдар бирдей эмес го ар кимдин психологиясы ар башка
16.05.2019. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялдар озунор ойлонгула баарына сиз куноолусуз дейт! Эркек конул бурбаса аялтойнош ойноп кеткенин элестеткиле! Эркектерге баары кечиримдуу аялдарга ошол куноону артышат сен жакшы карабай кетип калды же ойнош ойноп жатат деп! Нафиг ошого окшогон эрдиэрсизким олуптур! Кыргыздын эркектери жеп ичип катындын тапканы менен жашап озу тапса бузукуларга баргандан башканы билбеген эркектер кобойду! Албетте татыктуу эркектер бар бирок экинин бири женил ойлуу же бекерпоздор!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: