Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда аткезчиликке айыпталып, соттолгон Дамирбек Асылбек уулунун шериктештери деп шектелген эки адам Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, кармалгандар Казакстандын жарандары. Алар экономикалык аткезчиликке жана улуттар аралык уюшулган кылмыштуу топту түзүүгө шектелишүүдө. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мыйзамга ылайык, жогорудагы факт боюнча топтолгон материалдар кийинки чечимдерди кабыл алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, Дамирбек Асылбек уулу 2018-жылы Казакстандын Башкы прокуратурасы аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында жүргүзгөн операцияда кармалган. Кийин Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, өткөн жылдын 16-апрелинде депутаттык мандатынан ажыратылган. Андан соң Казак соту аны 10 жылга эркинен ажыраткан.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg