БИР БҮРКҮМ. ИСАКОВДУ КОРГОО ШТАБЫ ТҮЗҮЛДҮ...
№872 18-24 июль, 2019-жыл
Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён 17-19-июль күндөрү Бишкекте расмий сапары менен болот.
-
Экотуризмди өнүктүрүү максатында 28-июлда Ысык-Көл облусунун Тосор айылында "Алтын кум-2019" аталышындагы фестиваль өтөт.
-
2019-жылдын июль айына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард 75 миллион метр кубду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу суунун көлөмү 2 миллиард 2 миллион метр кубга аз.
-
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев оорудан улам 66 жашында каза болду.
-
Жогорку Кеңеш кызматтык Лексус-470 унаасын 254 миң сомго оңдойт. Бул маалымат мамлекеттик сатып алуу порталына илинди. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.
-
ИИМдин тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыялады.
-
2019-жылдын 6 айында республика боюнча 1346 өрт кырсыгы катталып, 26 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
-
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, учурда камакта жаткан Икрамжан Илмияновдун иши Бишкектин Октябрь райондук сотунда 31-июлда каралып баштайт.
-
Нарын облусунун Кочкор районунда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоо штабы ачылды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2