КТРКнын эфиринен "Көлөкө. Инвесторлордун мүлктөрүнө кол салган Атамбаевдин эң жакын адамдары" деген журналисттик иликтөө көрсөтүлдү. Анда президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы, жакында кылмышка шектүү катары кармалып тергөө абагына киргизилген Манас Арабаевдин мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө бергени көрсөтүлдү. Көрсөтмө сурак учурунда укук коргоо органдары тарабынан алынган.
“2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда Раиса Атамбаева бир нече жолу жолугушууну суранып талап кылды. Бул жолугушуулар болуп, экинчи инстанцияда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн”,- деди Арабаев.
Ошондой эле “мурдагы президенттин жубайы судья Жаркееваны кызматтан албоону жана ага тийишпөөнү суранган. Мындай тапшырма УКМКнын Алмаз Мааткасымов аттуу кызматкери аркылуу берилген",- деди суракта.
Журналисттик иликтөөдө инвесторлордун мүлктөрүн рейдерлик жол менен тартып алууга Атамбаевдин эң жакын адамдары аралашкан деп айтылып, Манас Арабаев тергөө менен кызматташып жатканы айтылды.
Атамбаевдин тушунда “соттордун Ак үйдөгү куратору” деп сындалып жүргөн Арабаев 1 ай мурун УКМК тарабынан кармалган. Ал “коррупция” боюнча айыпталууда. Арабаевдин көрсөтмөсү Раиса Атамбаевага олуттуу коркунуч жаратышы күмөн дегендер, “мына, карагыла, Атамбаевдин командасында кандай адамдар иштегенин, кандай адамдар өлкөнүн тагдырын чечкенин. Эгер нааразычылыгы бар болсо азыр эмес, ошол учурда ачык айтып чыгышы керек болчу” деп Арабаевди сындап жаткандар да болууда.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg