-
«Супер-Инфо» гезити шоу чөйрөнүн өкүлдөрү менен биргеликте салтка айлангандай Жарамазан айтып, ырчылардын үйлөрүнө, жумуштарына барышты. Ырчылар Тотомидин Жолдошов баш болгон Мээрим Карыпова, Элбарчын Калилова, Сурма, Адилет Азимов, Ильяз Абдыразаков, аккордеончу Төлөгөн Мамыров, шылдыракчы Тынчтык Ташбаев көчөнү шаңга бөлөп, көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүштү.
-
Алгач жарамазанчылар бир кезде окуучу кызга сүйүүсүн арнаган ырчы Ирлан Таалайбековдун үйүнө келишти. Ирландын апасы Айнура Уметбекова кыргыздын салты менен мырзаларга ак калпак кийгизип, «касса башчыңар ким?» деп тамашалай миң сомдуктарды карматып, батасын берди.
-
Ирлан «баарыңар орозо экенсиңер, ошентсе да ооз ачканда жейсиңер» деп шашкалактап таттууларды сунуп жатты.
-
Жыл башында Минюра Рахимжанова музыкалык студия ачкан эле. Ырчынын студиясына бет алган жарамазанчыларды бала-чака, кошуна-колоңдор кызыга карап, видеого тартып жатышты.
-
Аваз Акимов Айдана Декага белек кылган сулуулук салонуна да баш багып кетүүнү чечтик. Ырчы айым тың келин экенин көрсөтүп жетишти. Таттуу, нан, боорсок, мөмө-жемиштерди баштыкка салып, камдап коюптур.
-
«Келгениңиздерге аябай кубанып жатам. Азыр сабагым бар эле, болбосо силер менен кошулуп кетмекмин» деген Минюра жарамазанчыларга белектерин берип, ооз ачып коюңуздар деп таттуулардан карматты.
-
«Бул баштыктарды үйүңүздөргө алып барып, ооз ачып коюңуздар. Эми ким менен эсептешем?»- деп тамашалай сүйлөгөн Айдана жарамазанчыларга акча сунду. Тотомидин мырза куюлуштура батасын берип, андан ары жолубузду уладык.
-
Андан кийин KG Элмураттын музыкалык студиясына жөнөдүк. Көчөдөн шатыра-шатман кирип келген жарамазанчыларды көргөн Элмурат «алдын ала барабыз деп эскертип койбойт белеңер» деп карбаластап калды. Кесиптештерин студиясынан орун алдырып, ал-жайды сурашкан соң курма белек кылып, жадакалса аны кантип туура жеш керектиги тууралуу маалымат берип өттү.
-
«Акыңарга бекер ыр жаздырып берем» деп тамашалаган Элмуратты сөзүнөн кармап тамашакөй Төлөгөн «Сөзүңүздө туруп мага бекер ыр жаздырып бериңиз эми» деп бир ыр "өндүрүп алды". «Ал эми калгандарыңарга болуп көрбөгөндөй арзан баада ыр жаздырып берем» деп убадасын берип, ырчы жарамазанчыларды узатты.
-
Ооз ачарга чукулдап калганда жарамазанчылар «Музаман» тобунун солисти, ырчы Аксай Мукамбет уулунун үйүнө бардык. Терезенин астында бир топко жарамазанчыларды тамаша кылып, анан гана Аксай үйүнө киргизди.
-
«Бир нече жылдан бери айылга барып туугандардын оозун ачтырып келебиз. Бүгүн ушундай кут кирип отурат, силерге рахмат» деп Аксай жаңы алган үйүндө дасторкон жайып, жарамазанчылардын оозун ачтырып, батасын алды.
-
«Кезинде мен да «Супер-Инфо» менен чогуу жарамазан айтып жүргөм. Куттуу үйдөн куру чыкпайт, ошондуктан муну алып койгула» деген Аксай миң сомдуктарды карматып, конокторду ыраазы кылып узатты.
-
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg