Мурдагы элчи Кылычбек Султан 2-июлда Кой-Ташка барып экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолуккан. Ал эми 3-июлда эртең менен УКМКнын опер кызматкерлери Кылычбек Султандын үйүнө барып, суракка чакыруу кагазын тапшырып кеткени белгилүү болду. 3-июль күнү УКМКга кирген экс-элчи 5 саат суракка алынды.
"Конкреттүү эмне иш боюнча чакырышканын, тилекке каршы, айта албайм, талап ошондой. Бир айтарым, бул бийликтин саясий куугунтугу экени түшүнүктүү. Эгер мындай аракеттерди жойбосо, Сооронбай Жээнбеков жана анын жан-жөкөрлөрү эртең эле дал ушундай саясий куугунтукка туш болушат",- дейт мурдагы элчи.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg