Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)№865 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
Анын эскерүүлөрү акыры келип Анарбекке жолуккан күнгө такалмак. Ал Шайырдын дүйнөсүн астын-үстүн кылган жигит. Ноябрь айы. Кадимкидей суук тартып калган болчу. Шайыр сабакка шашып келе жатып окуу жайдын жанындагы түнкү клубдун алдында тамеки тартып турган шыңга бойлуу жигитти көрдү. Аны бир карап алып, бат-баттан басып жанынан өтүп бараткан кызды карап туруп тигил жигит: – Шайыр, Шаку сулуу кыз,- деп өзүнчө сүйлөнүп алганын укту. Шыр токтой калды, жакшылап караса, аны тааныбайт экен. Кыз чочуп кетти. “Бул мени кайдан тааныйт?” деген суроонун жообун издей баштады. “Биздин айылдаштарданбы?” деп кайра карады. – Мени тааныбайсың, Шайыр. Сабагыңа кечигесиң, бара бер,- жигит жылмайды да, тамекисин көчө жакка чертип ыргытып туруп, клубду көздөй басты. Шайыр шашып окуу жайга кирип кетти. Сабакта отуруп жанагы көздөрү ойноктогон сымбаттуу жигит жөнүндө ойлоно берди. Ал жигиттин тамекини чертип ыргытканы да өзүнө жарашат экен. Шаардык окшойт деп ойлоду. Анан ошол шаардык жигит анын атын кайдан билип алган? Бул табышмактуулук кызга жагымдуу болгон, суроолордун жообун билүүгө кызыктырган. Анын ысымын кайдан билип, аны кайдан таанып алгандыгы боюнча бир канча версияларды ойлонгон. Жолунан жолуккан ар бир жигитти эстеп чыкты: бирдик салдырган, коомдук транспорттон тиктешип калган, окуу жайдан сүзүшүп кеткен... Бирок тааный алган жок. Анда кыз жаш экен. Романтикалуу кыялдана алчу. Шыпты тиктеп жаткан Шайыр жаш кезин элестетип, өзүн бир шылдыңдап күлүп алды. ххх Бул учурду эстеп өзүнөн өзү жийиркенип кетти. Жашоосундагы жүрөк ооруткан кара сызыктар, каталары ушул учурда башталган эле. Өткөндү оңдоого мүмкүн эмес. Шайыр анда жаш болчу. Ага бирөө кеңеш берсе деле укмак эмес. Келечектен өткөнүңө акыл үйрөтүп өзгөртүп алууга мүмкүн болгондо го… Сабактан чыгып үйүнө баратып кайрадан Анарбекке жолугуп калган болчу. Анын жанында өзүн ыңгайсыз сезгени менен, кызга бул жолугушуу жаккан. Бир колуна ысык чай, экинчи колуна кофе көтөрүп алып капыстан эле алдынан чыга калган Анарбек ага жылдыздуу көрүндү. Шайыр жигитти көрүп жылмаюусун жашыра алган жок. Бул жылмаюу жигитке жол ачып бергендей эле Анарбек ишенимдүү сөз баштады. – Чай ичесиңби же кофеби? – Мен кофени жакшы көрөм,- Шайыр кофени алып наздана сүйлөдү. – Эми айтып берчи. Мени кайдан тааныйсың? – Сен күнүгө ушул жерден өтөсүң. Курбуларың Шайыр деп кайрылышат. Ошондон улам ысымыңды жаттап калгам. – Ха-ха… Демек, биздин группадагы кыздардын баарынын атын билет экенсиң да? – Жо-ок, башкалардын ысымын билүүгө кызыккан эмесмин. Сеникин гана билем. А менин атым Анарбек. Анарбек ушундай эле жөнөкөй сөздөрдү айткан. Бирок Шайырга маңдайында турган бул жигит жеке анын ысымын гана жаттап калганы бир башкача жагымдуу туюлган. Кыз жигитти карап сонун жылмайып койду. – Сен кээде биз жакка кирип тур. Мен музыкантмын бул клубда. Каалаган убакта келсең болот. Экөө ушинтип таанышып, бат эле ынак болуп кетишкен. Шайыр жигитти сүйүп калганынан жазганбы, ким билсин? Азыр ал Анарбекке жолукпай калган болсо, жашоосу кандай нукта болмок деп ар кандай варианттарды ойлоого жетишти. Ошол күнү Анарбектин суроолоруна жооп бербей эле койсо, кофесин ичпей эле койсо, балким... ххх Сабактан чыгып эле Анарбектин жумушуна тие кетүүнү адат кылып алды. Башында Анарбек аны эптеп макул кылган. Кызды отургузуп коюп ага арнап бир нече ыр ырдап да жиберген. Ошондон кийин эле кыз дайыма өзү кирчү болду бул жакка. Анарбектин ырдаганы жагат. Ырдаганы эле эмес, Анарбек толугу менен жагат. Басканы, сүйлөгөнү, жылмайганы… ххх – А сен окууңду бүтсөң ким болосуң ошондо? Мугалим да, ээ?- бир ирет Анарбек ушинтип сураган. – Жо-ок, мен бул окууга убактылуу гана окуп жатам. Которулам, буюрса… – Ка-ап, мугалим кыз керек эле?- деп жылмайган Анарбек. – Эмнеге? – Мугалим кыздар жакшы да айылга жашаганга. – Хе. Тилекке каршы, мен айылга жашабайм. – Эмнеге? – Жашагым келбейт. Мага шаардын жашоосу жагат. – Ээх, жашсың да… Эмнеси жакшы ушул кымгуут жашоонун. Күндөр окшош. Жан талашмай, автобуста түртүшмөй, шашкалактамай. Айылда болсо туруп, таза абадан жутуп, коңшуң менен учурашып, самоорго чай кайнатып, отун жарып, мал кайтарып, чөп жыйнап. Романтика… – Бетиң-колуң капкара болуп күйүп, түйшүктөн карып, түйшүккө эле жуурулуп, анан эптеген маанисиз сериалдарды көрүп кадимки кожойке болуп калгандын эмнеси романтика? – Ха-ха! Жашсың деп айттым го. Амбициянын кулу болгонго баратасың. – Амбициялар менен жашоо кызык. – Жашоо дегенди келемиштин жарышына айлантып алдык. Жашаганды унутуп баратабыз. – Кет да айылга. – Кете албайм. Амбициялардын кулумун мен дагы. Шаардан өскүм келет. Аны менен сүйлөшүү жеңил жана кызыктуу болчу. Бирок күлө караган, акылдуусунуп сүйлөгөндөрдөн эле жакшылык боло калбайт тура. ххх Бат эле ашык болуп калды. Анарбек болсо жакшы сүйлөп сый көрсөткөндөн ары өтпөйт. Жадакалса кыздын колдорун да кармабайт. Ошон үчүнбү, Шайыр аны биринчи алгач өзү өөп жиберген. Шайыр минтип өзү алгачкы кадамды жасай алам деп ойлогон эмес. Бирок бир жолу аны үйүнүн жанына чейин узатып келген Анарбекти коштошуп жатып эрининен өөп алган. Кандайча болуп кетти, аны өзү да түшүнгөн жок. Жигит болсо чочуп кетти. Анысы кызга билинди, бирок ал байкатпаганга аракет кылды. Экөө тең ыңгайсыз боло калышты. Шайыр көзүн ала качып туш келди жерди карап калды. Ушул учурда тезирээк анын жанынан, бул ыңгайсыздыктан качып кетиши керек эле. – Жакшы бар, мен кирейин. – Көрүшкөнчө! Кыз чуркап барып дарбазанын эшигин тарс жапты да, ага жөлөнүп азыркы окуяны ойлоно баштады. Ал өзүнүн кылыгына таң калды. Бирок биринчи кезекте Анарбектин мындай мамиле кылганы түшүнүксүз болду. Күн сайын жумушунун жанынан өткөн кыздардын арасынан жалгыз ушул Шайырга кызыгып, анын ысымын жаттап алган өзү. Ага арнап ыр ырдаган да өзү. Улам эле жанына чакыра берген, аркы-беркини сүйлөшүп, тамашалашып, сыр чечишкеничи. Ошондо достук менен сүйүүнүн айырмасын билбей жаткан кимиси? Анарбекпи, Шайырбы? ххх Канча жыл өткөндөн кийин гана Шайыр мына азыр керебетинде жатып алып, Анарбекте ага карата эч кандай сезим болбогонун биринчи жолу моюнуна алды. Жөн гана ага керек болгон. Бирок дайыма Анарбекти эстегенде Шайырдын жүрөгү аз да болсо жылуулукту сезет. Шайырда ага болгон сезимдердин учкуну азыр да аягына чейин өчө элек экенин дагы бир ирет сезди. Анарбек азыр кайда жүрөт болду экен? Эмне менен алек? Ал бактылуубу? Адам тагдыры менен ойноп койгондор болот. Андайлар көп. Анарбек да ошолордун бири болуп чыккан. Бирок ушунчалык таттуу сүйлөчү. Балким, Шайырга эле ошондой туюлгандыр. – Эгер баары бир айылга алып качып кетишсечи? – Жо-ок! – Айтканыңдын баарына макулмун. Бир гана айылга жашаганга көн десечи? – Ким?- кыз эркелеп сурады. – Мисалы, мен. – А эмнеге сен айылга жашайсың? Сенин ырчы болгуң келет го. Ырчы деген шаарда жашайт да. – Демек, сен мага тийгенге даяр эле экенсиң, бирок айылга кетем деген нерсе гана ойлондуруп жаткан турбайбы, ээ? – Жок. Мен окуумду бүтүп, карьера жасашым керек! Мен экинчи курста эл аралык мамилелер факультетине которулам да. Атам ошентип айтпады беле. Анан айылга барып койлор менен мамиле курмак белем. Ха-ха-ха. Эмнени дөөрүп жатам. Кыскасы, мага күйөө тууралуу ойлонгонго эрте. Биринчи эле курсмун. – Ала качам, айлаң кетет. – Отурбайм. – Отурасың. – Ха-ха,- кыздын күлкүсүндө Анарбектин сунушуна макул болгондой ноталар угулуп калган. Ошондо эле дароо чечим чыгарган экен. ххх Жаз болчу. Баары жаратылыш коюнуна чыгып жатышкан. Капыстан Анарбек да кызды тоо коюнуна чакырды. Достору менен барышмак экен. Шайыр макул болду. Анарбектин достору менен чогуу тоого эс алууга жөнөп кетишти. Эч нерседен шектенген эмес. Эл катары эле кадимкидей күлүп-жайнап жүрдү. Анарбек гана кээде кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп коёт. Аны деле элес алган эмес. Кечинде кайтып келе жатып, шаарга кетчү жолго эмес, таптакыр башка жолго түшкөндө гана чыйпылыктап жиберди. – А биз кайда? – Биз бир жакка тийип анан шаарга кетебиз. Уктай берсең болот. Шаарга жеткенде ойготуп коём,- деди Анарбек. – Мени таштай кетсеңер жакшы болмок. – Эми эч нерсе болбойт. Саякаттап келесиң. Эч нерсе болбогондой эле кетип бара жатышты. Шайыр чын эле уктап калды. Анарбекке толугу менен ишенчү экен. Ошол ишенич жашоосун талкалап саларын билген эмес. ххх Машинанын сигналынан улам ойгонуп кетти. Түн кирип турса да, сыртта кандайдыр бир шаан-шөкөттүн илеби туруптур. – Биз кайда келдик? – Үйгө. Меникине. – Эмнеге? Анарбек жооп бергенче эле Шайыр отурган тараптан эшик ачылды, бир нече аял аны колдорунан тартып ар нерсени сүйлөп башташты. Жаңы эле уйкудан турган кыз эч нерсе деле түшүнбөй калды. Качан босогого жетип, анан аялдардын бири «жакшы жерге келдиң. Ак жолтой келин бол!» деп жатканда коркуп ыйлап жиберди. Кайдан-жайдан Анарбек жетип келип «Шаку, суранам. Мен үчүн калчы, суранам» дегенде жанагы коркунучтун ордун кубаныч алмаштырды. А эмнеге болбосун? Анарбек менен бактылуу болмок. Бирок… (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Башка сандарда:
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 863-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 864-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 866-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 867-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 868-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 869-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 870-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 871-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 872-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 873-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 874-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 875-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 876-сан
ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал) 877-сан
Комментарийлер(6)
erkinay.s
![]()
03.06.2019. 10:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок
demo009
![]()
03.06.2019. 11:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бирок,бир жума күт деди
Shokoladka94
![]()
03.06.2019. 11:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок айылга жашагым келбейт дейт да ээ кашайып?
JanJurok
![]()
03.06.2019. 13:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бирок Анарбек алдап,өзүнө эмес башка бирөөгө алып качып келсе не удивлюсь.Негедир баары эле бир кассета,бүтпөгөн шакекче болуп калды го акыркы убакта
abdyldaeva
![]()
05.06.2019. 18:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башын кантип окуса болот эле
Beka1986
![]()
08.06.2019. 21:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок...тилекке каршы башка бироого тиет окшойт
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|