Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЖАНИН ДЕГЕН АЯЛДЫН АЙТКАНДАРЫ ЖАЛГАН»

№863 16-22-май, 2019-жыл


Өткөн аптада интернет айдыңында “Кыргыз сахнасында жүргөнүмө 25 жыл болду. Айчүрөк Иманалиеванын эстрада театрында 4 жыл иштедим, үйүндө жашадым. Тамак-ашын мен жасачумун. “Эже, ырдайынчы” деп жалдырачумун. Ал жылмайып гана башын чайкап койчу, ырдатчу эмес. Үнүм жакшы болгондуктан, өзүнөн ашып кетпесин деди окшойт. Деги эле Айчүрөктүн үйүнөн укмуш азап көргөм” деген Жанин аттуу айымдын жергиликтүү маалымат булактарынын бирине берген маеги тарады. Ырчы Айчүрөк Иманалиева биздин гезит аркылуу ал айымга жооп кайтарды.

– Айчүрөк айым, учурда интернетке тараган Жанин аттуу айымдын маеги коомчулукта кызуу талкуу жаратты? Ал сиздин үйүңүздөн укмуш азап көргөм дейт. Канчалык чындыгы бар?

– Анын берген маегин өзүмдүн баракчама да бөлүштүм. Алгач Жанин деп жатышканда түшүнбөдүм. Маекти көргөндө аны тааный алган жокмун. Анан сиңдилерим “Айдаркенден келген Жамиля деген кыз” деп айтып калышты.

1993-1994-жылдар болсо керек, ал бизге “апам мени чачымдан сүйрөп сабап, үйдөн кууп чыкты, мен өлөм” деп келгени элес-булас эсимде. Эшикте жамгыр жаап жаткан. Бут кийими айрык, шөмтүрөп суу болуптур. Суукта көчөдө калбасын деп ага боорум ооруп үйгө киргизгем. Анда үйүмдө Сапар Сопубеков, сиңдилерим Назира, Нурчүрөк, күйөө балам Улан, Халида деген кыз жашачу. Ошентип үйгө түнөп калды. 2 күндөн кийин гастролго кетмекпиз. Ал “эже, мен да силер менен барайынчы, мени баары жеп жатышат, ушинткенден көрө өлүп калганым жакшы” деп жалдырап биз менен кошо Ош, Ысык-Көл, Таласка барып келген. Биз гастролдоп жүргөндө туугандардын балдары, күйөрмандар деле артисттерди жакшы көрүп жаныбызда жүрүшчү, анын бизди ээрчип жүргөнүн этибарга деле алган эмеспиз. Өз апасын жамандап келген кыз менен иштешүү, жумуш берүү менин оюма да келген эмес.

Ал учурда уулум Арген 5-6 жашта эле. Калпты айтарда да эсептеп алса болмок. 40тан өтүп эле калган аял ушуну кантип айтты? 5 жашар бала чоң эле аялга кантип кордук көрсөтөт? Кичинекей бала эркелейт, ызы-чуу салып ойнойт. “Айчүрөк менен баласынан кордук көрдүм” дегени атайын бирөөнүн буюртмасы менен жасалган нерсе. Андан бери 23-24 жыл өтүптүр. Азап көргүдөй мен муну тушап койгон жокмун. Же болбосо ырдатпай тилин сууруп алып, кишендеп байлап же бир жерге кагып коюптурмунбу? Ал буюм эмес да, ал адам, каалаганын кылса болот. 24 жылдан кийин Кудайдын улуу күндөрүндө, Орозо айында “Айчүрөк азап көрсөттү” деп кандай адам күнөө коёт? Ушундай адамдарды колдонуп айрымдар өз кызыкчылыктарын ишке ашырып жатканы өтө аянычтуу. Мындай нерсе баары бир жакшылык менен бүтпөйт.

– Ал сиздин үйүңүздө төрт жыл жашап, үй жумуштарыңызды кылчу беле?

– Менин үйүмдө 4 жыл жашаган эмес. Үй жумуштарымды кылгыдай гектарлап жер айдап, картошка чаптырды дейсиңерби, үч бөлмөлүү эле үйдө жашачубуз. Ал кылгыдай деле жумуш жок болчу. Ал учурдун артисттери жаңыдан бутубузга туруп, концерттен түшкөн каражат менен жашачубуз. "Үй оокаттарынын баарын мен кылчумун" дегени калп. Анткени үйүмдө мага жардам бере турган сиңдилерим бар болчу. Алар үйдү өздөрү жыйнап, тамакты өздөрү эле жасачу. Бул кыз үйдө жүргөндө өзүнүн жеген тамагынын чынысын жууп, камыр жууруса жууруп койгон чыгар. Эми кыз киши бирөөнүн үйүнө келип жатып алганы өзүнө деле уят го.

– “Мени өзүнөн ашып кетпесин деп ырдатпай койду” деп жатат. Бул сөзүнө кандай пикирдесиз?

– Анда жылдызым жанып Америка, Польша, Түркия, Украинага чоң-чоң эл аралык сынактарга барып, Кыргыз жеринде концерттерим аншлагдар менен өтүп жүргөн кезим болчу. Кээ бир жерлерде 3 сеанстан концерт койчубуз. Ал кезде менин концерттик тобум түптөлүп калган. Мен мындай аялга муктаж эмес болчумун.

“25 жыл сахнада” деп маек берүүнүн өзү бул аял үчүн уят. Анткени өмүрүн сахнага, маданиятка арнаган белгилүү өнөр адамдары да “25-30 жыл сахнадамын” деп айткандан уялышарын байкайм. Минтип айткандан өзүм деле тартынам.

Ырдабайсың деп башымды чайкап койсом, демек, аны элге чыгарыштын кажети жок болчу. Кудайдан мага келген кыздардын баарын жылдыз кылып чыгарыш керек деген мөөр алган эмесмин да. Мен кадимкидей эле ырчымын. Өзүнүн айтуусу боюнча, Гүлшайыр эжеде, “Биз” тобунда иштептир. Эмнеге ал жактан чыкпайт? Кыргызстанды мен тейлеп, баары менин колумда беле, өзү чыга берсе болмок. Буга эч ким бөгөт болгон жок. Мен аны бир жактан ырдатам деп алып келген эмесмин. Азыр дагы видеону өчүрттүм деп менден кечирим сурап жатат. Менин иштериме бул нерселер аябай тоскоол болууда. Кечирим сураарыңды билген соң кичине алды-артыңды карап сүйлөш керек. Кудай узун өмүр берсин. Атын чыгаргысы келсе мени каралап, жамандабай эле чыга берсе болмок. Жакшылыктын эрте-кечи жок, өзүн-өзү мактагандай укмуш үндүү ырчы болсо, кыргыз эли жакшы көрүп кабыл алса, ага ак жол каалайм.

Өзүм аябай ак көңүлмүн, кайра эле жардам бергим келе берет. Бирөө мага кичине жардам кылса, мен ага эки эселеп берем. Жөн эле курулай интриганын эмне кереги бар? Колу-буту жок мунжулар деле алдыга умтулуп жакшы нерселерди жаратып жатат. Андыктан адам кааласа өзү баарын жасай алат. Бирөөнү күнөөлөө – аңкоо адамдын аракети.

– Ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, тынбай эле эмгек үстүндө жүрөсүз. Чыгармачылыгыңызда дагы кандай жаңылыктар бар?

– Быйыл күчүмдү чыгармачылыгыма жумшайын деп жатам. Азыр беш ыр жаздык. Ошол беш ырдын үстүндө иштеп, клиптерди тарттырып жатабыз. Жакында обончу Рамис Алиевдин “Асыл жарым” аттуу чыгармасына тартылган жаңы клибим даяр болот. Андан сырткары быйыл Болгарияга сынакка барганы жатабыз. Мүмкүн, бул жаңылык деле эместир. Анткени жыл сайын жок дегенде эки өлкөгө барып дайыма эл аралык сынактарга катышып алдыңкы орундар, байгелер менен кайтып келип жатабыз.

– Жолдошуңуз сизге карата каралоо жүргөндө кандай колдоо көрсөтөт?

– Таалай интеллигент адамдардын үй-бүлөсүндө тарбияланган. Орус мүнөз болгондуктан мындай жагдайларда “көңүл бурбай эле койчу” деген кеңешин берет. Анткени менин ак экенимди, жөн жерден каралап жатышканын үй-бүлөм, жанымда жүргөн жоро-жолдошторум жакшы билет.

