Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыгып, асманга ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Окуя 22-майда болду. Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагындагы көрүстөнгө бир күн мурун сөөгү жерге берилген жарандардын туугандары куран окууга келишкен. Ошол учурда Тажикстандын чек арачылары келип, Кыргыз жарандары менен кайым айтыша кетишкен.
"Кыргыз тарап тажик чек арачыларынан ал жерден кетүүсүн талап кылган. Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Ошол учурда кыргыз жарандары өз алдынча тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Ал эми тажик чек арачылары асманга эскертүү катары ок чыгарышкан. Азыркы учурда Кыргыз-Тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Ошону менен бирге жергиликтүү жашоочуларга чек арачылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми жергиликтүү тургундар бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери келишин талап кылышууда",- деп айтылат маалыматта.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg