БИР БҮРКҮМ. ОКУУЧУНУ УНАА СҮЗҮП КЕТТИ...
№864 23-29-май, 2019-жыл
-

Бишкекте айдоочу жеңил унаасы менен 11 жаштагы мектеп окуучусун
сүзүп кетти. Бала ооруканада.
-
Өзбекстан бир аптадан бери Кыргыз өлкөсүнөн барган цементти өткөрбөй жатканын депутат Азамат Арапбаев айтып чыкты.
-
Өкмөт: Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын ишке ашырып жаткан Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүндү.
-
Ысык-Ата районунда 4 жашар бала каналга түшүп кетип каза тапты.
-
Боом капчыгайы таштарды атайын кулатуу иштеринен улам 20-майдан 24-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат.
-
УКМКнын кызматкери 50 миң сом пара алып жатып кармалды.
-
Быйыл өлкөдө миңден ашык эне "Баатыр эне" ордени менен сыйланды.
-
Өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны 81 миң 200 адамды түздү.
-
Кыргызстанда 2 миң 265 мектеп иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
-
Кыргызстанда кулчулук курмандыктары баш калкалай турган жай курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.
-
5-июндан 6-июлга чейин Кыргызстанда мектептер алдында 674 лагерь иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков 31-майда Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине катышат.
-
Кыргыз өлкөсүнө 12-июнда Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, 13-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келет.
-
Футбол боюнча Кыргыз курама командасы 2019-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында Палестина менен беттеш өткөрөт.
- Нарындагы памирлик кыргыздар аларга жер жана үй бөлүп берүүнү суранышат. Бул тууралуу алар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтышты.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0