Калптын өмүрү кыска болот. Жашоодо өзүң ийгилик жарата албай калсаң, башка адамдарды күнөөлөштүн кереги жок. Сен үчүн башка адам эч нерсеге милдеттүү эмес. Эң негизгиси, элдин алдында, үй-бүлөмдүн алдында менин жүзүм жарык. Кандай учур болбосун мени эл ар дайым колдоп келет, ошондуктан мен бактылуумун. Мен элим менен, элдин мага кылган жакшы мамилеси, урмат-сыйы, элге кылган эмгегим менен сыймыктанып отурган учурум.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Динара Акимова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(55)
20.05.2019. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул эженин маегине ишенбедим.
20.05.2019. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат деген сага окшогон пенделерге карата айтылган соз. Кандай эле баары менен чырдашып каласын,демек озун жакшы адам эммесин. Мисалы: Клара,Анжелика,Назгул Насиева,Сапар,Гулнур Сатылганова,эми Жанин ж.б урушу жок,чыры жок журо албаган аял экенсин. Сага салыштырмалуу башка ырчы айымдар тынч эле журушот. Оз ордунду билип актанбай журчу. Кудай баарыбызга ыйман берсин.
Nurkyz1977 түзөттү 2019-05-20 09:54:06
20.05.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nurkyz1977,Кошулам++
20.05.2019. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Nurkyz1977,туура айтасын Динара, Алина,Гулнаралар тынч эле журот го артында ушагы жок. Мен маданият министри болсом наамын алып коймокмун
20.05.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айчурок туура кылыптыр чыгарбай, бул да журмок да Анжеликага окшоп, баарыбызды тажатып. Ырынан чыры коп болуп. Уну жок артистердин негизи эле чыры коп болот.
20.05.2019. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
PeRa,лично мен Анжеликадан тажабай элемин . Кечээ "бактылуу айым" телеберуусундо бир аялды кандай супсулуу кылып койду. Бир саатка болсо дагы бактылуу сезип калды ошол аял. Жанына ээрчип барган кызы ,эже синдилери шолоктоп ыйлащты. Ошо Анжеликаны сындап жургондор сага окшоп,чоочун бир адамды бактылуу кылганга кудуретинер жетеби???
20.05.2019. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
katerina.li,Бактылуу болуу беш мүнөттүк сулуу болууда эмес сага окшогон кыска ойлуулар ошентип ойлошот. Беш минутта сооптуу жакшы иштерди кыл адамды сулуулабай жылуула кардын тойгоз ошол бакыт
20.05.2019. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Mamiev,бабский разговорго мурдун тыкпай эле койсон. Эркектей болсонор бираз
22.05.2019. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mamiev, өзүн кылдыңбы деги 5 мүнөттүк сооп иш
22.05.2019. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
katerina.li,Акылдуу болуп баарыбызга жооп жазыпсын, элементарный нерселерди уйротуп сага дагы жооп жазайын. Анжелика жон гана алып баруучу, анын артында коптогон адамдар иштейт, ал жалгыз бактылуу кылган жок. Иштеген ишине айлык алат. Телевидение акчасын каржылайт. Озунун чотогунон чыгарып, бир кишини бактылуу кылганын коро элекмин.
22.05.2019. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
PeRa,элди коюп озун хотябы бироону бактылуу кыл. Билем мен ал жерде чыгармачылык топ иштээрин. Алып баруучудан коп нерсе зависит этет. Кандай журокту жибиткен создорду айтып барган айымдарды ыраазы кылганы коздорунон эле корунуп турат. Анжеликанын тырмагына тен келе албайсынар,анан оозунарды чоюп суйлойсунор
22.05.2019. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
katerina.li,Сен журогунду жибитип, отура бер, мен озумдун оюмду айтканга толук акым бар. Бирок мага жооп жазбай эле койчу суранам. Анжелика учун, сени менен акыйлашкым келген жок. Мен анын болгону сендей фанаты эмесмин.
22.05.2019. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
PeRa,сен дагы многу устундо урушуп жаткан эки ырчыдай мээн жок экен
23.05.2019. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,Айчуроктун каталарын ондобой, озундун каталарынды ондо. Эч кимди бактылуу кылбадын деп эле асылып калдын, сени биринчи бактылуу кылайынчы. Эртенден баштап Анжеликанын суротторун уйго илип алып, беш маал сыйынайын. Деги жанымды койчу, асылбай.
23.05.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
PeRa,ой мага десен тошогуно алып жытып ал Анжеликанын суротун. Мага жооп бербе демиш болуп кайра кайра кирип атасынбы эмне жооп жазды болду экен деп жанталашып
23.05.2019. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,Болгону сени бактылуу болду бекен деп кирдим.
23.05.2019. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
PeRa,сен да бактылуу бол. Катуу айтсам кечирим сурайм. Болбогон ырчылар учун урушпайлычы
Кечирип койчу мени.
23.05.2019. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
katerina.li,рахмат, таарынган деле эмесмин.
26.05.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PeRa,Бактылуу болгум келет долбоору Анжеликаныкы ал айлык албайт,ал КТРКага акча толойт кайра ошонун долбоорун чыгарып берип атканы учун.Анделика бул долбоорду экрандан кетириш учун жакшы эле чуркады аны мен билем.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: