Бир бүркүм. УКМКны ОРОЗБЕК ОПУМБАЕВ ЖЕТЕКТЕЙ ТУРГАН БОЛДУ...
№868 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
Жогорку Кеңеште экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев ант берип, кызматка киришти.
- Мамлекеттик «Манас жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» түзүлүп, Топчубек Тургуналиев президенти болуп дайындалды.
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты. Ага быйыл 43 440 окуучу катышып, алардын 62,2 пайызы босоголук чектен ашык упай алышты.
- Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Буга чейин ал УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.
- 2050-жылы Жер шарында калктын саны 9 миллиард 700 миллионго жетет. Ал эми Кыргызстандын калкы 10 миллионго жетиши мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун докладында айтылат.
- «Дастан» ишканасынын орусиялык «Трактор» компаниясы менен бирге чыгарган айыл чарба техникалары Өзбекстанга экспорттолору маалымдалды.
- Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата ачылган кылмыш иши токтотулду.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0