Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Анжелика, ырчы: «30 ЖАШЫМДА ЖАШООНУН ЖАҢЫ БАРАГЫН АЧАМ»

№867 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл


Сындан, талкуудан, тагдырындагы бардык адамдардан, жагдайлардан улам күчтүү болгонун айткан ырчы Анжелика учурда отузунчу туулган күнүн тосуу алдында турат. Интервьюда сизди кызыктырган Марат да, Урмат да, ийне сайылган сүрөт да, устаты да бар, окурман.

– Анжелика, туулган күнүңдү утурлап маектешип жатабыз, анан 30 жаш кандай болот экен?
– Ийгиликтин башаты 30 жаштан кийин башталат дешет. Ошондой эле болот деп ишенем. Жашым отузга келгени менен, ичимде 22 жаштагы эле кыз жашайт. Сыноолордон, балким, каталарымдан улам ийгиликке жетүүм тез болду деп ойлойм. Жашоонун бороон-чапкынына, сыноосуна туруштук бердим. Кичинемде өзүм теңдүүлөрдөй эч ким менен ишим жок ойноп, кийин студент болуп, анан иштейм деп, анан турмушка чыгам деп жүрсөм менин ийгиликтерим да кеч болмок. Мен 8-9 жашымда чоң дүйнөгө аралаштым. 40-50 жаштагы өлкөгө белгилүү инсандар, депутат, министрлер менен бир столдо отуруп алардын жашоосун көрдүм. Мунун баары мага стимул берди. Кичинемден тың болдум, жоопкерчиликке үйрөндүм. Мен курдуулар студент болуп окуп жүрүшкөндө мен бизнеске аралаштым. Менин жолумда эки Анжелика болду. Бири – ийгиликтүү концертин берип «чыгармачылыгымды жыйыштырдым» деген 17 жаштагы өспүрүм жылдыз Анжелика, экинчиси – үй-бүлөлүү Анжелика. Экөөнүн тең жашоосу, жолу татаал болду. Эми 30 жашка чыккан Анжелика катары жашоомдун жаңы барагын ачып жатам.

– Элдин талкуусу укмуш эле болду, башка адам сынып калат беле деп ойлойм. Сен өчөшкөндөй кайра талкууга кээде жем таштап коёсуң...
– Башында талкуунун чабуулуна кабылганымда бул дүйнөдөн жок болуп кетким келчү. Жан чыдагыс ушактар болду. Ыза болуп, күйүп кетчүмүн. Бирок бардык нерсеге билим керек экен. Эл көзүндөгү адамдардын көбү негативге кантип каршы туруу керек деген психологиялык сабак алышат экен. Тренингдерге катышып, өзүмдү бул агымга каршы туруш үчүн тарбияладым. Жаман айткан адамдын миң сөзүнө эмес, жакшы айткан бир адамдын сөзүнө көңүл бурганды үйрөндүм.

– Адатта аялдар ажырашкандан кийин чүнчүп, кыйналып, социалдык тармактарга том-том кат жазышат, сен ажырашкандан кийин, тескерисинче, эркиндикке чыккандай ачылып кеттиң...
– Менталитетибизде ажырашуу десе эле трагедия деп ойлошот. Бул жашоонун агымы да. Адамга жашоосунда «комфорт» керек. Эгер жанындагы адам жакпай, жүк болуп жатса, сага түйшүк алып келип жатса, аны жээкке чыгарып туруп, өз жолуңду улашың керек. Мен ажырашууну ушинтип түшүнөм. Ажырашкандын эмнесине чүнчүш керек? Апам же балдарым ооруп калса, колумдан эч нерсе келбей жатса депрессия болсом болот. Эркек үчүн эмнеге чүнчүйм? Демек, ушундай болуш керек болчу, маңдайга ушундай жазылды. Ажыраштым деп отуруп алсаң бирөө сенин балдарыңды багып береби? Медалдын экинчи жагын эч ким билбейт да.
Кыйналган күндөрүм болду, үйүм жок, унаам жок, үч кызым менен көчөгө чыгып калган учурум болду. Азыр муну эмнеге айтып жатам? Ар бир аялдын башына ушундай күн түшүп калышы мүмкүн. Даяр болуш керек. Бир айда эки-үч жолу батир которуу керек болуп калды. Бир күнү эле жашап жаткан үйүм бирөөнүн атына өтүп кетти. Үйүмдү себим менен кошо алып калып, мени чыгарып коюшту. Себеби менден сурабай Урмат бирөөгө сатып жибериптир. Алданып калдыбы, билбейм. Ал кезде мени ал желмогуздай көрүп сөгүп калган. Мен үч кызды ажырашуу үчүн төрөгөн эмесмин. Ар бирин өлүм менен алышып жатып төрөгөм. Акыркы кызымда «ушинтип эле өлүп каламбы?» деген ой кеткен. Анткени же менин, же кызымдын өмүрү деген суроо коюлган эле.
Оор күндөрүмдүн эртеси мага күн тийип, белгилүү компаниялар менен бир жылдык келишим түзүлүп калды. Азыр кыздарым каалап жүргөн үйдө жашап жатабыз. Үй алганда эмеректерди төрт-беш жылда толтурам го деп ойлогом. Ал деле жарнамага жасалып калды. Жомок ушинтип башталды. Айрымдардын фантазиялары иштеп «бирөө жардам берди, антти-минтти» дешет. Үйдү да, үйдүн ичин да, унаамды да эч кимдин колдоосу жок эле, өзүм алдым. «Жок, Анжеликага башка бирөө алып берди» деп ойлой тургандар болсо, дал ошондой ойлой беришсин. Анткени жамбашын көтөрүп мендей иштегенче мени кимдир бирөө менен жабыштырып коюп отура берген оңой ал адамдарга.

– Анжеликаны ким же кайсы жагдай мынча күчтүү кылды? Устатыңбы же мурунку күйөөңбү, же башка бир себеп болбосун?..
– Мени үч кызым күчтүү кылды. Башка эч ким. Жадакалса ата-энем бул абалда жардам бере алышкан жок. 5 жыл аралыгында үй-бүлөдө мен гана аракет кылып калдым. Атам Урматка «сен же мына бул чыгымдарды өз моюнуңа аласың, же кызым менен үч неберемди өзүм алып кетип багам. Болбосо Анжелика катуу чарчап калды» деген. Бирок бир жыл ичинде эч бир аракет кылбай, өз кызыкчылыгы менен жүрүп алды. Көптөр «адамгерчилик менен аяп койсоң болмок» деп айтышат. Эмнеге эки колу, эки буту иштеген дени сак эркекти аял аяшы керек? Үчтү төрөп ден соолугу кеткен, жашоо менен жалгыз күрөшүп жаткан аялды эмнеге аябаш керек? Мисалы, ден соолугум начар, жүрөгүм ооруйт, бирок мен аны эч кимге айтпайм. Ар дайым ооруп жатканда да ордумдан турушум керек, кыздарыма жылмайышым керек, алар үчүн бардыгын кылышым керек деп ойлойм.

– Урмат сен турмушка чыгып жатканда колунан келген, алдыңкы ишкер эмес беле. 10 жыл аралыгында аны эмне өзгөрттү?
– Урмат адамгерчиликтүү, боорукер, жакшы адам. Чынын айтсам, башында эч кимди тоготпогон, таластыктарча сөгүнгөн, чыгармачылык тууралуу түшүнүгү жок, үйдөн мени чыгарбаган, «аял киши эмнеге машина айдайт?» деген жигит болчу. Кийин мени түшүнүп, колдоп калгандай болду. Чогуу жашаганыбызга 10 жыл болгондон кийин ал көөп кетти, дөөлөтүн көтөрө албай калды. Үгүт иштеринде, тойлордо килейген ичим менен жүрдүм. Үйдө эмне бар, эмне жок эч бир иши болгон жок. Кичүү кызымды да өзүмдүн демилгем менен төрөдүм. Менин төрөгүм келген, чет мамлекетке жолдомо алып барып эс алып келгенден кийин боюмда болгонун билдим. Ал наристе каалаган да, сураган да эмес, кызбы-эркекпи, иши жок болчу. Жанымда менден балалуу болгусу келген, мага кайдыгер эмес эркек, жок эле дегенде мени кызганган эркек болуусу керек эле. Айчүрөк эже мени элге монстр кылып көргөзгөн сүрөт боюнча ызы-чуу чыкканда «эй, оозуңарды жапкыла, мен аялымды абийири менен алгам. Бирөөң эч нерсе дебегиле» деп айтып чыкса болмок. Анткен жок. Ошого аябай таарындым. Жарака 10 жылдык юбилейибизде кетти. Үч кызымды жасантып, апакай көйнөктөр менен фотосессия кылып жатканда «жаныбызга келип сүрөткө түшүп койчу» деп сурансам, каткырып күлүп кетип калды. 10 жыл жашап чогуу сүрөткө түшпөгөндөн кийин, демек, мындан ары да жолубуз бир болбойт деп чечтим. Тойду өзүм өткөрдүм. Мен мындай жүктү көтөрүп жүргөндөн аял катары чарчадым. Төрөп берип, өзүм аларды бутуна тургузуп, бардыгын өзүм кылып, аны Урмат кылгандай көрсөткөндөн тажадым. Урмат менен ажырашып жатканда эл жабылып мени сындаарын да билдим. Бирок мага баары бир болчу, баары жүз буруп кетсе да мейли дедим. Анткени көп туура эмес нерселерди кылды. Бир күндө эле ал бардык нерсемди алып койду. Үйдү эле эмес, кызымдын атына коюлган сулуулук салонун тууганына каттатып коюптур. Сүйлөшүп жатып сулуулук салонун кызыма мурас кылып каттаттык. Алып калганым ошол болду. Аны мен тааныбаган достору, аябай көп киши колдонуп кетти. Акыры ал адамды аяп да, таарынып да жашагым келген жок. Жылдар өтө берет экен, кысылып жашай берет экенсиң. Жүрөк оору менен эки ай ооруканада жаттым. Бир басып келген жок. Бир ийненин акчасын төлөгөн жок.

– Ушунча сүйүп алган эркек таптакыр жүз буруп кеткенине али да түшүнө албай турам...
– Сүйүүдөн мурун жоопкерчилик болуш керек эле. Кана жоопкерчилик? Мени сүйбөй эле койсун, кыздарын сүйүшү керек эле. Алар үчүн жанын бериши керек эле. Мен ошол сапатты көрө албай койдум. Эми болгон нерсени айтсам Анжелика актанып жатат дешет. Чындыгында, мен эмне болуп турмушка чыгып калганымды деле билбейм. Айчүрөк эженин айынан шашылыш турмушка чыгып кеттим. Анткени мен каалабаган адамга эле күйөөгө бермек. Апам «кошунабыздын баласы, биз билген адам. Тең-теңи менен, ушу жигитке эле чык. Болбосо келечегиңден корком» деди. Мен үчүн Урмат байке болчу, ал 29да, мен 17 жашта элем. Сөйкө салып, куда түшкөндөн кийин мен кантип күйөөгө тийип кеттим билбей калдым. Өспүрүм жаш кызды бузуп коюш бат эле болчу, 18 жашымды күтүп тургандар толтура эле. Мен ойлойм, кайсы бир учурда каржылык, моралдык жактан да Урматтан өсүп кеттим. Азыр Урматка да, Айчүрөк эжеге да таарыныч жок. Жашоомдо ушул эки адамга жолукканыма ыраазымын. Бул жашоо, таттуусу да, ачуусу да көп. Жаш болчумун, мен Айчүрөк эжеден да, Урматтан да коркком. Айчүрөк эжеге убагында апама бербеген белектерди бердим, сыйымды көрсөттүм. Түшүнгөн жок. Акырында болбогон мурунку сүрөттү алып чыгып элге жайды. Ал жерде Айчүрөк эже, маркум Мухтар байке үчөөбүз эле болчубуз. Кечээ жакында «Замандаш» партиясынын кечесинде болдум, Мухтар байкенин аялынын алдында жүзүм жарык. Айчүрөк эже 11 жылдан кийин эмнеге алып чыкты? Аялдык ич күйдүлүк гана болду. Ошондо мурунку күйөөмдөн сурандым, «кандай болгонун айтып интервью берип койчу» дедим. Ал эмне болгон, кандай болгон, бүт баарын билчү. Турмушка чыккандан кийин деле Айчүрөк эже телефон чалууларын токтоткон жок, «сүйлөшүп кой, антип кой, минтип кой» деп айта берчү. Мен Айчүрөк эженин айтканын кылбай койсом болмок, бирок ал мени эч бир жерге чыгарбай коймок. Мен үчүн сахнадан айрылып калыш оор болчу. Ошол убакта Арсен, Омарлар чыгып калды.
Мен курактуу жаштар чыгып баштадык. Өх дедим да, Анжелика катары чыгып баштадым. Ушу жолку концертимде да Айчүрөк эжени "дуэт ырдайлы" деп чакырдым. "Угузбагыла, аны көрсөм буту-колум калчылдап калат" деп айтыптыр. Ар бир концертиме, жакшылыгыма чакырып келем. Бирок келбейт.

– Негатив көп болуп кетти окшойт. Кел, кыздарың тууралуу сүйлөшөбүз.
– Улуу кызым Айыма 12ге чыгат, баарын түшүнөт. Чоң кишидей иштейт, жоопкерчиликтүү, эмгекчил. Элима болсо үйдүн тентеги. Үйдө көп нерселерди жасап коёт да, эч нерсе болбогондой отура берет. Сүрөткө түшкөндү жаман көрөт. Ушу кызымда өзгөчө талант бар деп ойлойм. Кичүү кызым Айлиндин башкача мүнөзү бар. Мен «биринчи Кудайдан, экинчи ушу Айлинимден корком, башка эч кимиңден коркпойм» деп калам. Анын апасы да, атасы да болуп калдым, такыр чек койбойм. Атасы менен өздөрү каалаганда байланышып турушат. Бирок ажырашканыбызга бир топ убакыт болду, эч бир жардам болбоду. Балдар күтөт экен. Байкап «кыздарга келип кетпейсиңби» десем, «сен чакырсаң эле чуркап бармак белем, мага чалба» деп корсулдап салды. Кыздарымдын атасы Урмат, аны эч ким өзгөртө албайт. Ошондуктан атасынан кыздарды алыстатпайм.

– Өзүң шоу-бизнеске кичинеңден келдиң, кыздарыңдын ушу жолго түшүшүнө көмөк көрсөтүп жаткандайсың, адатта көптөр өзү баскан жолду кыздарына бастыргысы келбейт го...
– Мен такыр эле каалаган эмесмин. Бирок жан дүйнөсү ошону каалап турса башка жакка бура албайт экенсиң. Чарчаганда аяп Айымкага «барбай эле койчу концертке» десем, көзүнүн жашы тегеренип кетет. Эми каалап турса бара берсин. Үйдө жаткандан көрө эмгектене бергени туура. Кыздарыма баарына уруксат берем, болгону телефондон чектейм. Мен тууралуу укмуш талкуу болуп жатканда аларды жабык нерсенин ичинде кармап, эч нерсени билдирбегенге аракет кылдым.

– Көрүстөндөн ийне сайылган сүрөтүң чыкты, бул окуя кандай болду?
– Ал элге чыкпаш керек болчу. Бир-эки курбума жөнөткөм, анан шоу-бизнестеги бир-экөөнө жөнөткөм. Ошолор аркылуу тарап кетиптир, тарап кеткенден кийин өзүм билдирүү жаздым. Эми мындай окуялар көп эле болгон, ак, кара кой союп, куран окутуп койдук. Кызыгы, аны ким кылганын деле таптым, бирок аркасынан түшкүм келген жок.

– Акыркы суроом, ишкер Марат Назарбеков менен үйлөнүү тою жакында болот деген кеп чыкты. Чынбы?
– Жашоомдо Урмат да, Марат да жок, ким кандай ойлосо ойлой берсин. Бул нерсенин баарын эл билет. «Менин күйөөмдү тартып алды» деген айымды деле көрүп жүрөм. Мен катышкан мааракелерге барып аркамдан кууп жүрөт. Барсын, сулуу болсун, күйөөсүн кайтарып алсын! 11 жыл мурун ажырашкан жолдошу менин аркамдан чуркап баштаса кызганып кеттиби, ким билсин? Чындыгында, менден башка деле көп кыздын аркасынан чуркаса керек. Эркек, бойдок дегендей. Тиги айым менин атымды колдонуп эле ызы-чуу жасап жиберди. Ага да рахмат, тагдырыма кирген бардык адамдарга, Урматына, Маратына деле, баарына рахмат.

– Концертиңди жакшы өткөрүп ал.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



“Урмат мени менен жашасаң мүлктү кайтарып берем деп шантаж кылган” дейт Анжелика

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(40)
17.06.2019. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Адам суйгон адамы учун баарына даяр болот...Анжелика суйгон эмес куйоосун,элдин созу деп Эле жашап келиптир.2-жолу пйтып жатат.Боорум ооруду.Бироону суйсо керек,балким Маратты,чогуу болгусу келет.Марат менее 1жума мурун Алматага барганы Журот го,концертинин алдында.Бала оз жолу менен,аял озун да ойлош керек экен.Сен кыйынсын деп атып,мышык эркектерди арстан кылып,озубуз желмогуз болуп калат экенбиз.
17.06.2019. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Күчтүү айым болуу, ийгиликсиз турмушка чыгуу деп вывод чыгардым
17.06.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Анжелика молодец, элдин негатив сөздөрүн экинчи кулагыңдан чыгарып салуу да өз арабаңды сүйрөй бер, ийгилик
17.06.2019. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Жалтырап кийинип боенуп татынакай болуп журсо эле телегейи тегиз деп ойлойт элем бул айымды,корсо булдагы уй булоонун туйшугун мойнуна которгон айым экенда,эркектер азыр жоопкерчиликтен качып калган айымдардын копчулук болугу тытынган уй булоонун туйшугун тартып келишет.Не деймин эми жашында мээнет кылсан,каарыганында доолотту каарып кыздарынын жакшылыгын сый урматын коруп бактылуу бол.Кыздарын ыймандуу мээримдуу болуп чоноюшсун сага.
17.06.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Чындыгында Анжелика ушунчалык кучтуу, кыйын, мыкты кыз экен.Карачы онугуунун устундо уч баланы дагы багып,жумуш дагы иштеп,тиги Бактылуу айым телеберуууну алып барып, айтор коп жумуш менен алек. Канча аялды Дубайга алып барып эс алтып, деги укмуш иштерди жасоодо. Бактылуу, омуру узун болуп, балдарынын жанында аман журсун. Мен Айчурокту дагы сыйлайм жакшы кором.Бул жерде ар биринин озуно тиещелуу чындыгы болсо керек. Соз келгенде айтылыптыр. Деги Кыргыздын кыйын кыздары коп болсун, мен сыйлайм.
Sayragul түзөттү 2019-06-17 13:05:29
17.06.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анжеликага айтаарым ошол эжекен менен алышпай эле кой. Болгону бактылуу бол. И все. Сени коро албай ичи куйгонунон озу эле куйуп кетет.
17.06.2019. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Урматы гөпкөн жок, болгону аялынын көлөкөсүндө калып кеткенден намыстанды. Анжелика күчтүүлүгү күчтүүсүң бирок бардык жерде менмин дей бергениң болбойт. Себеби сени атыңды чыгарган Айчүрөк болгон, и азыркы жайнаган ырчылардын чаңында калтырбай алдыга сүйрөп кеткен ошол күйөөңдөн калган салонуң болду.Канчалык кыйын болбо, өзүң айткандай миң таарынсаң да ушул адамдарга ыраазы бол
17.06.2019. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Урматты өллө жамандаптырго)).
17.06.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анжелика бар бол,ден соолукта бол,кыздарың менен бактылуу өмүр сүр!Бир суткадагы 24сааттын берекесин чыгарып, убакытты баалап,бардык нерсеге жетишип,аарыдай талыкпай эмгектенгениңди баалайм!Сени карап түздөнөм,замандаш экениме сыймыктанам.Ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн!Кудай колдосун!!!
17.06.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат кыз. Канчалаган ушактар болсо да башын жерге салган жок. Ак ийилет, бирок сынбайт. Ийгилик, ар дайым бактылуу бол.
17.06.2019. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Менин тушунгонум Урмат финансы тараптан аксап калганго. Акча таппай калганда чанды окшойт тоббо. Баса бергиле минус 99жолу мага десенер, бирок айтып атбайбы моралдык жактанда материялдык жактанда бир убак болду урматтан бийик турдум деп. Аял киши миллион тапсада эркек тапкан 1 сомчолук береке жок
18.06.2019. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ainura220888,+++++ в точу.
17.06.2019. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжелика кандай болсо болсун биок жакшы адамбы жаман адамбы негатив коментарийге туруштук бергенин чон эрдик деп эсептейм
SUPER.KG видео
18.06.2019. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Андан коро ачыка чыгып албайсынарбы,калпычы болбой..
18.06.2019. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика не унижайся ни перед кем. И эч убакта актанба. Жон гана бактылуу бол. Ошондо ичи куйуп аткандар сенин бактылуу экенинди коро албай орттонуп жок болуп кетишет
SUPER.KG видео
18.06.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеороликти коруп, дагы бир жолу Анжеликанын акылдуу кыз экенине чындап ынандым.Создору ушунчалык оз ордунда, ар бир созундо маани жатат.Деги ийгилик гана каалайбыз, бул жакшына жайдары, бактылуу кызга.Дайыма Кудайым колдосун сени Садага .
18.06.2019. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негатив аз ....эн сонун.....
18.06.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен мурда Анжеликага негатив жазгандардын бири элем,бирок ушул маегинен кийин оюм озгоро баштады...
Бизде баары жакшы деп жасалма жылмая бергендин ордуна ушинтип ачык-айкын агынан жарылып настоящяя болгон жакшы да,карачы канча адам позитивдуу коммент калтырыптыр.Негизи Урмат жонундо жакшы ойдо элем,эгер Анжеликанын айткандары чын болсоанда бир топ эле кордук коруп туйшук тарткан экен бул кыз.
Эми жакшы иштеп,кыздарындын жакшылыгын кор жана ар дайым бугункудой жасалмасыз,чыныгы айым б
18.06.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
болуп журо бер.
18.06.2019. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжкликанын апасы ушу супер инфого маек бергенде айтканы бар"Айчуроктун кылыктарынан коркконуман кызымды урматка бергенге аргасыз болдум,антпесе чоопчон эле кишилерге салып берип кое тургандай" деп. Ошо бир балее кылганга жаштыгын пайдаланып. Анжелика деле айтып атат ко,ото эле жаш болчум,Айчуроктон коркчум деп.
18.06.2019. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кемигинде да, керкисинде да бар болгону учун ажырашты, шамалы бар учун чоптун башы кыймылдоодо, бирок кайра эле озуно чан жугузбай чыгып кетти, бул да талант, браво))) Анан да акыркы жылдары негатив болсо да хайп жаратып оз пайдасына чечип калган кыйын айым бул, эхуу))) Мына, чыры тынчып калганда кайра сорок этип дагы чырдын башын кылтыйта кетти. Эми болсо Урмат жооп интервью бербей эле койсо деген тилек.
18.06.2019. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Үчүнчү кызы баары бир Маратка окшоп турат. Ал десин, бул десин Урматтын колдоосу м.н баары болду. Баарын өзү жыйган болсо, кантип эч нерсе койбой сатып жибермек эле.
18.06.2019. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кучтуу аялдын жанында эркек озунон озу чунчуп,алсыз,кээ бироолор ичип кетет. Аял назик болсо, жанында кучтуу мырза болот.Эмне учун он жыл бою Анжеликаны Анжелика кылып, иштеп, таап жургон куйоосу бир кун келип ушундай болуп калсын? Анжелика айтып атпайбы, кыздарым учун кучтуу болдум"-деп. Эмнеге?,кыздары кичинекей,алсыз. Аял тастандап,мен жылдызмын деп,турмуштун оор жугун оз мойнуна алып алса, жашоо ушундай эле болот. Урмат байке журот да санаасы жок, Анжелика кыйын, эч нерсеге муктаж эмес&
18.06.2019. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктайбыз
19.06.2019. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айчурок Анжелика эле эмес мени да куйгузчу болду. Машинамды алганы уйкусу бузулуп Жанинди Анжелика алып чыкты дегендей жазыптыр. Иииии ииий ар жок ушу созду кантип айтты дейм да... Ээээй Айчурок сенден мурун Анжелика албады беле сен аны коруп уйкун бузулуп туурап алдын го. Сен бир машина алсан ушу жашка келип Анжелика эмне деген гана ийгиликке жетпеди сенин жарым жашында
19.06.2019. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bak.taalai,92- жылдары биздин жаштык кезибизде дунгуроткон ырчы эле ушул Анжелика курактуу болчу менимче, буудай картошка которуп барып болсо да кирчук концертине.Анда Анжелика топто жок болчу.А Азыр Анжеликанын бир да ыры хит болбой жатат,озунун унуно ылайыктуу женил желпи ырлар.Супердин мыктыларын тандоодо бир да ыры женген эмес бир да жолу.
SUPER.KG видео
19.06.2019. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да куйоосун жамандабай эле койсо болмок экен, эмне кылат элге жарыялап. Сиздин журум турумунуз кыйын да, ошондуктан кыйын болду го дейм куйоонузго. Тем более таластык эркектер мачо болот. Бактылуу бол.
19.06.2019. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика эже азамат мен бул эжени баалайм .ар дайым кулуп жайнап пазитивна журот.ишинизге ийгилик кыздарынызга омур берсин
20.06.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне десенер дагы баары бир ишенбейм ушул аялга. Жузундо эле турат го Муктар, Айчурок, Урмат эмес андай адамдардын жузун алдоого кудурети жетет. Аягында озу суудан кургак чыкканды аябай уйронгон. Турмушу татаал болсо озу кунолуу да. Колунан жетелеп турмушун туура жолго салып берген адамдардын баарын алдап жаман атты кылып аягында озу дагы жаман атты болду. Уну деле жок бирок артистизм зашкаливает. Айтор аман бол кыздарындын бактысына.
SUPER.KG видео
21.06.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун маек болуптур! Супер!!!
21.06.2019. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок мн чырдашканда Анжеликаны жаман кордум эле. Аял катары эне катары эне болуп эми тушундум. Азаматсын менин башыма ушундай сыноо келсе которо алмак эмесмин. Кыйындыгынан ушул даражага жетти. Марат мнби ким мн болсо да эмки жашоосу чыныгы аялдардай бакытка балкып откорсун. Чынында жашоодо эркектер кокурок какканы мн аялдардан алсыз. Эркекти эркек кылган аял анан акырында желмогуз болуп калат. Пайгамбарыбыз (САВ)да артында Хадиче энебиз болгон. Эн негизгиси дин мн жашайлы
22.06.2019. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай ким билет ким билет...Амалы кучтуу бул аялдын.Карачы,комментчилердин башын бир заматта айлантты.Ха ха))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: