Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. 32 жаштагы Догоев азыркы тапта президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси. 2014-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, 2017-2018-жылдары аталган мекеменин жетекчиси болуп иштеген. Коомчулукта маалыматтык технология тармагы боюнча күчтүү адис катары сыпатталып жүрөт.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg