Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Күйөөсүнөн запкы көргөн аял: “5 БАЛАМ МЕНЕН КӨЧӨДӨ КАЛДЫМ”

№873 25-31 июль, 2019-ж


Кезектеги үй-бүлөдө кордук көргөн аялдын баяны. Кыргыз коомчулугунда аялдардын физикалык жана психологиялык жактан кордук көрүүсү адаттагыдай эле көрүнүш экендиги өкүндүрөт. Табиятынан чыдамкай келип, үй-бүлө үчүн, бала үчүн деп жашап келген аялдардын арасынан чыдамы чекке жеткенде суурулуп чыгып, башынан өткөн окуясын айтып берем дегендер редакциябызга көп кайрылышат.

“ЖАШООМДУ МЫНДАН АРЫ АЛ АДАМ МЕНЕН ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙ КАЛДЫМ”

Каарманыбыз Зияда Аширова (аты-жөнү өзүнүн өтүнүчү менен өзгөртүлдү) 5 баланын апасы. Ал үстүбүздөгү жылдын 5-июль күнү 5 баласын алып, күйөөсүнүн басымына чыдабай, ичимдик ичкенинин азабынан жадап үйдөн чыгып кеткен. Балдары 2 бөлүндү болуп 2 башка балдар үйүндө багылып жатат. Ал эми өзү азыр баш калкалоого жайы жок айласыз жүргөн чагы.

– Жолдошум экөөбүз 2010-жылы баш кошконбуз. Ал менин экинчи турмушум. Биринчи турмушка чыккан жерден бир бала менен ажырашып, 5-6 жылдай бой жүрдүм. Азыркы жолдошум менен жаңы таанышканда жоош, кой оозунан чөп албаган киши экенин жактырып тийгем. Ал мага “төрөп берсең эле болду” деген. Анткени мурдагы аялы буга кеңешпей боюнан алдырып салып, ошонун айынан ажырашып кетишкен экен. Акылдуу аял экен, муну менен жашай албасына көзү жетип, баланы жаратып алып тирүүлөй жетим калтырбайын деген окшойт да. Ошентип субай-салт, баласы жок ажырашып кетишкен экен. А мен эмне? Балалуу болсок болду дегенине сүйүнүп, каалоосун аткарып 3 кыз 1 эркек төрөп бердим.

Анда-санда ичимдик ичкенине деле кайыл болчумун. Бир күнү оңолуп кетер деген үзүлбөгөн үмүт менен жашай бердим. Бирок ичкенин таштаган жок, тескерисинче, күчөдү. Тили да ачуу, сүйлөсө уу тили алкымыңдан муунтат. Андан көрө көк ала кылып тепкилеп салса дейсиң. Бирок бир да жолу колу тийген жок. Ичет да, уу тилин агытып турат. Мени жакынкы дүкөнгө да жөн жибербей турган болду. Чыксам эле мени эркектер аңдып тургансып келгенде башты оорутуп узун кебин баштайт. Биринчи жолдошум кызыл камчы болгондуктан токмогуна чыдай албай ажырашкам. Экинчи күйөөм минтип кызыл тили менен “токмоктоп” кууратты. Көйнөк кийбе, сыртка чыксаң халат, башыңа жоолук салынып чык деп кыйнайт.

Таап келген акчасы эч нерсеге жетпей калчу. Кара жумушту дүкүлдөп кыйын жасайт, бирок иштеген жерлеринен акчасын өндүрө албай эле бекер иштеп жүрө берет. Мунун унчукпасын билип алган жумуш берүүчүлөр "эртең, башка күнү" деп тил эмизип жатып, акыры акчасын бербей коюшат. Мага сүйлөгөндөй сүйлөп, иштеген жумушунун акысын өндүрсө кана? Чоочун адамга өтүмү жок, ушундай киши.

“ТАЛААДА УКТАП ЖАТСАК МИЛИЦИЯ КЕЛИП БАЛДАРЫМДЫ АЛЫП КЕТТИ”

– 5-июль күнү дагы ичип келди. Кезектеги уруш, мээге чай кайнатып баштады. Акыры чыдабай 5 баламды жетелеп көз көргөн жакка жөнөдүм. “Дордой” базары тарапта батирде турабыз. Элебесов көчөсүнө чыксам жол жээгинде дарбыз саткан дыйкандар турушуптур. "Канчага чейин болосуңар" десем түнкү саат 2ге чейин соода кылабыз дешти. Кайда барарымды билбей ошолорду караан тутуп, айланчыктап жүрдүм. Ал арада мага Динара деген келин боору ооруп жаныбыздагы ашканадан тамак алып берип, балдардын курсактарын тойгуздук. Түн кирди, дарбыз саткандар суюлуп кете башташты, кафе дагы жабылып, жарыктарын өчүрдү. Бизди баятан бери байкап турган окшойт, кафенин ээси басып келип, чөптүн үстүндө уктап жаткан балдарымды көрүп милицияга чалды. Аңгычакты алар келишти. 3 баламды балдар үйүнө убактылуу жайгаштырабыз деп алып кетишти, мага баш калкалоочу жайдын дарегин беришти. Жерге жарык киргенде Фучик көчөсүндө жайгашкан аялдар баш калкалоочу жайга 3 жашар жана 11 айлык эмчектеги кызымды көтөрүп алып бардым. "Ремонт жүрүп жатты эле" деп жатып акыры мени киргизишти. 7-8 күндөй эмне кыларымды билбей эле ошол жерде жашап жаттым. Ысык да бир жагынан өчөшкөнсүп күчөдү го? Көпчүлүк жүргөн жайда кыздарым тердеп, жуунбай, денелери кычышып, эмчектеги кызымдын денеси бышарып кетти. Акыры чыдабай кайра үйгө келдим. Кирсем күйөөм жок экен, балдарды жуунтуп, сергитип, курсактарын тойгузуп күйөөмө чалдым. Балдарды кара, сенин дагы балдарың, мен батир таап бир жаңсыл болгончо сенде болуп турушсун. Мен жумуш таап иштейм дедим да, экөөнү таштап чыгып кеттим.

“ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ТОП ТАШТАЙ ЧАЧЫРАДЫ”

– Ага чейин бизди Свердлов райондук социалдык кызматкерлер чакырган. Күйөөм, балдар боюнча иш алып барган милиция кызматкерлери, 5 балабыз болуп чогуу Свердлов райондук акимчилигинде жолуктук. Мен ал жерден күйөөм менен жашай албасымды, балдарымды өзүм жалгыз багып аларымды айтып, ажырашам деп ыйладым. Ошол жерде психолог аял бар экен. Ал менин абалымды көрүп эле "бул аябай психологиялык басымга туш болуптур. Абалын түшүндүрө албай калыптыр" деди. Мен чындыгында эмне дээримди билбей эле сөз таппай ыйлай бергем.

Ошондон кийин күйөөмө балдарды таштаганы барганда жолукмак болдум, бирок аны көргүм келбей, эки кызымды таштадым да, үйдүн арты менен айланып баш калкалоочу жайга качып келе бердим.

Бир күнү башта бизди дарбыз саткан жерден келип алып кеткен милиция кызматкерлери телефон чалып калды. Алар мага күйөөмдө калган 2 кызымды да алып балдар үйүнө жайгаштырганын айтышты. Балдарым кайда экенин билүү үчүн социалдык кызматкерге байланыштым. Анын айтымында, күйөөм мас абалында 3 жаштагы кызымдын үстүндө майкасынан башка кийими жок, 11 айлык кызымды жылаңач боюнча коляскага салып алып сүйрөп жүргөн жеринен милицияга жолугуп калган экен. Алар балдарды алып, анан мага байланышыптыр.

Ошентип топ таштай чачырадык. Мен жаңы эле 2000 сомдук батир таап, балдарымды чогултуп алайын деп жатканда 2 кызым дагы башка балдар үйүнө түшүп калышыптыр. 14, 8 жаштагы 2 уулум жана 5 жарым жаштагы кызым үчөө багылып жаткан балдар үйүнө барып жолугуп келдим. Социалдык кызматкерлер жакшы карап жатышыптыр, рахмат. Берки 3 жашар жана 11 айлык кызым багылып жаткан балдар үйүнө барсам, сени ээрчип ыйлашат деп көрсөтпөй коюшту. Буюрса, баарыбыз чогула турган күн алыс эмес чыгар.

Учурда жардамдын бардык түрүнө муктажмын. Колумдан келген ишти кыла берем. Бирөөнүн ажатканасын жуусам да, талаасында иштесем да, айтор, эмне жумушу болбосун жасап, балдардын нанын табууга кудуретим жетет. Бир гана элимден жардам сурайм...

“КОМИССИЯНЫН ЧЕЧИМИ МЕНЕН ГАНА БАЛДАР ЭНЕСИНЕ БЕРИЛЕТ”

Зияда Ашированын балдары тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаарындагы Свердлов районук кызматынын кызматкери Мукадат Мавлянова буларга токтолду:

– Үй-бүлө тууралуу маалымат Свердлов РИИБинин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери аркылуу келген. Учурда жубайлардын балдары мамлекет тарабынан камкордукка алынып жаткан учуру. Биз үй-бүлөлүк чыр-чатакка кийлигише албайбыз. Чоңдор өз көйгөйүн өздөрү чечиши керек. Алар социалдык абалын жана үй-бүлөдөгү маселелерин турукташтырып алганча балдарды 6 айга чейин балдар үйүндө багып турабыз. Качан гана балдардын атасы же энеси аларды алуу үчүн бизге арыз менен кайрылса, атайын комиссия түзүп, алардын үйүнө барып жашоо-шартын текшерип, анан комиссиянын чечими менен балдарды өткөрүп беребиз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
29.07.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоосу азап экен.
29.07.2019. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чынында күйөсүнөн запкы тарткан кыз келиндер толтура экен. Аялдар ушундай нерсени өздөрү жашырат. Аялдын жумшагын эркек пайдаланат. Бекем болуш керек. Канчалык аялдар башын жерге салып жашоо өткөргөн сайын, кулга айлана баштайт.
01.08.2019. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sinej,Бул аял деле ташбоор экен ,эркеги мас болсо кантип боор этинен чыккан наристелерди маска таштап кетип калат?Зордуктап салса не болот?Ал да очошуп кочого таштап кетсе эмне болот.Эне журогу кантип чыдап таштады
29.07.2019. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Халат кий жоолук салын десе туура эле айткан.Эми ошол майдачыл экенине эле ажыраша берсе болмок беле ?Адамдар жаман үйрөндү элден жардам сурап балдарын таштап үйүн айланып качып тообо.
29.07.2019. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эки кичинекей кызын ичкен куйоосуно коркпой кантип таштайт.
29.07.2019. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
11 айлык кызын кантип чыдап таштап кетет тооба кылдым.Аял да аппак эмес экен.
29.07.2019. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
nazi25,ушуну менда жазайын дедим эле журогу жок немего
29.07.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир эрден чыгып, экинчи куйоого тийгенде ойлонуш керек. Ушуга окшогондор, "Балдардын озунун бактысы бар деп" торой беришет. Байкуш балдар же курсагы тое тамак жебейт, же ойнобойт, азартуу балалыкты баштап кечирет. Энелердин жоопкерчилигин караш керек.
29.07.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озу деле куноолуу экен.Ойлонбогон неме экен.Ким эле жыргап атыптыр,биртке ойлонуп торош керекго азыры заманда.Тем более экинчи турмушта.1 балам менен журом 10 жылдан бери бир жакшына жашап.Жакшы куйоодон аял кетпейт.
29.07.2019. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Устанын акысын мандайындагы териси кургай электе бериш керек,куйоосун иштетип акысын бербегендер акмак адамдар экен,иштетип акчасын бербегени кулдай эле мамиле кылганы да.
29.07.2019. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
11 айлык жана 3 жашар кызын таштаганын элестетип жүрөгүм ооруду, бул келинде мээрим бар бекен. Тем более ичкен кишиге кантип таштадын, ойлондунбу?
30.07.2019. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне десенер ошо дегиле, куноонун баары аялдын озундо экен. Коп соз жазгым келип атат, бирок убакыт жок.
30.07.2019. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чымчыктын да уясы бузулбасын
31.07.2019. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл бере берет турбайбы деп эле сурай беришет окшойт
31.07.2019. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эч ким тушунбойт кимдин жашоосу кандай экени,биз билбейбиз алардын жашоосу кандай болгону, биз билгенибиз АЯЛ ЧЫДАСА БОЛМОК, ЖАШАСА БОЛМОК,БАЛДАРЫН ОЙЛОСО БОЛМОК. А эркекчи? Бизде эмне болсо да аял куноолуу,аял антиш керек болчу минтиш керек болчу... Мына ушул нерсе мээбизге синип калган.
31.07.2019. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ба́арына эле аял куноолу эмес бала тороткондон кийин багыштыда билиш керек оз уй булоосун моральдык жана материал дык жактан камсыз кылып турса ичмек тугул урсада чыдайт аял
01.08.2019. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким күнөөлүү экенин билбейм го, 2 кичинекей кызды күйөөсүнө таштаганын эч түшүнө албай жатам. КЫЗ БАЛА болсо, ичкич күйөөгө кантип таштайт. Баса элек баланы эркек кантип карайт.
02.08.2019. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиси макул урат экен ага чыдаш кыйын ,экинчиси м.н неге ажырашты десен урбаса ,жаман сөз жабышып калбаса керек эле,өзүндү ойлобой 5 баласын ойлосо болмок,балдар ата-энеси м.н бактылуу болмокта, чем балдар үйүнөн караганда,3 жашар ж.н 11айлык кызы бир күндө ата энесин көрбөй сагынып жатышкандыр бечара бөбөктөр
Sumaia92 түзөттү 2019-08-02 15:27:39
03.08.2019. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sumaia92,алкаштан жинди качып кутулуптур деген сөздүн маанисин түшүнөсүңбү?
05.08.2019. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sajakat14,алкаштан качтым деп эми не болду ,өзүгө жашай берет ,балдары чачырап ар жерде калдыго эми
03.08.2019. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайда барсан мамайдын кору дегендей баардык жерде туйшук бар жакшы жашоону бироо куруп бербейт ар ким озу аракет кылыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: