БИР БҮРКҮМ. ЧЫГАРМАЧЫЛ ТОПТОН ТҮЗҮЛГӨН ФУТБОЛЧУЛАР МОСКВАДА...
№867 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
Шоумен жана алып баруучу Манас Алыкулов 10-июнда уулунун тушоосун кесип, той өткөрдү. Тойго кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү, жакындары, достору болуп 250 киши катышты.
-
Москва шаарында 8-июндан 16-июнга чейин шоу-бизнес өкүлдөрү, маданият ишмерлери арасында уюштурулган эл аралык Арт-футбол иш-чарасы өткөрүлүүдө. Кыргыз өлкөсүнөн таймашка ырчылар Адил Чекилов, Ырыскелди Осмонкулов, Тынай Алыбаев, Марат Ибраев, бийчи Атай Өмүрзаков жана башкалар катышууда.
-
Актан Рыскелдиев жана Мыктыбек Мукаев баш болгон күлкү жаратуучулар Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык "Жайдарман" фестивалына катышты.
-
30-июнда жана 1-июлда Каракол шаарынын 150 жылдыгына, Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгына карата "Ысык-Көлүм бабалардан мурасым, Караколум дастан болуп турасың" аттуу эл аралык айтыш сынагы өтөт.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0