БИР БҮРКҮМ. МУРДАГЫ САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИ КАМАККА АЛЫНДЫ...
№863 16-22-май, 2019-жыл
-

Кытай Кыргыз милициясына
4 миллион долларлык материалдык-техникалык жардам көрсөтөт.
-
Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцованын кызматтык мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу анын ордуна судья Азамат Алыбаев шайланды.
-
Ош шаарында мыйзамсыз иштеген кумарканалар боюнча иликтөө жүргүзүп жүргөн маалда "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковду сабап кетишти.
-
Бишкек шаарында Кайгуул милиция кызматын түзүү боюнча сыноо долбоору ишке ашырылат. Долбоор үчүн бюджеттен 381 миллион сом бөлүнөт.
-
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева камакка алынды.
-
Быйыл Энелер күнүнө карата 1135 эне «Баатыр эне» ордени менен, 470 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.
-
Ош шаарында мектеп окуучуларынын жол акысы 5 сомго көтөрүлдү. Буга чейин мектеп окуучулары коомдук транспортко 1 сом төлөп келишкен.
-
Кыргызстанда 2018-2019-окуу жылын жалпы 11-класстан 65 миң окуучу аяктайт. Ал эми артыкчылык аттестат алуу үчүн жалпы 1044 окуучу тесттен өттү.
-
Быйыл Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын 85 жылдык мааракеси белгиленет.
-
Жалал-Абад облустук соту парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковду 7 жылга эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарды.
-
Өлкө аймагынан чыгып кеткен Москва районунун мурунку судьясы Марлес Феликске издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
- Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов көмүскө кумарканалардын иштешине милиция кызматкерлери өздөрү кызыкдар экенин айтты.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0