БИР БҮРКҮМ. АИДА САЛЯНОВА КАМАКТА КАЛДЫ...
№867 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
-

Өкмөттүн Чүй облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды. Буга чейин ал Аламүдүн районунун акими болчу.
-
Кыргыз Республикасынын Беларустагы элчиси кызматына Эрмек Ибраимов дайындалды.
-
Талас облусундагы Кыргыз-Казак чек арасынан 80 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып кирүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
-
Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайга кирүүдөгү босоголук чек 110 балл болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
-
"Манас" аэропортунун директору болуп Мурат Примбердиев дайындалды. Буга чейин ал директордун орун басары кызматын ээлеп келген.
-
Чуулгандуу «КТ Мобайл» компаниясынын жаңы директору болуп Мураталы Жакыпов дайындалды.
-
12-июнда Бишкек шаардык соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованы №1 тергөө абагында калтырды. Сот Биринчи Май райондук сотунун Салянованы 26-июнга чейин абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды.
-
12-июнда Кыргыз өлкөсүнө Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга расмий иш сапары менен келди.
-
Орусия Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттарына пенсия төлөмөй болду. ЕАЭБге Кыргыз Республикасы, Армения, Орусия, Казакстан жана Беларусь мүчө.
-
Баткен облусунун Самаркандек айылында каналдагы сууга түшүп кетип 3 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
- Кыргызстанда никелер эми атайын журналга катталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев билдирди.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2